Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Кыргызстандык журтташыбыз Жалалидин Жээнбай жакында эле АКШдагы Рожерс мамлекеттик университетинде чоң сынакты утуп, туруктуу жумушка (tenure) ээ болду жана профессор наамын алды.

Кыргызстандык журтташыбыз Жалалидин Жээнбайдын бешенесине мындан беш жыл мурда “жашыл карта” буюруп, АКШга кеткен. Учурда үй-бүлөсү менен Оклахома штатында жашайт. Ал Кыргызстанга келгенде "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Жалалидин Жээнбай: Кыргызстандын билим берүү системасы азыр абдан чоң проблемаларды башынан өткөрүп жатат. СССР убагында дүйнөдөгү эң мыкты, өтө натыйжалуу деп эсептелсе, азыр эң төмөнкү деңгээлде. Бирок кандай гана система болбосун, анын өзүнүн өнүккөн, өрчүгөн мезгили болот. Апогейине жетип, кайра төмөндөйт... Совет учурунда мектептер абдан күчтүү болчу. Мектеп күчтүү болбосо жогорку окуу жайлардан мыкты натыйжа күтүп болбойт. Аны иш жүзүндө көрүп жатабыз. Бизде эле эмес, Орусияда да ошондой болууда.

Экинчиден, окуучуларды университетке тандоо өтө чоң мааниге ээ. Сынак адилет өткөндө гана система мурдагыдай, совет кезиндегидей жакшы иштейт. Бизде азыр жакшы болбой калды.

Үчүнчүдөн, керек болгон кадрларды жайгаштыруу. Мурда бүтүрүүчүлөрдүн барар жери белгилүү болчу. Өнөр жай иштечү.

Үй-бүлөсү менен.

Үй-бүлөсү менен.

“Азаттык”: Анда кайсы системаны негиз кылып алуу керек? Американынбы, Европанынбы, Кытайдынбы?

Жалалидин Жээнбай: Сөзсүз түрдө Американын да билим берүү системасындагы өрнөк болуучу жактарын алуу зарыл. Туурап жатат же дагы башка деген сөз болбошу керек. Анткени муну дүйнөнүн бүт бардыгы кылып жатат.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстанга келип иштеп калсаңыз, мүмкүнчүлүк түзүлсө реформаны эмнеден баштайт элеңиз?

Жалалидин Жээнбай: Реформа мектептен эмес эң оболу жогорку окуу жайдан башталышы керек. Эсиңиздерде болсо, мурда мектептин билимин жогорку окуу жайлар системасы текшерчү. Азыр алар бул функцияны аткарбай калды. Жогорку окуу жайларда билимдүү балдарга талап жок болгондуктан мектептерде сапат түшүп кетти. Анын үстүнө университеттердин максаты жок. Ошол максатты ченөөнүн методикасын иштеп чыгуу керек.

“Азаттык”: Демек, Кыргызстанда окуу жайлардын көбү максатсыз иштеп жатат деп эсептейсизби?

Жалалидин Жээнбай: Максатсыз иштеп жатат десек, эң туура аныктама болот. Американын окуу системасында университеттер студенттерге кызмат кылат. Ар бир окуу жайдын веб-сайтын ачып көрсөңүз эн биринчи миссиясы жазылат. Болгон аракеттин баары ошол миссияны аткарууга гана жумшалат.

“Азаттык”: Кесип тандоо жагын кандайча салыштарсыз? Анткени Кыргызстанда өзүнө жакпаган кесипти тандап окуп, кийин жумушсуз калган же таптакыр башка кесиптин ээси болуп иштеп жүргөндөр арбын эмеспи...

Жалалидин Жээнбай: Кесипти тандоо дайыма ар кайсы коомдо чоң проблема болгон. Америкада да бул чоң маселе. Ал жакта мектепте да көп сабакты тандоо жолу менен алышат. Ошону менен баланын мектепте эле кайсы сабакты жактырары, кайсы багытты тандай турганы белгилүү болот. Ошондуктан алар кийин кесип тандоодо көп кыйналбайт.

Американын университетинде эч качан кандайдыр бир кесип алуу үчүн окууга тапшырбайт. Бир-эки жыл окугандан кийин гана кесип тандашат. Биолог болгусу келсе адегенде биологияны же багыттоочу сабактарды окуп көрөт. Ал жакпаса, тандабайт. Биздин системада мындай мүмкүн эмес. Ошондуктан кесип тандоо проблемасын чечүү үчүн биз сөзсүз түрдө фундаменталдуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек.


“Азаттык”: Азыр мектепте балдар сабакка кызыкпай калды, окубай калды деп айтылып жатпайбы. Анын себебин эмнеден көрөсүз?

Жалалидин Жээнбай: Себеби окуучулардын билимин баалабай калдык да. Эгер билимди сурабаса, анын баалуулугу жоголот.

“Азаттык”: Америкага баргандан кийин жашооңузда эмне өзгөрдү?

Жалалидин Жээнбай: Жашоом күрөшкө айланды. Жашап кетүү үчүн күрөш... Америкада эч ким эч кимди күтпөйт, ал эркин мамлекет. Ар бир адамды коргойт, өзүңдү коопсуз сезесиң. Бирок бул дене-боюңдун гана коопсуздугу.

Профессионалдык коопсуздукту өзүң гана аракет кылып камсыз кыла аласың. Бардык жерде сынак аркылуу, системага кирип жеңип чыгышың керек деген абалда болуп калдым. Эгер жеңип чыкпасам ишсиз калам. Мен ошол системада жүргөн адамдар менен орун талашып, сапаттык баалуулугумду көрсөтүп, ишендирип, далилдешим керек. Америкада бир мүнөттө эле ишиңен айрылып калышың мүмкүн. Эгер туура эмес иштесең профсоюз да жок, жумушсуз кала бересиң.

Университетте иштөөнүн эки жолу бар: убактылуу жана туруктуу. Туруктуу жумуш алганга чейин жети жыл иштеш керек. Андан кийин сынактан өтсөң ал жумуш сага өмүр бою берилет. Качан каалаганда кетесиң, 90 жашка чейин иштесең да болот. Эгер бул сынактан өтпөсөң анда университеттен кетиш керек. Бир жерден сынактан өтпөй калды деп, башка жакка жумуш издеп баргандардын позициясы начар деп бааланат. (Биздин журтташыбыз Жалалидин Жээнбай жакында өз позициясын жогорулатып, өзү белгилегендей, туруктуу жумушка ээ болду. – авт.) Сынак абдан чоң. Бир орунга 100дөн 300гө чейин адам.

“Азаттык”: Студенттер же окуучулар мугалимди өздөрү тандаса ошондо сапат жакшы болот эле, мугалим өзү да сабакты кызыктуу, түшүнүктүү өткөргөнгө аракет кылат деген түшүнүк бар. Буга оюңуз кандай?

Жалалидин Жээнбай: Башында мен айткандай, университеттин миссиясы - студентке кызмат кылуу. Демек анын пикирин угуш керек. Окуу жайды студенттер өзүнүн пикири менен мугалимдин позициясына таасир эте турган кылып уюштуруу керек. Сурамжылоо, анкета толтуруу аркылуу студенттер окутуучуга таасир этет.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандын окуу жайларында да иштегенсиз. Америкалык студенттер менен иштешүү оңойбу же кыргызстандыктар мененби?

Жалалидин Жээнбай: Менимче, америкалык студенттер кандайдыр бир тартиптик даярдык менен келет. Ал жерде оозеки экзамен жок. Бардыгы жазуу түрүндө болот. Мен өтө көп экзамен берем - бир семестрде бешти. Андан сырткары ар бир сабакта чакан экзамендерди тапшырып турушат. Кошуна отурган студент бири-биринин дептерине баш багып карабайт. Бул өтө катуу тартип, бирөөнүн жазганын караган чөнтөгүнө кол салган менен барабар. Ал өтө жаман бааланат жана ошол адам коомдо өз кадыр-баркын дароо түшүрүп алышы мүмкүн.

“Азаттык”: Сиз экономист экенсиз. Кыргыз экономикасы азыр кыйын акыбалда турат. Аны кантип көтөрүү керек?

Жалалидин Жээнбай: Биздин буга чейинки экономикалык, маданий жана социалдык жашоо тажрыйбабыз азыркыдай базар шартындагы жашоого, ар бир адам өзү үчүн жоопкерчилик алууга даярдаган жок. Биз ошол оор процессти өтүп атабыз. Азыр адамдар өзүнүн жыргалчылыгы үчүн өзү жоопкер экенин түшүнө баштады. Бул экономиканын өнүгүүсү үчүн пайдубал десек болот.

Ар бир элдин өзүнүн тажрыйбасы болот, ар бири өзүнчө баалуу. Бирок баалуулугу кырдаалга жараша ар түрдүү болот. Азыркы кырдаал бизден эмгекчилдикти, тез үйрөнүп кетүүнү, бири-бирине жылуу-жумшак, сылык мамиле кылууну талап кылат. Биз аны көп учурда түшүнө бербейбиз. Ошол нерсе коомдун өнүгүшүнө күчтүү, натыйжалуу таасирин берет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG