Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

БУУнун баш катчысы Сирияда согуштун күчөшүнө өтө камтамачылыгын билдирди


Пан Ги Мун
Пан Ги Мун

Бул тууралуу 24-сентябрда баш катчы Пан Ги Мундун маалымат кызматынын өкүлү Стефан Дужарич маалымдады. Анын айтымында, баш катчы “жан дүйнөнү сыздаткан” туш келди бомбалоону аскерий кылмыш катары кароого болоорун билдирди.

Алеппонун чыгыш тарабын көзөмөлгө алуу максатында өкмөттүк күчтөр чабуулун күчөтүп, ал жерде жалын пайда кылуучу жана терең жертөлөлөргө каршы заманбап бомбалар колдонулганы тууралуу маалыматтар келүүдө. Сириялык активисттер өкмөттүк аба күчтөрдүн бомбалоосунан 45 адам өлгөнүн, алардын ону балдар экенин кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн Сириянын тышкы иштер министри Валид аль-Муалем Дамасктын жеңишке ишеними артканын жана өкмөттүк күчтөр “терроризмге каршы күрөштө чоң ийгиликке жетишкенин” билдирген эле. Ага чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда атышууну токтотуу бир тараптуу эмес, эки тараптан тең бирдей токтотулганда ишке ашарын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG