Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Баарына эле тегиз жага бербеген Баш мыйзам


Жаңы Конституция боюнча референдумга даярдык, 25-июнь, 2010-жыл
Жаңы Конституция боюнча референдумга даярдык, 25-июнь, 2010-жыл

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул темага арналды.

Өткөн жылы кабыл алынган Конституцияны буга чейин оппозициялык саясатчылар сынга алса, эми ага бийлик башындагылар да кошула баштады.

5-майда Конституция күнү президент Роза Отунбаева Баш мыйзамдын бир катар кемчиликтерин атап өттү. Кыргызстанда Конституцияга дагы өзгөртүү керекпи деген маселе мына ошентип кайрадан күн тартибине коюла баштады.

Талкууга катышкандар:

Жогорку Кеңештин Тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин төрагасы Туратбек Мадылбеков, юрист Мукар Чолпонбаев жана Конституциялык кеңешменин мүчөсү, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

“Азаттык”: Баш мыйзамдан Кыргызстандын, же Баш мыйзамдардын Кыргызстанда жолу болбой келатат. Эгемендүүлүк алгандан бери алмашкан үчүнчү бийлик да Конституцияны алмаштыруу, же өзгөртүү темасын көтөрө баштады. Конституция өзгөртүүгө чын эле муктажбы, же саясий күчтөрдүн “оюну” башталып калдыбы? Парламенттин кезинде төрагасы болгон Мукар мырза, чын эле бул муктаждыкпы же кезектеги саясий жүрүштөрбү?

Мукар Чолпонбаев: Бул жерде сиз айтып аткан эки негиз тең бар. Анын долбоор кезинде эле начар экенин, мындай Конституцияны кабыл алууга болбой турганын биз айтып чыкканбыз.

Мына эми бир жыл өтпөй ушул Конституциянын өтө начар жазылып калганын, анын бир бөлүгү бир бөлүгүнө, бир беренеси экинчи беренесине карама каршы келип турганын, ыйгарым укуктар толук такталбай калганына азыр баары күбө болушуп, эми муну иш жүзүндө азыркы бийликте отургандар өз баштарынан өткөргөндөн кийин ошол Конституциянын кемчиликтерин таап атышат.
Демократмын деген саясатчынын баары эле демократ боло бербейт, ырчымын деген адамдын баары эле ырчы боло бербейт.


Экинчиден, өзгөчө президенттик шайлоо башталат деп жарышууну премьер-министр Атамбаев өзү баштагандан бери, өзү ушул Конституциябызды шашылыш жазып, туура эмес болуп калган экен, кемчиликтер өтө көп кетип калыптыр, ушуну оңдошубуз керек деп, ошол эле мезгилде саясий жүрүш да жасап жатышат. Анткени 5-майда Отунбаева айтты, ал эми премьер-министр 4-май күнү муну “балп” эттирип айтып таштады.

“Азаттык”: Жаңылышпасам, Атамбаев “биз бул абалдан конституциялык мыйзамдар аркылуу гана чыгып кетсек болот” деп айткан эле. Туратбек мырза, сиз бул сындарга кошуласызбы, бул Конституциянын кемчиликтери барбы?

Туратбек Мадылбеков: Мукар Шалтакович “биринчиден, кемчиликтер бар, экинчиден, саясий оюндар болууда” деп айтып кетти. Экинчисине кошулам. Эмне үчүн бир жылга чейин эч нерсе айтылбай туруп эле, анан саясий оюндар башталаарда ар кандай саясатчылар айта башташты? Себеби ким кимиси менен байланыштуу, ошол тууралуу сүйлөшүп алышып, ушундай ыкмаларга өтүштү.

Мурунку Конституциялар боюнча карап көрсөк деле бардыгы тең ушул оюндун тегерегинде ойноп келген. Бүгүнкү күндө да оюн болуп атат. Бул бардык жагынан жакшы жазылган Конституция деп айта албайм. Бирок Конституцияда бардык нерселер камтылган. Бүгүнкү күндө ушул Конституциянын негизинде мыйзамдардын баарын кабыл алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш ага жетише албай жатабыз.

Кепилдик жана жоопкерчилик

“Азаттык”: Ушул конституциялык мыйзамдар менен чыга алабызбы?

Токтайым Үмөталиева: Тилекке каршы өткөн аптада БШКнын толук мүчөлөрү жарыя кат менен кайрылып, “депутаттар туура өткөнүнө, өтпөгөнүнө күмөн санайбыз” деп айтып атат. Биз референдумга да күмөн санайбыз. Себеби эгер мыйзам деңгээлинде алсак, бул Конституцияны кабыл алууга эч кимдин укугу жок.

Бизде атайын мыйзам бар. Ар бир мыйзам конституциялык болобу, башка болобу, коомдук экспертизадан өтүшү керек. Коомдук экспертиза катары биз Конституциялык кеңешмени алганбыз. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан документ жарык көргөн жок. Себеби Өмүрбек Чиркешович этегинде өзүнүн гана бир саясий чечими менен Конституциялык меморандумга кол койдурду, мен ага кол койгон жокмун.

Конституция жарыя көргөндөн кийин башка варианты чыга калды, Конституциялык кеңешмеден өтпөгөн, керек болсо Убактылуу өкмөттүн киргизген өзгөртмөлөрү да жок, биринчи эле долбоору чыгып калды. Эгерде муну кылмыш маселе катары карасак, бул Конституцияны алмаштырган деп каралат, жаза тартыш керек. Бирок биздин эч бир сот мындай нерсени кабыл албайт экен. Себеби бийликте турсам жазага тарттыра алат элем, бийликте турбаган соң жөнөкөй маселелерди сотко көтөрүш кыйын болуп атат.
Биз ар дайым артка кайрылбай, арттагы калган жакшы мыйзамдарды алып көчүрүп бул жакка жазып, керектүү мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек.


Экинчиден, мен Мукар Шалтаковичке кошулам. Анткени саясий оюндар башталып калды. Саясий оюндарда сырткы күчтөр да өзүнүн таасирин берип атат. Ошол себептен биздин Конституция туруктуу болсун деп каршы чыгып аткан президенттин, премьер-министрдин чуркап эле бул маселени көтөрүп калганы да көп ойду туудурат. Саясий жарыш башталган, ачык аймактарды кыдырып саясатка чыга турган эң коркунучтуу нерсеси бул – Конституциянын мамлекеттик кепили жок, эч жоопкерчилиги жок.

"Азаттык": Өзгөрүүгө муктаж болсо кайсы бөлүктөрү? Президент Роза Отунбаева Баш мыйзамда мамлекеттин ички, тышкы саясатын аныктоочу мамлекеттик орган так жазылбай калганын атады. Ошол эле мезгилде Конституциянын автору болгон Өмүрбек Текебаев бул жерде кайсы бир орган абдан күчтүү болуп келишине жол берилген эмес деп айтып жатат. Мамлекеттин тышкы саясаты өзгөртүүгө муктажбы?

Туратбек Мадылбеков: Бул боюнча көп эле талкуулар болуп келатат. Негизинен Өмүрбек Чиркешовичтин айтканы туура. Анткени мурунку Конституцияда биз гарант, ар кандай көп сөздөрдүн баарын тең президентке берип койгонбуз. Аягы эмне болгонун кыргыз эли жакшы билет. Ошондуктан бардыгы тең салмактуу болсун, бири-бири менен сүйлөшүп, акылдашып иш кылсын деп ушул Конституция жаралган. Ал эми ички, тышкы саясат боюнча Конституцияда “аны президент жүргүзөт” деп так жазылып турбайбы.

Мукар Чолпонбаев: Бул жерде депутатыбыз так жооп бербей атат. Анткени саясатта адегенде ички, тышкы саясаттын негизги багыттарын аныкташ керек. Аныктагандан кийин ал саясатты иш жүзүнө ашырыш керек. Бул жерде депутатыбыз ыйгарым укуктардын бардыгы тең бөлүштүрүлгөн деп айтып кетти, бул Конституцияда тең бөлүштүрүлгөн эмес.

Классикалык бийликти бөлүштүрүүдө бийлик үчкө бөлүнөт: аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги жана сот бийлиги. Ал эми президенттин бийлиги кайда калат? Президент арбитр боло турган болсо, арбитрдин кепил боло турган күчү, жоопкерчилиги болуш керек.

Бул Конституцияда президенттин эч кандай жоопкерчилиги жок, күчү, же мыйзам долбоор киргизе турган, референдум жарыялай турган укугу болбосо, президенттин кайсы күчү калат, же Түркиядагыдай кылып куралдуу күч менен чыга алабы? Андай эмес.

Токтайым Үмөталиева: Куралдуу күчтөрдү иштетиш үчүн жоопкерчилик болуш керек да. Аны ким мойнуна алат? Тилекке каршы биздин депутат мыйзам менен байланышпаса керек. Бирок Өмүрбек Чиркешович эмне кылып атканын жакшы билет. Атайын эл чалына турган Конституцияны кабыл алган.

Бирок бул жерде кичинекей тешикече бар, эки мыйзамды бир тушап элге кабыл алдырды. Бул биринчиден, мыйзам бузуу болот. Экинчиден, эгерде 20 жылдын ичинде Өмүрбек Чиркешович президент боло албаса, анда кыргыз эли жыла албайт, бул карама-кашрылыктар тура берет жана эч кимиси мойнуна жоопкерчиликти албайт.

Эгерде Өмүрбек Чиркешович быйылкы шайлоодон өтүп президент болуп калса, эртеси күнү ал өзүнүн президенттик кепилдиктерин дароо бекитет. Ал үчүн атайын бекитилген жыртыкча бар. Эгерде 120 депутат көрө албаса, башка көрө турган адамдар бар.

Тилекке каршы ушул мыйзамды Өмүрбек Чиркешович 15 жылдан бери алып келатат. Мурунку 93-жылкы жакшы жазылган Конституцияны кимдин кызыкчылыгы үчүн, ошол бийликте турган адамдардын кызыкчылыгы үчүн балапан кезинен баштап Ө.Текебаев алып келип, азыр өзүнүн кызыкчылыгында алып келип атат. Жашырганда эмне, бир кезде “Ата Мекенди” Аскар Акаевич алып чыккан, Майрам эже колдоп келген партиялардын бири болчу.

Көзгө урунбаган түйүн

“Азаттык”: Конституциядагы дагы бир маселе бул кыргызча жана орусча тексттериндеги дал келбестиктер. Бул дал келбестиктерди кантип ондоого болот? Дагы бир референдум өткөрүү зарылбы, же Конституциялык кеңешме эле текстке өзгөртүү киргизип койобу?

Мукар Чолпонбаев: Конституцияны конституциялык мыйзамдар менен оңдоого мүмкүн эмес. Анткени Текебаевдин эң чоң жаман кылыгы бул 20 жылга чейин референдумсуз Конституцияны өзгөртүүгө мүмкүн эмес деген добуш алганга жеткирип койду. Эми референдумсуз, же мыйзам менен өзгөртүүгө такыр мүмкүн эмес.

Мыйзам менен Конституцияны өзгөртөбүз дегендин баары абсурд, же мыйзам бузууга жатат. Мыйзамдар менен келишпестиктерди, Конституциялык кеңешмени оңдоп койолу деп атасыңар. Андай болбойт. Азыр Конституциялык кеңешме да оңдой албайт.

Расмий текст референдумда кабыл алынды деп жарыяланып калгандан кийин бул такыр бузулбай турган нерсе. Муну референдум менен гана бузуш керек. Эми оңдойбуз дегени Конституцияны бузгандык болот. Бир жолу бузсак андан ары буза бере тургандыгын баарыбыз көрдүк. Муну эч качан адатка айландырбашыбыз керек.
Президент арбитр боло турган болсо, арбитрдин кепил боло турган күчү, жоопкерчилиги болуш керек.


Туратбек Мадылбеков: Биз Конституциянын негизинде жаңы конституциялык мыйзамдарды кабыл ала баштадык. Ошону көбү түшүнбөйт, азыр кандай долбоорлор турат. Ошолорду алып бүткөндөн кийин биз так, даана айта алабыз.

Бул жерде мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен чыгып кетебиз, же болбосо элге кайрылышыбыз керек. Азыр оппоненттерим айтып атпайбы “Текебаев менен Токтайым өзү жүргөн, ошол жерде протоколдорун караш керек. Мен катышкан эмесмин” деп айтып атпайбы, ошол жердеги кеңешменин мүчөлөрүнүн баарын сурап чыгыш керек, баары кол койгон да. Анан эмнеге азыр популисттик сөздөрдү сүйлөп атат, мен ошого таң калам.

Токтайым Үмөталиева: Акыркы күнү меморандумга баары кол койгондо мен кол койгон эмесмин. Бирок Конституцияны өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк бар, референдумду өткөрүүнүн кажети жок, ал жипти Текебаев өзү үчүн түйүн кылып бекитип койгон. Эгер быйыл президентикке өтсө аны чечет.

Азыр парламентте уруксат бар, кабыл алган конституциялык мыйзамда атайын көрсөтүлгөн бөлүкчөлөрү бар, кайсы бөлүкчөлөргө өзгөртүү киргизе турганга уруксат эмес. Бирок өзгөртүү киргизе турган бөлүктөр бар, ошолорго туура өзгөртүү киргизип койсок, ошонун негизинде жип өзү чечилет. Ал Жогорку Кеңеш аркылуу үч жолу окуудан өтүш керек. Ошонун негизинде конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизсе болот.

“Азаттык”: Президент Роза Отунбаева парламенттик коалициянын келишимин түзүүнүн жана кол коюунун шарттары аныкталган эмес деп айтты. Бирок Конституциянын 84-беренесинде так эле жазылгандай болуп турат. Бул жерде так эместиктер барбы, же жөн эле саясий оюндардын айынан суроолор чыгып атабы?

Мукар Чолпонбаев: Бир канча жолу Конституцияда жазылып кетип атат, 1-2-3 жолу коалиция түзүлбөй калса эмне болот деп, төртүнчүсүндө коалиция түзбөй эле, бардык депутаттар чогулуп туруп премьер-министрди дайындайт дейт. Дүйнөлүк практикада мындай нерсе жок.

Бул жерде бир нерсени өтө катуу айтып кетким келет, праламенттик башкаруу системасы деген дүйнөдө көп жылдардан бери текшерилген маселе. Биздикиндей система эч жерде жок. Парламенттик башкаруу болгондон кийин парламенттик коалицияны түзгөн адам мамлекеттин башчысы жана премьер-министр болуп аткаруунун башында туруш керек. Бизде бир партиянын жетекчиси коалиция түзөт, экинчи партиянын жетекчисин премьер-министр кылып мамлекеттин башчысы кылат, мамлекеттин башчысы калгандарын уруп ойнобойт.
Адамдын мээсин алып салса, көзүн чукуп салса, бөйрөгүн үзүп салса, ал адам жашайбы, жашай албайбы? Биздин түзүлгөн Конституция азыр ошондой.


Үчүнчүсүндө болсо, төрага деп койот да, анан жазып атышат бул парламенттин төрагасы республикадагы биринчи адам, анткени президенттин жоопкерчиликтери чектелип калган дейт. Ушундай Конституциянын эмне кереги бар эле элдин баарын кыйнап?

Туратбек Мадылбеков: Мукар Шалтакович көпчүлүк өлкөдө парламенттик башкарууда кандай система экенин айтып кетти. Бирок ар бир мамлекеттин менталитетине жараша мыйзамдарды кабыл алсак бизге ким каршы болот экен? Ошол мамлекеттер ошондой кылып кабыл алган да. Эмнеге биз жаңы эрежелерди киргизе албайбыз? Биз башыбыздан өткөргөндү башка мамлекет өткөрө элек. Ушунун баары эске алынып анан жазылып турат.

Мукар Чолпонбаев: Туратбектин айтуусу боюнча, дүйнөдө эл эки дөңгөлөктүү велосипед менен жүрсө, кыргыздар төрт дөңгөлөктүү менен жүрүш керек экен да.

Ишеним чексиз эмес

“Азаттык”: Айрым саясатчылар, 1993-жылдагы Конституцияга кайрылып келүүнү сунуштап жатышат. Мукар мырза, жаңылбасам, мына ошол Конституциянын иштеп чыгуучуларынан болгонсуз. Мына ошол Конституция азыркы шартка ылайык келеби?

Мукар Чолпонбаев: Биринчиден, 1993-жылкы Конституцияны кабыл алуу учурунда бир жыл элдик талкууга коюлган, миллиондон ашык сунуштар келип түшкөн. Ошону карап чыгуу үчүн координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын төрагасы мен болчум. Биз негизинен кыргыз тилинде жазууга аракет кылганбыз. Азыркыдай орусча жазып алып, котормочулардан ката кетиптир деген болгон эмес. Бул кыргыз үчүн уят.

Экинчиден, 1993-жылкы Конституцияны азыркы шартка толук туура келет деп айтуу туура эмес. Ошондой болгону менен анын өтө көп артыкчылыктары бар. Биринчи артыкчылыгы – аны легитимдүү парламент легитимдүү түрдө кабыл алган.

Андан кийинкилеринин бирине да ишеним жок. Ошондуктан 93-жылкы Конституцияга кайтып келишибиз керек. Эгер бул Конституция калыбына келе турган болсо, мыйзамдуулук биринчи иретте калыбына келет эле. Анткени кыргыз элинин канына сиңип калган акыйкаттык деген нерсе биринчи жолу элдин ишенимине кирет болчу.

“Азаттык”: Ошол мезгилге кайтуу зарылбы, же Конституциялык мыйзамдар менен аны оңдоп-түзөп иштеп кете беришибиз керекпи?

Туратбек Мадылбеков: Бул Конституцияда 93-жылкы Конституциянын негизги багыттарынын баары бар. Эгер ошол Конституцияга кайтып келе турган болсок бизде кандай акыбал болот? Эгерде мыйзамдарды алып келсек, анда башка мыйзамдардын баары башаламан болбойбу, анда Кыргызстанда чоң жаңжал чыгат. Аны булар билбей жатышат. Ошон үчүн биз ар дайым артка кайрылбай, арттагы калган жакшы мыйзамдарды алып көчүрүп бул жакка жазып, керектүү мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Анткени коом өзгөрүп турат да.

Токтайым Үмөталиева: Демократмын деген саясатчынын баары эле демократ боло бербейт, ырчымын деген адамдын баары эле ырчы боло бербейт. Тилеке каршы мен мыйзамчымын деп кыйкырып аткан Өмүрбек Чиркешович жана башка депутаттар мыйзамды жакшы биле албайт.
Конституцияда бардык нерселер камтылган. Бүгүнкү күндө ушул Конституциянын негизинде мыйзамдардын баарын кабыл алышыбыз керек.


Бул 93-жылкы Конституциянын негизинде жазылып атат. Бирок адамдын мээсин алып салса, көзүн чукуп салса, бөйрөгүн үзүп салса, ал адам жашайбы, жашай албайбы? Биздин түзүлгөн Конституция азыр ошондой.

Азыркы губернаторлордун баары мыйзамсыз шайланган. Себеби облкеңеш шайлаш керек, ал бизде жок. Эки саясий партия нефтегазды таш-талканын чыгарып, жулушуп атат өзүнүн менчигиндей кылып. Эртең мэрди кетир десе, мен койом деп атат. Ушундай шарттарга жол түзүп берип атат.

Мукар Чолпонбаев: Туратбек мырза айтып атпайбы, жаңы заманда жашап атабыз, 17 жылдын ичинде ушунчалык өзгөрүп кетти деп. Силер өзүңөр мактаган Америкада бүгүн 200 жыл мурда кабыл алынган Конституция иштеп атат. Англияда болсо Конституциясы жок эле жашап жатышат.

Туратбек Мадылбеков: Силер көзү, кулагы чукулган деп айтып атпайсыңарбы. Биздин 93-жылкы Конституция кайдан алынган экен? Дал ошол Конституция кулагы, көзү чукулуп келген, Токтайымдын сөзү менен айтканда. Анткени ал ар кайсы мамлекеттин негизинен алынган.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG