Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Эгер мен сыйкырчыга жолуксам...


Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюну учурундагы Кырчын жайлоосу. 11-сентябрь, 2014-жыл
Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюну учурундагы Кырчын жайлоосу. 11-сентябрь, 2014-жыл

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" аттуу дилбаяндар сынагын жарыялаган. Буга ылайык, "Азаттык" радиосу Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дил баяндарын webeditor@rferl.org электрондук почтасы аркылуу кабыл алат жана алардын арасынан жеңүүчүнү аныктайт. Дилбаяндарды кыргыз же орус тилинде сунуштаса болот. Сынактын жалпы шарты менен бул жерден тааныша аласыз.

Сынакка келип түшкөн кезектеги дилбаянды сунуш кылабыз. Аны Токтогул районундагы Мүлкүбат атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Айдана Батырбекова жиберген.

Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүн кимдер гана каалабасын?! Ар бир өзүн кыргыз деп эсептегендер каалайт. Мен да өзүмдү ошолордун катарына кошом, анткени мен да кыргызмын. Эгерде мага сыйкырчы келип, “сенин үч каалооң бар, айтсаң үчөөнү тең аткарам” десе, мен, биринчиден, кыргыз элине ден соолук, экинчиден, жерибизде тынчтык, үчүнчүдөн, Кыргызстанды дүйнөдөгү эң бай, өнүккөн өлкө кылчы демекмин. Бирок, сыйкырчы жок да, биз өзүбүз сыйкырчыбыз. Мунун баарын сыйкырдын күчү менен эмес, өзүбүздүн мээнетибиз менен кылсак болот. Мен ишенем, кайсы бир күнү менин Кыргызстаным гүлдөп өсөт.

Мен өз өлкөмдү, Кыргызстанымды, өзүмдүн кичинекей мамлекетиме – өз үй бүлөмдүн жашоосуна окшоштурам. Биз көп жылдан бери квартираларда көчүп жашап келебиз. Бирок мен, апам жана үкөмдөн турган кичинекей мамлекетибиздин алдында көптөгөн чоң максаттар бар. Биз жаңыдан өзүнчө бөлүнүп жашай баштаганыбызда таенем бизге алты кашык, алты айры, кичинекей казан, айтор бизге зарыл болгон нерселерди алып берип, дасторкон алганды унутуп калыптырбыз. Ошондо биз кичинекей, суук бөлмөдө алдыбызга кичинекей майлык салып алып чай ичтик эле. Бирок, биз бактылуубуз, анткени дүйнөдөгү эң жакшы көргөн адамыбыз - апам жаныбызда. Анан тилектерибиз болсо бийик: мен чоңоюп, модель болуп апам экөөбүз Парижге барабыз, үкөм болсо кыйын банкир, анан дагы эң көп балалуу болот деп тилек кылганбыз. Азыр биздин үйүбүз жок, бирок биз кийин Ысык-Көлдүн жээгине, Сары-Челекке там салабыз. Апам жайында ал үйлөргө жашап эс алат.

Мына ушундай, менин өлкөмдүн жашоосу да ушундай болуп өзгөрөт. Дүйнөгө белгилүү уул-кыздары чыгат, чоң-чоң банктар салынып экономикасы өнүгөт, кыргыз элинин саны көп болот жана ата-энелерибиз карыганда тынч эс алышат.

Менин өлкөм да өнүккөндө чоң-чоң шаарларында эч качан майда-майда базар-комоктор болбойт, шаарларынын ичи таза, көчөлөрү кенен болот. Бул менин каалоом, менин тилегим. Элибизде бир сөз бар эмеспи “Жаштын тилегин берет” деген. Биз ушинтип чоң тилектерди тилек кылып, анан көп максаттарга жетүү үчүн көп аракеттерди жасасак, келечекте Кыргызстан мен элестеткендей гүлдөгөн өлкөгө айланат деп терең ишенем.

Айдана Батырбекова, Токтогул районундагы
Мүлкүбат атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу

XS
SM
MD
LG