Линктер

Айрым саясий партиялардын Кыргызстандын Баш мыйзамын референдум аркылуу өзгөртүү демилгеси өлкөдөгү саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөштөрдү курчутушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Мамлекет башчысы, бийликтеги партиянын аракеттери демократиялык эрежелерге сыябы, алар эртеңки атаандаштарын бүгүн оюндан чыгарып жатабы, алдыдагы бир жылда өлкөдөгү саясий абал кандай өзгөрүшү мүмкүн, оппозициялык уюмдар, партиялар бир күчкө биригеби, Кыргызстанда мыйзамдык, демократиялык принциптерди калыптандыруу үчүн эмне кылуу керек жана башка суроолордун тегерегинде “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп козгойбуз.

Талкууга Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан дептутат Алмамбет Шыкмаматов жана “Замандаш” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Жеңиш Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, Конституцияны референдум аркылуу өзгөртүү демилгеси күздүн биринчи күнүнөн баштап Кыргызстандагы саясий аба ырайын өзгөртүшү мүмкүн деген ойлор айтыла баштады, сиздин оюңузда кырдаал кандай өнүгөт?

Акыркы алты жылда тынч болгонубуз айрым бир персоналардын эрдиги эмес, ошол Конституциянын жемиши десек болот.

Алмамбет Шыкмаматов: “Манаста” “Чоң чырдын башы – Көкөтөйдүн ашы” демекчи, Конституцияны өзгөртүү демилгеси күздө саясий аба ырайын өзгөртүшү айдан-ачык. Албетте, ар бир мамлекетте саясий тирешүүлөргө орун бар, демократиялык мамлекеттерде саясий маселелерде партияларда көз караштар бирдей болбойт. Биз аларды “Ормон опуза кылбай”, Конституцияны, мыйзамдарды бузбай, “арай көз чарай” кеңешип, саясий маданиятыбызды көргөзүп чечип алганыбыз оң. Эгер бийлик өз оппоненттерин опузалап, кээ бирөөнө иш козгоп, дагы башкаларына башка бир рычагдарды колдонуп, кодуласа, анда саясий атаандашууну бузуп, жаман жакка алып кетиши мүмкүн.

Акыркы алты жыл Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк болду. Аксы окуясынан бери ар бир күздө, ар бир жазда митинг, пикет, акциялар болуп, саясий абал дегеле тынчыган эмес. Акыркы алты жылда тынч болгонубуз айрым бир персоналардын эрдиги эмес, ошол Конституциянын жемиши десек болот. Биздин максат - ушул жетишкенибизди талкалап, чачып жибербестен сактап калсак, улантсак деп жатабыз. Бардык маселелерди саясий атаандаштыктын нугунда, чектен чыкпастан, маданияттуулук менен чечсек болот. Конституциянын өзгөрүшүн колдобогондорду ак-карасын карабай эле гезит беттеринен шыбатуу – бул саясий маданияттуулук эмес.

“Азаттык”: Саясий күрөштүн курчушуна эмне себеп болушу мүмкүн: маселенин олуттуулугубу же саясий күчтөрдүн опуртал кадамдарыбы?

Алмамбет Шыкмаматов: Коюлуп жаткан маселенин олуттуулугу. Бир жылдан кийин президенттик шайлоо болот, мамлекет башчы болом дегендер даярдана баштады. Саясий атаандаштык күчөйт. Ушундай маалда Конституцияны өзгөртөбүз дегендери кырдаалды дагы курчутат, окуяны дагы татаалдаштырып, жем таштап жатат.

Мамлекеттик бийликти бир партия узурпациялооону баштады эмес, улантууда десек туура болот. Орчундуу орундарда бир партиянын өкүлдөрү отурушат.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, албетте, ар бир саясий партия демилге көтөрүүгө укуктуу деңизчи, мамлекет башчысы, бийликтеги айрым партиялардын Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинин артынан сиз эмнелерди көрүп жатасыз? Бир партиянын бийликти узурпациялоосу башталды деген ойлор айтылууда...

Жеңиш Молдокматов: Мамлекеттик бийликти бир партия узурпациялооону баштады эмес, улантууда десек туура болот. Орчундуу орундарда бир партиянын өкүлдөрү отурушат. Эгер ушул жол менен барып эртең референдум өтө турган болсо, анда өкмөттүн ыйгарым укуктары көбөйүп, парламент алсырап, президенттик шайлоого даярдык башталды деп түшүнөм. Азыркы бийликтегилердин Конституцияны өзгөртүүгө бара жаткандыгына, кечээ президенттин жанында жүргөн Каптагаев, Оторбаев, Бекназаров ж.б. каршы чыгууда. Мындай жол саясий күчтөрдүн ортосунда карама-каршылыктарды жаратып, чыңалууга алып келиши мүмкүн.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, азыркы бийлик эртеңки боло турган оппоненттерин, атаандаштарын саясий оюндан чыгаруу үчүн бүгүн аларды коомчулукка жаман көрсөтүп, көзүн тазалап жатат деген пикирге кошула аласызбы?

Алмамбет Шыкмаматов: Кыргызстан кичинекей мамлекет. Акаев, Бакиев заманындагы мындай кылгыла, андай кылгыла деп акыл үйрөтүп келген саясий технологдор азыр деле иштеп жатат. Алардын аттарын эч ким билбейт, “анализ жасап жатам” деп кабинеттерде эле отурушат. Ошолор атаандаштарды минтип коелу, кылмыш ишин козгойлу, гезиттер аркылуу жамандаталы, чагым уюштуруу керек, дешип акыл үйрөтүп отурушат. Бул өтө опурталдуу жана коркунучтуу жол. Бул “мүйүздүү болом деп кулагынан айрылыптыр” дегендей эле кеп. Коомчулук деген саясий институт бар. Кайсыл жерден саясий куугунтук, кайсы жерде кылмыш, кайсыл жерде оюн болуп жатканын эл жакшы билип турат.

“Азаттык”: Оппоненттерди оюндан четтетүү боюнча кайсы бир фактыларды, аргументтерди келтире аласызбы?

Алмамбет Шыкмаматов: Мисалы, Каныбек Иманалиев деген оозунда айта турган кеби, ою бар депутатыбыз бар. Анын эмнегедир акыркы күндөрү сөзү угулбайт. Анткени, аны ар кайсы жакка жамандап жаздырып, суракка алып, жүдөтүп жатышат. Жарандык активист Мавлян Аскарбековду кайра-кайра УКМКга чакырышып, ал дагы сурактан башы чыкпайт. Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевди да гезиттерден шыбатып, анын үстүнөн да алыстан репрессиянын машинасы дүрүлдөп келаткандай сезилет.

Жеңиш Молдокматов: Ошол эле Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев ж.б. депутаттардын кылмыш иштери буга мисал боло алат. Бирөө жети миллион уурдаса, үч миллион төлөтүп кое берүү коррупция менен күрөшүү эмес да.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG