Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Конституциялык палата: чоң сыноолор алдыда


Конституциялык палатанын иши алдыдагы шайлоолордо сынаалары айтылууда.
Конституциялык палатанын иши алдыдагы шайлоолордо сынаалары айтылууда.

2013-жылы куралып, ишке киришкенден тарта Конституциялык палатага 140 кайрылуу түшүп, 10 соттук иш боюнча чечим чыкты.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн декреттеринин мыйзамдуулугун текшерип берүү үчүн Конституциялык палатага жалпысы жети арыз түшкөн. 2010-жылы апрелде Убактылуу өкмөт мурдагы Конституциялык сотту жоюп жиберген болчу.

Конституциялык палатанын иши “жакшы” деп бааланды

Конституциялык палатанын ишине байкоо салган жарандык коомдун өкүлдөрү 20-январда Бишкектеги маалымат жыйынында анын ишмердигин азырынча "жакшы" деп баалашты.

Маселен, “Прецедент” бейөкмөт уюмунун төрагасы Нурбек Токтакунов бүгүнкүгө чейин Конституциялык палата саясий чечим чыгарууга барбаганын айтат:

- Азырынча биз буйрутмаларды аткарды же аткарбады деп айта албайбыз. Анткени учурда жалаң гана укуктук маселелер каралып жатат. Саясий маселелерди караган учурда да тыкыр көңүл буруп, байкоо салабыз.

Сотторду көзөмөлдөө боюнча бейөкмөт уюмдун өкүлү Жанабил Давлетбаев болсо, Конституциялык палатанын иши келерки жылдагы парламенттик шайлоо учурунда байкалаарын айтууда:

- Мурдагы тажрыйбаларга карап көрсөк, шайлоолор башталганда, чоң саясий иштер болгондо саясий чечимдер чыгып баштайт. Азыр жумуштан бошогон судьялар “айрым нормалар бузулду, Конституцияга карама-каршы келер-келбесин тактап бергиле” деп кайрылып, ушул сыяктуу иштер гана каралып жатат.

Конституциялык палатага келип түшкөн кайрылуулардын катарында Убактылуу өкмөттүн декреттери, Жогорку Соттун чечимдери, өкмөттүн, борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору, эмгек кодекси, укук коргоо органдары тарабынан тергелип жаткан иштер боюнча да арыздар бар.

Кезек декреттерге да жетет

Деген менен Конституциялык палата үчүн сыноолор анчалык деле алыс эместей. Анткени ал жакында Убактылуу өкмөттүн декреттеринин мыйзамдуулугун карашы ыктымал. Бүгүнкүгө чейин Конституциялык палатага Убактылуу өкмөттүн декреттери боюнча жалпысы 7 арыз келип түшкөн. Үч арызды ээлери кайтарып алса, дагы төрт арыз өндүрүшкө алына элек.

Бул тууралуу Конституциялык палатанын басма сөз катчысы Назгүл Нурбекова маалымдады.

- Алты декрет боюнча арыз бар болчу. Үч арызды ээлери кайтарып алган. Дагы үч арызды Конституциялык палата кабыл албай, кайтарып берген. Бирок алар арыздагы кемчиликтерин жоюп, кайра тапшырышты. Булардан тышкары, дагы бир декрет боюнча арыз келип түштү. Ошентип азыр декреттер боюнча төрт арыз бар. Алар өндүрүшкө алынды же четке кагылды деген чечим азырынча чыга алек. Учурда аларды судьялар карап жатышат.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов Убактылуу өкмөттүн декреттери боюнча буларга токтолду.

- Убактылуу өкмөттүн декреттеринин баары Баш мыйзамга каршы. Анткени, анда декрет деген түшүнүк жок.

Акун эми Конституциялык палатага кайрылат

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да Жогорку Кеңеш аны кызматтан алганы канчалык мыйзамдуу болгонун териштирип берүү өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылганы турат.

- Мен Жогорку Соттон утулдум, эми буларга арыз жазганы жатам. Конституциялык палатанын кандай экени менин арызымды караганда билинет. Булар Жогорку Соттон, Ак үйдөн коркобу же жокпу, өз алдынча чечим чыгара алабы, ошондо көрүнөт.

Конституциялык палатанын басма сөз катчысы Назгүл Нурбекова билдиргендей, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысы 140 кайрылуу келип түшкөн. Булар жеке жана юридикалык тараптардын арызы, судьялардан жана өкмөттөн келген суроо-талаптар. Анын ичинен 10 арыз боюнча чечим чыккан.

- 140 кайрылуу келип түшкөн, анын 52син өндүрүшкө кабыл алганбыз. Ал эми 72син өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартканбыз. Анткени Конституциялык палатанын Баш мыйзамда өзүнүн ыйгарым укуктары бар. Бул арыздар болсо, Баш мыйзамдагы ал ыйгарым укуктарга туура келбеген маселелер боюнча жазылган.

2010-жылы апрелде Убактылуу өкмөт өз декрети менен Конституциялык сотту жоюп жиберген. Буга анын ашкере саясатташып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин күчөткөн саясий чечимдерди чыгарып турганы себеп болгон. 2010-жылдагы Баш мыйзам боюнча Конституциялык палата Жогорку Соттун алдына түзүлгөн. Анын судьяларын сотторду тандоо кеңеши жана президент тандап, Жогорку Кеңеш бекитет. Конституциялык палата өз ишин былтыр жайында баштаган.

XS
SM
MD
LG