Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Кыргызстандык делегация Анжиянды кыдырууда


"Достук" бекети
"Достук" бекети

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация бүгүн Өзбекстандын Анжиян облусун кыдырып жатышат. Аларды кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинен Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Адхам Икрамов жетектеген топ тосуп алды.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, кыргызстандык делегация Өзбекстанга расмий Ташкендин чакыруусу менен барды. Анын жүрүшүндө Анжиян шаарында кыргыз-өзбек кызматташтыгын жакшыртуу боюнча иш-чаралар өтмөкчү. Кыргызстандыктар Анжияндагы маданий, стратегиялык жана экономикалык объекттерди да көрүп чыгышат.

130 адамдан турган делегациянын курамында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлдөрү жана башка аткаминерлер, маданий ишмерлер, артисттер, спортчулар бар.

Сапар учурунда чек ара маселеси да козголот. Бул акыркы 10 жылдан бери Өзбекстанга болгон алгачкы достук сапар.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов 3-сентябрда акыркы сапарга узатылган. Анын милдетин аткаруучу болуп дайындалган премьер-министр Шавкат Мирзиеев коңшулар менен алаканы жакшыртуу аракетин көрө баштады. (NT/ErN)

XS
SM
MD
LG