Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


Тоодогу күз.
Тоодогу күз.

30-сентябрдан 3-октябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жүрөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Тоолуу райондордо абанын температурасы 0…-5° чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарын, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын табы:

28-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүзү 21...26 градус.

Таласта түнкүсүн 7...12, күндүзү 20...25 градус.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13...18 градус жылуу, күндүзү 24...29 градус ысык.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүзү 15...20 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүзү 16...21 градус күн жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14 градус, күндүз 23...25 градус жылуу.

Ош шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18 градус, күндүз 26...28 градус ысык. 

XS
SM
MD
LG