Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Чолпонбаев: Баш мыйзам өзүн актай албады


Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция быйылкы парламенттик шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштоодо. Бул демилге боюнча “Азаттык” коомдук ишмер, 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын башкарган Мукар Чолпонбаевди кепке тартты.

“Азаттык”: 2010-жылдагы референдумда Баш мыйзамды өзгөртүүгө чектөө киргизилбеди беле. Андыктан азыркы демилгенин өзү мыйзамсыз болуп калбайбы?

Чолпонбаев: Конституцияны өзгөртсө болот деп айткандардын сөзүндө кандайдыр бир негиз бар. 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбейт деп жазылган, бирок аны референдум менен жокко чыгаруу толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ошондой мүмкүнчүлүк бар деп эле каалаганыбызды жасай берген болбойт. Анча-мынча болсо да Конституцияны, мыйзамдарды сыйлоону үйрөнүшүбүз керек.

“Азаттык”: Негизи эле азыр Кыргызстанга конституциялык реформа зарылбы?

Чолпонбаев: Зарыл экени белгилүү. Бирок бул зарылчылыкты алар өз бийлигин бекемдөө аракетинде гана колдонуп жатат. Тоталитардык мезгилдеги Коммунисттик партия да мынчалыкка жеткен эмес. Партиядан чыгарылган кишини депутаттык мандаттан ажыратканга барчу эмес. Ал эми булар “эгер сен биздин партиянын чечимин аткарбай, аны колдоп добуш бербесең сени чыгарабыз” деп жатат. Бул кээ бир партиялардан бир канча адам өз каалоосу менен кетип калгандыктан болуп жаткандагысы. Эгер ошондой кыла турган болсо бийликке келген эки-үч партия, алардын жетекчилери гана баарын чечип калат да. Андай парламенттин Кыргызстанга кереги эмне?

“Азаттык”: Жогорку Соттун жетекчисин дайындоодо президент менен парламенттин укугун кеңейтүү сунушталып жатат...

Чолпонбаев: Бул сунушту мен толук колдойм. Өзүм да көптөн бери айтып келатам. Анткени ар бир жетекчи дайындалып жаткан кезде өз ордун так аныктап алышы керек. Жогорку Сот гана эмес, облустук, райондук соттордун бардыгында соттор өз төрагасын шайлап алат дегенде алар бригадирдин да ролун аткара албай калат экен. Келип түшкөн почтаны карап, иштерди бөлүштүргөндөн башка эч кандай аракет болбой калууда.

“Азаттык”: Учурдагы норма боюнча депутат премьер-министр болуп дайындалып, кийин ал кызматтан кетсе, кайра парламентке бара албайт. Азыр ошондой укук бериш керек деп айтылып жатканы канчалык негиздүү?

Чолпонбаев: Өтө татаал маселе ушул жерде. Эгер парламенттик башкарууну чындыгында классикалык түрдө, Европадагыдай жүргүзөбүз десек, жеңген партиянын жетекчиси же ошол коалициянын башчысы өзү премьер-министр болушу керек. Көрүнгөн кишини жалдап келип, "менеджер болуп бер" деген туура эмес. Бул парламенттик башкарууга жатпайт.

Эгер ал адам аткаруу бийлигин толук башкарып кете албаса, ошол парламент премьер-министри менен чогуу кетиши керек эле. Бизде андай болбой жатпайбы. Парламент калып, мына азыр бешинчи премьер-министр дайындалып жатат. Бул парламенттик башкаруу ишинде нонсенс болуп эсептелет.

“Азаттык”: Маектин башында Конституцияны өзгөртүү зарыл деген ойду айттыңыз. Кайсы нормаларды өзгөртүү керек дейсиз?

Чолпонбаев: Менин көз карашымда, азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү эмес, башка, жаңы Конституция кабыл алуу маселесин референдумга алып чыгуу керек. Бул Баш мыйзам өзүн-өзү актай албай калганы жалпы элге көрүнүп турат. Көптөгөн коомдук уюмдар, саясий партиялар даярдап койгон жаңы долбоорлор бар. Алар Жогорку Кеңешке да түшкөн. Ошонун баарын чогултуп, кайра карап чыгып, жаңы Конституция кабыл алуу керек. Азыркы башкаруу системасы бизге туура келбейт экен.

“Азаттык”: Жаңы Баш мыйзам азыркыдан эмнеси менен айырмаланышы керек анда?

Чолпонбаев: Эгер парламенттик башкаруу кура турган болсок, ага толук бойдон өткөрүш керек. Президенттикке десек толук ошондой башкарууга өткөрүү зарыл. Азыркы Конституцияда президенттин укугу кыскартылган. Аны кеңейтүү аракети 1994-жылды кайталоо болуп калат деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG