Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Маданиятты ыкшоолук артка тартат


Бишкек. Эгемендик майрамынын урматына өткөн концерт. 31-август, 2015-жыл

Бишкек. Эгемендик майрамынын урматына өткөн концерт. 31-август, 2015-жыл

Кыргызстандагы чыгармачыл адамдардын башын кошкон жети союз өзүнчө конфедерация түзүп, анын башчысы кылып Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловду шайланды.

Конфедерация чыгармачыл адамдардын социалдык, интеллектуалдык, эмгек укуктарын коргоо жана маданият менен искусствону өнүктүрүүнүн бирдиктүү бир стратегиясын ишке ашыруу максатын алдыга койду.

“Азаттыктын” кезектеги таңкы талкуусу мына ушул чыгармачыл бирикмелердин жаңы түзүмүнө арналды. Талкууга конфедерациянын төрагасы Акбар Рыскулов, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов жана “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редактору, акын Нуралы Капаров катышты.

“Азаттык”: Акбар мырза, чыгармачыл союздардын конфедерациясын түзүүгө кандай зарылдык түрткү берди? Бул Журналисттер союзун кайра түзөбүз, эски союзду таркатабыз деген демилгеден кийин коргонуу максатында түзүлгөн жокпу?

Акбар Рыскулов: Жок, Журналисттер союзу мурдатан келаткан, салтка айланган өз тарыхы бар чыгармачыл уюмдун бири. Ал эми мындай уюмду түзүү идеясы мурдатан бери эле талкууланып келе жаткан. Быйыл тарых жана маданият жылы деп жарыяланды, Демек, бул жыл чыгармачыл адамдарга жана уюмдарга түздөн-түз тиешелүү. Ошон үчүн биз дагы ишти жандандыруу үчүн бир багытта бололу деген ойго келдик. Себеби, чыгармачыл уюмдар мурдагы ыкшоо калыбында тура берсе өнүгүү болбой калчудай. Чыгармачыл союздардын максаты да, мүдөөсү да бири-бирине төп келет. Себеби, баарынын милдети биригип чыгармачылыкка кызмат кылуу эле. Ал эми чыгармачылыктын өзөгүн адабият түзөт. Ошондуктан быйылкы маданият жана тарых жылында эмне иштерди аткарабыз, мамлекет башчысы түзгөн кеңешке кандай жардам жана өзүбүзгө кандай жигер бере алабыз деген максат менен түзүлүп отурат.

Чыгармачыл адамдар жеке демилге менен ар кандай клубдарды, бирикмелерди түзө берсе болот, бирок жанын бага албайт. Чет мамлекеттерде мындай уюмдарды байлар түзөт.

“Азаттык”: Фархад мырза, конфедерация чыгармачыл адамдардын социалдык, интеллектуалдык, эмгек укуктарын коргоо максатын алдына коюп жатат. Демек, чыгармачыл адамдар укуктарын коргоого муктаж. Ушул жагдайдан алып караганда, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюмду түзүүнүн зарылдыгы бар деп эсептеп, колдоо көрсөтөбү?

Фархад Бекманбетов: Чыгармачыл союздар конфедерациясын түзгөндүгүнө каршы эмеспиз жана бирдиктүү иш алып барганга даярбыз. Анткени, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга чейин эле ар бир чыгармачыл союздар менен иш алып барган. Конфедерациянын бирдиктүү иш алып баруу демилгесин министрлик колдойт.

“Азаттык”: Нуралы мырза, конфедерациянын алдына койгон максаттарынын бири чыгармачылыкка байланышкан мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик актыларды түзүүгө катышуу деп белгиленди. Мындай максатты ишке ашырууга Жогорку Кеңештин көмөгү кандай болот жана чыгармачыл союздар менен кандай иштеши керек деген ойдосуз?

Нуралы Капаров: Мен кандай иш алып барарын жакшы түшүнө албайм, себеби жаңы гана угуп жатам. Ал эми чыгармачыл союздар деген СССР мезгилинде түзүлгөн жана жазма адабияты жок көчмөн элдердин өсүүсү үчүн өтө зор кызмат кылган. Төрт класстык билими бар акын-жазуучуларды ушул чыгармачыл союздар жетелеп атып, чоң жазуучуга айлантты. Ал эми демократиялык мамлекет дегенде айланып келип эле мындай уюмдардын жашашы акчага келип такалат экен да. Алардын жашашы мамлекеттин камкордугуна байланыштуу болуп калат. Чыгармачыл адамдар жеке демилге менен ар кандай клубдарды, бирикмелерди түзө берсе болот, бирок жанын бага албайт. Чет мамлекеттерде мындай уюмдарды байлар түзөт. Азыркы кризис учурунда мамлекеттин акча бөлүшү кыйын. Бирок тарых жана маданият жылында жардам берели деген демилгенин өзү жакшы.

Булак сыяктуу пайда болгон азыркы жаш таланттарды кантип өстүрөбүз деген маселени коюп жатабыз. Жаш таланттар өсүшү керек, себеби, аларды такшалткан чыгармачыл мектеп жоголуп, өздөрү менен өздөрү болуп жүрүшөт. Алардын дагы башын кошуу керек.

“Азаттык”: Акбар мырза, уюм маданият менен искусствону өнүктүрүү боюнча бирдиктүү стратегияны даярдоо жана ишке ашыруу деген зор максатты алдыга койду. Стратегиянын долбоору качан кабыл алынат жана анын башкы багыты эмне болот?

Акбар Рыскулов: Менин оюмча, маселени каражаттан баштоо туура эмес. Биз Кыргызстанды башкаларга таанытабыз жана дүйнөнү Кыргызстанга таанытабыз десек, көркөм-эстетикалык байлык, дөөлөтүбүзгө таянышыбыз керек. Биз баарынан мурда мыйзам чыгаруу тармагында иштешибиз зарыл. Себеби, коңшу мамлекеттерде мындай чыгармачыл конфедерациялар бар. Алар коомдук уюм катары иштейт. Биз дагы элибиздин "Манастан" башталган адабий-маданий мурастарын өнүктүрсөк, андан кийинки Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу алп жазуучуларыбызды башкаларга таанытышыбыз керек. Анан булак сыяктуу пайда болгон азыркы жаш таланттарды кантип өстүрөбүз деген маселени коюп жатабыз. Жаш таланттар өсүшү керек, себеби, аларды такшалткан чыгармачыл мектеп жоголуп, өздөрү менен өздөрү болуп жүрүшөт. Алардын дагы башын кошуу керек. Байкасак, биз өзүбүз дүйнөгө көркөм-адабий мурастарыбыз менен таанылат экенбиз, ал үчүн жалпы иш-чараларыбызды бир багытка бурсак деген ниетте ушундай уюмду түптөп жатабыз.

“Азаттык”: Чыгармачыл адамдардын башын бириктирүүгө табигый мыйзам ченемдүү зарылдык же материалдык кызыкчылык түрткү бериши керек. Баш кошууга эмне негиз берип жатат?

Акбар Рыскулов: Мамлекет башчысы кыргыз жараны деген түшүнүктү калыбына келтирүү милдетин алдыга койду. Биринчи кезекте аны адамдын жан дүйнөсү, мекенчилдик аркылуу калыбына келтире алабыз.

“Азаттык”: Фархад мырза, чыгармачыл уюмдар башын кошору менен коомдо дароо бул бийликтин көрсөтмөсү менен пайда болду болушу керек, бара-бара керектүү пикирди түзүү үчүн колдонулат, болбосо чыгармачыл адамдардын башы кошулбайт эле, деген күмөн саноолор пайда болду. Буга Журналисттер союзу боюнча талаш-тартыштар түрткү берди окшойт. Кандай дейсиз, мамлекет чыгармачыл адамдардын кызматына, алар өз кезегинде мамлекеттин адаттан тыш камкордугуна муктажбы?

Фархад Бекманбетов: Чыгармачыл уюмдар мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Ошол эле учурда мамлекет дагы кээ бир жагдайларда чыгармачыл уюмдардын сунуштарына муктаж болот. Эгер булар бирдиктүү бир иш алып барышса натыйжалуу иштегенге ыңгайлуу болот.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG