Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Темир Сариев Конституциялык кеңешме түзүүгө чакырды


Темир Сариев
Темир Сариев

Экс-премьер-министр Жогорку Кеңештеги Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп жаткан фракция башчыларына жолдогон кайрылуусунда, азыркы Конституция кабыл алынган кыйын кезеңди эстөөгө чакырган. Сариев ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу маселени талкуулоонун өзү канчалык мыйзамдуу экенине токтолуп, Конституцияны өзгөртүү боюнча учурда коомчулуктун талкуусуна берилген бир айлык убакыт өтө аз экенин белгилеген.

“Бул убакытта киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү талкуулап, сүйлөмдөргө экспертиза жүргүзүп, аларды киргизүү зарылдыгын же жоктугун аныктоо мүмкүн эмес. Экинчиден, бул жалпы элдик талкуу болгон соң элдин сунуштарын чогултуу процесси да бар. Эгер муну партиялар жүргүзө турган болсо, анын канчалык мыйзамдуу экендиги белгисиз” деп айтылат билдирүүдө.

Темир Сариев, ошондуктан, Конституциялык кеңешме түзүп, ага бийлик өкүлдөрү гана эмес, оппозициянын өкүлдөрү, укуктук эксперттер кирүүсү зарылдыгын белгилеп, ошондо гана талкуу жалпы элдик деп эсептелип, жаңы Баш мыйзамдын сапаты бийик деңгээлде болот деген оюн кошумчалаган.

“Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүдө өлкөдөгү төбөсү көрүнгөн коомдук-саясий күчтөрдүн пикирлери угулушу керек, маанилүү маселелер боюнча пикирлер бирдей болууга тийиш, ошондо гана биз жалпы коомдук келишимди, коомго кызмат кылуучу Баш мыйзамды кабыл алабыз. Биз баарыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз, Конституция да баарыбызды бириктирүүчү күч болуусу керек” деп аяктаган Темир Сариев билдирүүсүн.

Темир Сариев “Ак шумкар” партиясынын лидери. 2009-жылы президенттик шайлоого катышкан. 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, кийинчерээк Экономика министри, 2015-жылы премьер-министр болуп иштеген. Быйыл 11-апрелде Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча чырга байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү”, "Бир бол" фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Бул сунушка "Ата Мекен" партиясы жана бир катар активисттер, саясатчылар каршылыгын билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG