Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Индия эл аралык коомчулукту Пакистанды изоляцияда калтырууга чакырды


Сушма Сварадж
Сушма Сварадж

Индия эл аралык коомчулукту терроризмге шыкакчы болгон өлкөлөрдү аныктап, изоляцияда калтырууга чакырды.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Сушма Сварадж Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып "Баарыбыз кол кармашып, терроризмге каршы туруунун натыйжалуу стратегиясын иштеп чыгышыбыз керек. Эгер кайсы бир өлкө ага кол коюудан баш тартса, анда аны изоляциялоо зарыл" деп айтты.

Индия бийлиги 18-сентябрда Кашмирдеги авиабазасына жасалган чабуул үчүн Пакистанды айыптаган. Бирок расмий Исламабад мындай айыптоону четке кагууда.

Бул окуядан кийин, 24-сентябрда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Пакистанды изоляцияда калтыруу үчүн ири эл аралык өнөктүктү баштай турганын жарыялаган болчу.

Эки өлкө Кашмир облусун 1947-жылдан бери талашып келатат. Ортодо эки жолу согуш да тутанган.

Расмий Дели Исламабадды Кашмирдин Индиянын көзөмөлүндөгү аймактарында жикчилерди колдоп жатат деп айыптап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG