Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Орусиянын ондогон шаарларында антикоррупциялык акциялар өттү


Навальныйды кармоо учуру
Навальныйды кармоо учуру

26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячы жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальный демилгелеген каршылык акциялары өттү.

Мурдараак Навальный 99 шаарда митинг өтөрүн сайтында билдирген. Анын 72синде акцияларды өткөрүүгө уруксат берилген эмес.

Москвада уруксат берилбегенине байланыштуу сейилдөө форматында өткөн митингге 8 миңден 20 миңге чейин адам чыкканы айтылды. Укук коргоочу “ОВД-Инфо” уюму борбордо Навальный баш болгон 700 адам күч менен кармалганын кабарлады. ТАСС агенттиги кармалгандар 500 деп жазды. Навальныйдын фондунун кызматкерлери да кармалышты.

Санкт-Петербургда митингчилердин саны жети миңге чукул болду. Полиция алардын 50сүн кармаганы маалымдалды.

Дагестанда 150 активист кармалды. Мындан тышкары, Тула, Краснодар, Нижний Новгород, Самара, Хабаровск, Екатеринбург жана башка шаарларда да митинг өткөрүүгө полиция жолтоо болду.

Навальный Орусия премьер-министри Дмитрий Медведевди коррупциялык жол менен миллиарддаган рублдик каражат тапканын иликтеп чыкканын билдирген. Буга байланыштуу тарапташтарын өлкө боюнча антикоррупциялык митингдерге чакырган. Премьер Медведев иликтөөдөгү айыптоолорго жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG