Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Ошурахунова: Сынактан билимдүүлөр гана өтөт


Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кызматкерлерди тандоо сынагынын жүрүшү тууралуу тандоо комиссиясынын мүчөсү, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова маек курду.

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына сынак канчалык таза өтүп жатат?

- Сынактын биринчи этабы өтүп жатат. Бул этапта арызын берген талапкерлердин баары компьютердик тестирлөөдөн өтүп жатышат. Ачык айкындыгын массалык маалымат каражаттары деле көрсөттү болуш керек. Сыналгыдан да көрсөттү. Анткени биз бардык талапкерлерди биринчи күнү чакырып, тестирлөөнүн жол-жоболорун айтып бергенбиз.

Компьютердик тестирлөө эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өтүп жатат. Мен сыймыктанганым - мындай тестирлөөнүн программасын даярдап чыккан көп эле адистер бар экен. Анткени буга чейин тестирлөөнү өткөрө алабызбы, Кыргызстанда ушундай мүмкүнчүлүктөр барбы деп кабатырланып жатканбыз. Көрсө бизде андай адистер көп эле экен. Бизде окуу жайлардын да ушундай мүмкүнчүлүгү бар экен.

Компьютер деген достук, туугандык дегенди түшүнбөйт экен. Ал болгону адамдын билимин сурап, ал билимин баалап берет экен. Азыр бул сынак туура эмес деген көп сөздөр болуп жатат. Жок, компьютердик сынак аябай чоң шарт түзүп берди. Буга чейин Каржы полициясы өңдүү органдарга дайыма тууганчылык, тааныштык менен келип жатат деп канча жолу укчу элек.

Азыр бул жерде акча бергенге болбойт. Кимге берет? Компьютерге береби? Комиссияга бермек беле? Комиссия деген өзү суроо түзгөн жок. Суроолорду көз карандысыз адистер түзүп, ар бир топ өзгөчө иштеп, жоопторунун башка жерге чыгып кетпеши үчүн бүт аракет жасалды. Алар чынында эле ошондой болду. Сынакта чындап эле билими бааланды.

- Сынактан бир катар депутат, министрлердин жакындары өтпөй калды деп кабарланды. Ошентсе да бийик даражалуу адамдар сынактын жүрүшүнө кийлигишүүгө аракет кылды деген кеп бар? Бул чынбы?

- Комиссиянын айрым мүчөлөрүнө телефон чалуулар болуптур. Бирок чалуулар болгондо деле компьютердин ишине кийлигишүүгө болбойт. Ошондуктан комиссия мүчөлөрү бири-бирибизди көзөмөлдөп, “бул реформаны жасабасак, анда уят эле болобуз”,-деп убада беришкенбиз.

Албетте тууганчылык жол аркылуу өзүнүн адамдарын кызматка алып келгенге чоңдор көңүп калган да. Андай мүмкүнчүлүктөрдү биз азайттык. Балким алар өтпөгөнү үчүн нааразы болуп, ушуну саясатка аралаштырып жатат.

- Саясат демекчи, айрым депутаттар өкмөт башчынын Каржы полициясын жоюп, жаңы кызмат ачканга укугу жок болчу деген пикирлерди айтып жатышат. Жаңы кызмат жана бул сынак саясий тирешүүгө, же саясий кызыкчылыктарга айланып кетпейби?

- Биз сот тандоо жараянын көрүп жатабыз. Саясий киришүү болгондо эле реформанын баары токтоп калат экен. Реформа деген бат өтүшү керек. Эгерде бат өтпөсө, ал реформа болбой калат. Башында биз тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, депутаттарды чакырып жатканда бирөө да келбей койгон. Анан жараян башталганда, булардын достору, туугандары өтпөй калганда көңүл бура баштады.

Өкмөт комиссиянын алдына Каржы полициясын кайрадан уюштуруп чыгуу деген максат койгон. Ошол Каржы полициясында таза адамдар ишенбегендиктен ал кызматкерлердин татыктууларын тандайбызбы, же булардын баарын кетирип туруп, кайра баштан тандайбызбы деген маселе турду. Биз экинчи жолду тандадык. Баарын чыгарып туруп, тең шартта, билимдүүлөрдү тандоо чечимине келдик.

- Азыркы сынакка мурдагы Каржы полициясынын кызматкерлери да катышып жатыптыр. Жаңы кызмат натыйжалуу иштеши үчүн жамаат канча пайызга жаңыланышы керек?

- Пайыз менен айта албайм. Ал жерге билимдүү жана таза адамдар келиши керек. Эгерде комиссиянын иши боюнча жарандык коомдон арыз келип түшсө, алардын ар бирин караштырабыз. Бизде билимдүү адамдар көп эле экен. Биз баалабайт экенбиз. Кызматка ушундай адамдарды алуу керек.

- Мындай сынакты башка мекемелерге кызматкер алууда колдонсо болот бекен?

- Бул ыкманы колдонуу зарыл. Анткени ушундай зарылчылык бар. Эгерде биз жалгыз эле бир органды жаңылап, жаңы багыт жана жол менен түзүп чыксак, бирок башка органдарда коррупциялык механизм иштей берсе, анда таза орган иштебей калып, кайрадан коррупцияга айланат. Ошондуктан бүт мамлекеттик кызматкерлер ушундай кеңири сынак менен алынышы керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG