Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Коомдук телеканалдын жетекчиси жакында тандалат


КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин жыйынында, 9-октябрь 2010-жыл
КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин жыйынында, 9-октябрь 2010-жыл

КТРК жетекчисин тандоо сынагы 30-ноябрь жана 1-декабрда өтүп, жеңүүчүнүн ысмы 3-декабрдан кеч калбай жарыяланат.

25-ноябрда Коомдук телерадио компаниянын башкы деректирлигине талапкер болгон 18 адамга суроолор камтылган бизнес тапшырма (кейс) берилди. Алты бөлүм суроолордон турган бул кейсте телерадиону коомдук кылып реформалоо, журналистиканы өнүктүрүү, материалдарынын мазмунун жакшыртуу, жамаат менен иштөө жана каржы, юридикалык, техникалык маселелерди чечүүгө байланыштуу тапшырмалар жазылган. Алсак, “КТРКнын бир жылдык каражатын кантип бөлүштүрүү керек? Санариптик берүүгө өтүү жолдору кандай?” өңдүү суроолор тапшырмалардын негизин түзөт.


Сынактын катышуучуларына талап жана шарттар бирдей

Сынакка катышкандар суроолорго конкреттүү сунуш жана план менен жооп берип, телерадиону алдыга жылдыруучу алгылыктуу реформаларын жактап бериши керек. Ал түгүл ар бир талапкер өзүнүн үч орун басарынын ким, кандай адам болоорун билдириши талапка ылайык.

Байкоочулар кеңешинин төрайымы Элвира Сариеванын "Азаттыкка" билдиришинче, сынактын катышуучуларына коюлуп жаткан талаптар буга чейин өткөрүлгөн сынактан кыйла айырмаланып турат:
Элвира Сариева

- Ушул конкурсту өткөргөнгө чейин биз менеджмент боюнча, медиа боюнча адистер менен көрүшүп, анан УТРКнын жамааты менен көрүшүп, башка өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугуштук. Негизги жаңы критерийлерди тактап туруп, анан ар бир талапкерге суроолорду бердик. Анан ошол суроолор боюнча ар бир талапкер жазуу жүзүндө жоопторду даярдап туруп байкоочу кеңешке берет. Андан тышкары презентация даярдайт.

Талапкерлерге берилген бизнес тапшырмада жалпысынан телерадиону коомдук кылып реформалоонун жолдору суралат. Жооптор дагы телерадионун коомдук болуп, кайра түзүлүшүнө ылайык келиши керек. Башкы деректирликке белсенгендерден мыктысын тандоодо талапкерлердин бизнес тапшырмага берген жооптору чечүүчү болуп саналат.

КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов кандай талапкерлерге артыкчылык берилерин мындайча ачыктап өттү:
Жыргалбек Касаболотов

- Эң негизги критерий кейстин суроолоруна берилген жооптору. Өзүнүн презентация кыла билүү жөндөмү. Албетте андан башка да критерийлер болушу мүмкүн. Мисалы, жамааттын арасында кадыр-баркы кандай, же болбосо тажрыйбасы кандай, деген сыяктуу. Аны эми биз өз алдынча талкуулоо аркылуу чечебиз. Эң негизги критерий кейстин суроолоруна канчалык сабаттуу жооп бере ала турганы.

КТРКнын жетекчисин тандоо боюнча алгачкы сынакка салыштырмалуу бул жолку сынакта ар бир талапкерге бизнес тапшырма аркылуу бирдей шарт түзүлөт. Ошол эле учурда катышуучуларга бирдей санда суроо берилип, бирдей убакыт бөлүнөт.

Мына ушул сынакка ат салышып жаткан 18 адамдын он бири буга чейинки сынакка катышкандар, калган жетөө жаңы кошулгандар. Натыйжада башкы деректирлик үчүн А. Адамалиев, Б. Дюшалиев, У. Исакбеков, Б. Казаков, А. Кадырова, Ж. Камчиев, У. Көлбаев, Д. Мамбетөмүров, Э. Мамырканов., К. Оторбаев, И.Садыков, А. Сатаров, Б. Сарыгулов, А. Султанбаев, Ө. Сатаев, К. Досумбетов, Б. Бекешов, С. Акматовдор ат салышууда.


Байкоочу кеңештин мыйзамдуулугунан кооптонгондор бар


25-ноябрдагы жыйында талапкерлердин бир катары, Байкоочулар кеңеши Убактылуу өкмөттүн декрети менен иш жүргүзүп жатканын айтышып, "жаңы шайланган Жогорку Кеңеш КТРКнын жетекчисин кайрадан тандоо демилгесин көтөрүп чыкса эмне кылабыз", - деген кооптонууларын билдиришти. Мындан улам талапкерлердин бири Дүйшөналы Мамбетөмүров сынактын жыйынтыгында ким башчы болсо да, Байкоочулар кеңешинин чечими акыркы болуп калышы керек деген пикирде:

- Азыр парламент жаңы түзүлүп жатат. Өкмөт жаңы түзүлүп жатат. Ошол жерден бир өзгөрүү болуп кетпеш керек. Демек ушундай элге-журтка жарыяланган конкурс өзүнүн күчүнө аягына чейин ээ болушу керек. Ошондуктан кеп байкоочу кеңештин ыйгарым укуктарында, булардын өздөрүндө эмес. Булардын ар бири жеткиликтүү, медиа каналдарда иштеп келген, журналистиканы жакшы билген адистер экендиги көрүнүп турат. Бирок булардын кабыл алган чечими акыркы чечим болуп калыш керек.


Өз кезегинде байкоочулар кеңеши сынакка келбегендердин талапкерлиги жокко чыгарылаарын да эскертип өттү. Натыйжада талапкерлер бизнес тапшырмага жооп берип, 28-ноябрга чейин тапшырышы абзел. Байкоочу кеңеш талапкерлердин жоопторун карап чыгып, 30-ноябрь жана 1-декабрда оозеки сынак уюштурат. Анда ар бир талапкерге бир саат убакыт берилип, анын он беш мүнөтү талапкердин даярдап келген докладына, калган убакыт суроо-жоопко бөлүнөт. Андан соң 15 кишиден турган Байкоочу кеңеш жабык түрдө добуш берип, 3-декабрга чейин КТРКнын жетекчисин ким болгонун жарыяламакчы.

Коомдук телерадио компаниянын жетекчисин тандоо экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Алгач Коомдук телеканалдын жетекчилигине адегенде 22 киши дараметин сынашкан. Биринчи айлампада 20 киши тандалып, экинчисинде төртөө калган. Алардын ичинен Илим Карыпбеков көпчүлүк добушка татыган эле. Ошол эле учурда байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктар жаралган. Натыйжада И. Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган.

Байкоочу кеңеш болсо бул сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тарта жаңы сынак жарыялган болчу.
XS
SM
MD
LG