Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Баш мыйзам саясатчыларды бириктирбеди (видео)


Баш мыйзам боюнча өткөн тегерек стол. Бишкек. 24-август.

Баш мыйзам боюнча өткөн тегерек стол. Бишкек. 24-август.

Бийлик, оппозиция жана жарандык коом Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин биринчи жолу бир столго отуруп талкуулап, бирок бир пикирге келе алган жок.

Жолугушууда президенттик аппарат Баш мыйзамга кирип жаткан өзгөрүүлөр бийлик бутактарынын арасында тең салмактуулукту камсыз кылат деп ишендирсе, жарандык коом президенттин укугун дагы күчөтөт деп чочулап, процедуралар бузулуп, бийликти узурпациялоого алып келет деп айтышты.

Референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүү маселесине келгенде бул демилге алгач "депутаттардан көтөрүлдүбү же президент тарабынан сунушталганбы?" - деген суроого жооп алуу да кыйынга турду.

КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү алгач президенттик аппарат тарабынан иштелип чыккан десе, аппарат жетекчи Фарид Ниязов бул демилге парламенттеги фракция лидерлери аркылуу сунушталып, президент колдоого алганын айтууда.

- Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени колдоого алды. Алты жылдан бери Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу сунуштар айтылып келген. Андыктан бул маселе фракция лидерлери тарабынан талкууланып, президенттин аппаратына сунушталган.

Президенттик аппарат жетекчисинин сөзүнөн кийин Рыскелди Момбеков, Максат Сабиров өңдүү депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу демилге депутаттар тарабынан сунушталганын моюнга алышты.

Бирок эки ача сөздөр бийликте Конституцияны өзгөртүүдө бир пикир жок экенин дароо көрсөтүп койду. Ага кошумча “Бир Бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды депутаттардын колун толгоп атып көпчүлүк добушка жеткиргенин айтып берди:

- Мен билем бул мыйзам кантип кабыл алынганын. Адегенде 47 депутат колдогон, бирок бул көпчүлүккө жетпей калгандан кийин, эртеси кайра депутаттарга кысым көрсөтүп жатып 87 адамга жеткирди. Биз билебиз бул мыйзам президенттик аппарат тарабынан жасалып, депутаттар демилгеледи деген ат менен референдумду өткөргөнү жатышат.

Жаңы Баш мыйзамга президент жооптуубу?

Талкууда катышуучулар Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ түзүлбөй, мамлекеттик ММКлардан калың журтка кабарланбай жаткандан улам, бийлик Баш мыйзамды тымызын өзгөртүүгө киришти деп айыптады. Мындай шартта Конституция кабыл алына турган болсо, эртеңки күнү анын алешемдиктерине президент жооптуу болушу керек деп депутат Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди:

- Мына азыркы Баш мыйзамга кандайдыр бир деңгээлде Текебаев жооптуу деп айтышат. Эгерде бүгүн талкуу кылып жаткан мыйзам кабыл алынса, толугу менен Атамбаев жоопкерчилик алат. Биз айтып атабыз “жаңы Баш мыйзам бийликти узурпациялоого, бир партиянын бийлиги күчөп, бийликтеги теңсалмактуулук бузулат” – деп. Эгер ушундай саясат улана турган болсо, анда тарых алдында президент жоопкерчиликтүү болот.

Баш мыйзамды өзгөртүү бир жагынан бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын теңейт дегени менен келечекке терс көрүнүштөрдү алып келиши мүмкүн деген юристтер четтен табылат.

Саясий-укуктук иликтөө борборунун жетекчиси Тамерлан Ибраимовдун айтуусунда, бийлик Конституцияны өзгөртүүдө мыйзамдык нормаларды сактабай келатат. "Себеби, биринчиден жалпы элдик талкуулоо өтпөдү, атүгүл парламент депутаттары бир отуруп өзгөрүүлөрдү карап да койгон жок. Бул терс үлгү кийинки бийлик үчүн да Баш мыйзамды өзгөртүүгө шылтоо болот", - дейт Ибраимов.

- Бул Конституция референдумда кабыл алынса, анын легитимдүүлүгү тууралуу суроо ар дайым ачык кала берет. Андыктан кийинки келе турган бийлик жана партиялар референдумдун мыйзамдуулугун шылтоо кылып, жарым жыл же бир жыл өтпөй Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлө берет. Буга жоопкерчилик толугу менен азыркы партиялар менен президентке жүктөлөрүн унутушпаса. Андыктан референдум өткөрүүнүн легитимдүүлүгүнө чоң маани беришибиз керек.

Бийлик менен оппозиция жана жарандык коомдун башын кошкон тегерек столдо кандайдыр бир чечим кабыл алынбастан, ар бир тарап өз пикиринде тарап кетти. Алдыда оппозиция бул маселени көбүрөөк козгой турганын айтканы менен бийлик аларга көңүл бурарынан үмүтү үзүлүп баратканын жашырган жок.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында Конституция сегиз жолу өзгөргөн. Ар дайым Баш мыйзам өзгөргөн сайын жогорку бийликтин ыйгарым укуктары кеңейип, бекемделип келген. 2010-жылы гана апрель революциясынын арты менен кабыл алынган Конституция буга чейинкилерден түп-тамыры менен айырмланып, парламентке көбүрөөк укук берилген.

Учурда Баш мыйзамды өзгөртүү жана референдум өткөрүү боюнча демилгени Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан башка беш фракция колдоп келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG