Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

1990- жылдары Орусиянын Магнитогорск шаарындагы жогорку окуу жайда окуп, билим алып жүргөн кез. Ноябрь айларында рынок экономикасына өтөт экенбиз деген сөз кеч күздөгү ызгаар менен кошо тарап, шаар эли жабыла ансыз деле кунары качып, жарым-жартылай бош калган дүкөндөргө чабуул коюп, тамак-аш сатуучу дүкөндүн текчелеринде консерваланган деңиз капустасынан башка эч нерсе калбай калды. Бардык жерде кезекке туруу көнүмүшкө айланды. Студенттик турмуш, жаштыктын баш айланткан шарданы менен зор өлкөдө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп, учу-кыйырын болжоп болгус мамлекет акырындап чекесинен кертиле баштагандыгын сезген деле жокпуз. Мурда үйдөн алыс чыгып көрбөгөнгөбү, айылды абдан сагынар элем. Эптеп экзамендерди тапшырып, сессияны аяктап, киндик кан тамган жерде мени зарыгып күтүп жатышкан ата-энеме эртерээк жетүү биринчи кезекте туруп, саясий абалга сереп салуу, коомдун кыйрап бара жаткандыгы үчүн кабатыр болдуу сезими менде жок эле.

Рыноктук экономикага өттүк деген күндүн эртеси студенттик ашканага барып, күндө ичип-жеп жүргөн тамак-аштарга болгон баа бир нече эсе жогорулаганын көрүп алып, окууну аяктагыча мындан аркы көрө турган күнүбүз кандай болорун элестете албай шалдырап турдук. Бир чети кантип эле ушул бойдон калып калсын, бир аз убакыттан кийин баалар кайра мурдагы калыбына келер деп ишенген элек. Балээниби, кайра мурдагы калыбына келмек турсун, күн эмес, саат сайын түшкө кирбеген жогорку ылдамдыкта өсүп жүрүп отурду... Айына элүү бир сом стипендия алчубуз (ал убакта биз үчүн рубль – сом, копеек – тыйын эле). Фрунзеге чейин самолетко билеттин баасы 39 сом болчу. Башкача айтканда, бир айлык стипендиям Урал дарыясы ортосун жарып өткөн, Европа шаарынан Фрунзеге эле эмес, айылдагы үйүмө чейин барганга кенен жетчү. Азыркы студент Бишкектен Ошко учуш үчүн канча айлык стипендиясын чогултат болду экен? Бирок, мен сөз кылып жаткан жылдары билетке болгон баа жогорулаган жагынан башкалардан кем калышкан жок...

Максатына жетпей калган ГКЧП төңкөрүшү, СССРди сактап калуу жөнүндө референдумдун өтүшү, зор мамлекеттин кыйрашы өзүбүзчө мамлекетпиз, эми эч кимден көз каранды эмеспиз деп, көк жара дуулдаган жаңы мамлекеттердин пайда болушу, кечээ эле бир эл-бир журтпуз, бир тууганбыз, боордошпуз деп бири-бирин өз катары көргөн өлкөлөрдүн ортосунда жер талашкан, суу талашкан окуялар орун алып, чек аралык посттордун коюлушу, буркан-шаркан иштеген завод, фабрикалар токтоп, алардын бырчаланып сатылышы дагы да айта берсе түгөнгүс зор окуялардын күбөсү болду го биздин муун...

Акыркы курсту аяктап айылга да жеттим. Айыл турмушу таанылгыс болуп өзгөргөн. Баягы күркүрөп иштеп турган айыл чарба техникалары бөлүнүп, сатылып, айылдагы совхоздун гаражы, мончо, кырман, тоо жээктеп салынган мал сарайлар таланып, түп орду менен жок болгон. Эң кызыгы ал үчүн эч ким деле жоопко тартылган жок. Кийинчерээк ошол кырдаалды айтылуу Шайлобек Дүйшеев “Асабага” жарыяланган “Демократиянын жаңы тарыхы” деген ыр түрмөгүндөгү саптарда даана баяндаган:

Бул жол менен барганга болбойт дедик,

Бул жол менен баргандар оңбойт дедик.

Жерде калган абалды тез арада,

Жеке менчик келсе эле оңдойт дедик.

Бөлүн деген кезекте бөлүн дедик,

Бөтөгөдөй төрт бешке сөгүл дедик.

Өйдө жактан абайлап байкап турат,

Өзгөлөрдөн эртерээк көрүн дедик.

Башкарманын энчине гараж тийди,

Баласына балтайган камаз тийди...

Жек жаатка жек жааттардын сообу тийди,

Жек жаатсыз көчөдөгү Желдеңбайга

Жерде жаткан эшектин “чому” тийди.

Андан аркылары эсимде жок. Ошол ыр түрмөктү сандан-санга кубалап окуп жүрүп, үзүл-кезил ушул саптар эстен кеткис болуп мээге сиңип калыптыр. Кийин ал чыгарманы издеп таба албай койдум...

Азыр ойлоп көрсөм 30-жылдары коллективдештирилип, убакыт өткөн сайын калпыс жерлери жакшыланып, жарым кылымдан ашуун убакыт сарпталып, нечен азап менен куралган, Улуу Ата Мекендик согушту башынан кечиргенде бузулбаган айыл чарба системасы бир ок атылбастан эле алеки саатта бөлүнүп-жарылып, көз көрүнөө таланып кеткен экен.

Биздин үй-бүлөгө бөлүнгөн жер айылдан 7 – 8 чакырым алыста болчу. Атам экөөбүз эки ат минип алып, күн бешим болуп калган кезде эгин талаасынын четин кыдыра бастырып жүрдүк. Чекте коюлган ташты көрсөтүп, ал таш турган жерден тике тартылган арыктан тартып биздин жер экенин айтып келип атам:

- Күрөк, кетмениңди Какиндин сарайына коюп кетип турасың, анын аялы неберелери менен сарайда болуш керек. Жүрү, ошол жакка бастыралы, – деди.

Айдоонун башында саз жээктей жайгашкан сарайга бат эле жете келдик. Сарайдын бир жак башын бузуп кетишиптир, айланасында чачылган шыйпырдын, бетондун сыныктары малдын быпыраган кыгы менен кошул- ташыл. Ыраматылык атам кечээ эле совхоздун зоотехниги болуп иштеп турганда ушул жердеги иш кайнап турган кезди эстеп кеттиби:

- Кайран кыргыз, талкалаган жагынан кудай ургандай “мастер” экенбиз да, атаңдын оозун урайындыкы! – деп башын чайкап алды. Сарайдын жанындагы үйдөн чыккан жашы алтымыштарды таяп калган аялга атам ат үстүнөн:

- Кандайсың Марипа, бала-бакыраң жакшыбы? – деп ал-жайын сурап, - Какин байкушту уул-келини менен тоого чыгарып коюп, өзүң сарайда жатасың чалкалап, – деди тамашага чала.

- Ооба, тоодо деле күн жылып калды дейт, он чакты күндөн кийин мобу чөжүрөктөрдү алып мен деле барып калам. Уул-келин бул жакка келет, сарайда бирөө турбаса, бир түндөн чыгарбай бузуп кетчү түрлөрү бар.

- Карачы, тоого жай чилде түшкөндөн кийин гана барасың, эркелигиң илгерки Шырдакбектин аялыныкынан кем эмес го, – деди атам ан сайын тамашалай. Марипа апа дагы жөн калган жок:

- Талаада калгырдыкы, Какин экөөң Шырдакбектей болсоң ушул жарым бузук сарайда отурмак белем... Эмне, эгин сугарасыңарбы?

- Ооба, уулум эртеңден баштап экинчи сугатты басат, сеникине кетменин калтырып турсун, антпесе өзүң айткандай, талаада жаткан кетмен эмес андан чоң нерселер уурдалып атат, уй сарайдын алдындагы трансформаторду дагы уурдап кетишиптир дейби? – анан мага карап:

- Сууну тээтиги жапан талдан саласың, арыкта эски кулактардын орду бар, ошолорду бекем байлап, суу салсаң эле болду, аласын деле тербейсиң, аласын тергендей бул эмне кара сугат беле, – деди. “Кара сугат” эмне, “экинчи сугат басат” деген эмне экени мурда огороддогу эгилген алакандай картөшкөдөн башка эч нерсе сугарып көрбөгөн, шаарда беш жыл окуп жүрүп жаңы келген мен үчүн түшүнүксүз болуп турса дагы, тизгинди тарта тигил аялдын көзүнчө баарын билген дасыккан сугатчы түрдөнүп, кабакты бүркөгөн калыбымда атам көрсөткөн жапан тал жакты тиктеп баш ийкеген болдум.

Эртеси күнү түшкө чейин кетмен чапкан сайын башы-көзүмөн бери ылай суу чачырап, байлаган кулактарды сууга алдырып, өтүгүмө толо суу кирип, менин “баба дыйкан” болгонум толук сүрөттөп, сөз кылууга деле арзыбастыр. Кептин бары ошол күнү өмүр бою эсимден кеткис окуяга күбө болгонумда.

Түш оой тамактанганы сарайдагы үйгө келдим. Анткени үйдөн жоо чаап келчүдөй даярданып алып, аттанып жатканымда атам:

- Тамагыңды талаага калтырсаң ит-куш жеп кетет,- деп айтканынан жарма, нан, бышкан жумурткалар салынган баштыкты эртең менен ошол жакка калтырган болчумун. Бир тутам чөптү жулуп алып, сууга малып- малып аны менен кийимимдеги чачыраган баткактарды кетире сүрүп, бети-колумду арыктагы сууга жууп, өзүмдү колумдан келишинче “тартипке” келтирип алгам. Эшиктин астында эски керебеттин торуна жүн сабап жаткан Марипа апа:

- Түштөнгөнү келдиңби? Баштыгыңды аркы бөлмөдөгү үстөлдүн үстүнө коюп койгом, – деди.

Терезе пардоолор тартылуу болгондуктан бөлмөнүн ичи күңүрт тартып салкын экен. Мен тамак салынган баштыкты алып чыгып, талаада тамактанам деген ойдо болчумун, бирок талаадагы чымын-чиркейге талангандан көрө ушул жерден эле жеп алайын деп өзүмчө чечим чыгара салдым. Үстөлдү жээктей салынган жер төшөккө отура калып, өзөгү карайып калган жаным эки колум бир оозума түтпөй курсакты тойгузуу менен алектенип жаткам, бир маалда:

– Жөн тур! - деп чыккан кичинекей кыздын сөзүнөн чочуп, артымды карай салдым. Босогого далымды салып отургандыктан эшиктен киришкен Марипа апанын неберелерин байкабай калган экнмин. Үч жашар шымы жок, жылаң гөтөн бир эркек бала жана беш-алты жашар кыз мени тиктеп турушуптур.

- Сизге барам деп атат, – деди кичинекей эжекеси баланын колунан тарткылап. Кичинекей болсо дагы “Сиз” деп кайрылганына ичим элжирей: - Барам десе кое бер – дедим. Бала тепилдеп жетип келди да аки-чүкүгө келбестен эле мен жеп жаткан нандын бир кесимин илип алып, кайра артын көздөй тепилдеп жөнөдү. Курсагы ачкан экен деп таназар деле алган жокмун, бирок кичинекей кыз дагы нанды теше тиктеп турганын көрүп ыңгайсыз боло түштүм.

- Ме, жейсиңби? – деп ага кантип нан сунганымды өзүм дагы байкабай калдым. Кыз дагы эч тартынбастан нанды колуман жулуп алып, эшикти көздөй чуркады. Аңгыча Марипа апа кирип келип:

- Булар сага тамак жедиришпейт, өстөн арыктагы бактын көлөкөсүндө эле түштөнүп алсаң болмок, - деп келип тамагы буула:

- Өлүгүңдү көрөйүн, ачарчылык эмне экенин билчү эмес элек. Жанагы жакшылык көрбөгөн деректир Адамкалый сопсонун иштеп турган сопхозду таратып жиберип, ушул күнгө туш кылбадыбы... Сатайын десең тоодогу мал семирбейт, семирген күндө деле баа эмес. Кыштата бир козуну үч бөтөлкө аракка алмаштырып ичип жүрүшпөдүбү, айылдын ырыс кесерлери. Балдар нан жей элегине беш күн болду. Тоого кетирбей алып калган жалгыз уйдун айран сүтү менен күн көрүп жатабыз, – деп жоолугунун учу менен көзүн сүртө жарылып алды.

Үстүмөн бирөө муздак суу куюп жибергендей эле болдум. Эмеле эле алган нанын түгөтө жеп алып, чоң апасынын этегин кармап турган балага үстөлдүн үстүндөгү нанды баштыгы менен карматып:

- Жей гой – дедим. Ошондогу наристе башкалардан кызганып, боору менен басып, эч кимге бербей ыйлап чырылдап турганын көрүп алып, денем дүркүрөп турган учур күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кичинебизде конфет, шоколад талашып калчу элек, бирок нан талашып ыйлай турган көрүнүш кинодо же китептеги чыгармаларда эле кездешчүдөй сезилчү.

– Эжекеңе дагы биртке бериш, – деген чоң энесинин сөзүнө беш күндөн бери нан жей элек неменин көнөөр түрү жок. Жарты көмөчкө жетпеген нанды кантип бөлүшүп алышты билбейм. Мен эшикке чыктым дагы кетменимди ийниме арта сала талаага жөнөдүм.

Кечинде болгон окуяны ата-энеме төкпөй-чачпай айтып бердим. Эмнегедир үйдөгүлөргө менин айткандарым андай деле таасир эткен жок. Атам гана:

- Алардын дагы уну түгөнгөн турбайбы, Мырзабектики, Сагындыкы дагы улпактан нан жаап жеп атышыптыр, – деп тим болду. Көрсө, айыл боюнча көп эле үй наны жок отурган экен.

Совхоз жоюлган алгачкы жылы элдин көбү баштан өтпөгөндүк кылып, Союз кезиндегидей эле камырабай, бөлүнгөн үлүш жерлерине эгин экпестен малга деп чөп айдашып, же такыр эч нерсе айдабай, ал эми малы болсо текейден арзан болуп, ошол арзан баага дагы базардан өтпөй, иштейин десе иш жок, ундары түгөнүп, күздүн келишин, эгиндин бышышын зарыга күтүп жаткан мезгили экен. Ошол жылы шаардагы базарда бир кило эттин баасы бир кило сабиздин баасы менен бирдей болушунун өзү эле малга болгон баанын канчалык төмөн болгондугун айгинелеп турбайбы.

Эртеси сугатка жөнөп жатып, апамдын өзүбүздө деле ун аз калды дегенине болбой көшөрүп отуруп каптын түбүнө бир чакадай унду канжыгага байлап алып Марипа апаныкына алып барып бергем.

Айылда узакка деле турган жокмун. Азыр шаарда жашап жатканыма жыйырма жылдан ашты. Ошол нанды бекем кучактап ыйлаган баланын атын да сурабаптырмын. Какин ата менен Марипа апанын көзү өтүп кеткенине бир топ жыл болгонун айылдагы досумдан ушул аңгемени жазып жаткан маалда уктум. Эмнеси болсо дагы ошол наристе азыр очор-бачар үй-бүлө күтүп, эч нерседен өксүк болбой, бардар жашоо өткөрүп жаткандыр деп ойлоп коем. Атамдын каза болгонуна быйыл үч жылдын жүзү болду.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында атамдын өзүбүздүн айылдын чарбачылыгына берген баасы эсимде. Учурунда совхоздун малынын санын жатка билген атам:

- Баары бир алдыга өсө алган жокпуз, убагында биздин совхоздо элдин менчик малын эсепке албаганда 64 миң баш кой бар болчу, болгондо дагы азыркы кылчык жүндүү кыргыз кой эмес, меринос тукумундагы уяң жүндүү койлор эле. Азыр элдеги койдун саны анын жарымына дагы чыкпайт, жүнүнүн асылдуулугу жөнүндө кеп кылбай эле коеюн. Ар гектардан кырк беш центнер дан орчубуз, азыр анын жарымын алсак кубанабыз. Айыл чарбасы алдыга жылганды кой, жыйырма-отуз жыл мурдакы абалына да келе элек, – деп айтты эле.

Азыр менден бирөө СССР кезинин эмнесин сагындың, – деп сураса, биринчи кезекте ошол кездеги элдин пейилин деп жооп берет болчумун. Бир мисал: ал кезде кыргызда “ак сатпайт” деген ыйык сөз бар болчу. Колуна идиш көтөрүп алып бири-биринен айран, сүттү бекер эле алышчу. Биздин эл жайлоого барсаң кымызды чакалап эмес, флягалап бекер куюп беришчү эмес беле. Сүт, кымыз, сүзмө сатуу деген кийин эле чыгып, илгертен “ак сатпаган” элдин ичинде азыр кадыресе көрүнүш болуп калбадыбы. Коңшулар бири-бирине сүт айранын сатып, он күнгө карыз акча берсе кайра үстөгү менен кайтарып алган замандын күбөсү болуп жатпайбызбы.

Экинчи мен сагынган нерсе, Союз учурундагы элдин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними. Өзү жашап жаткан өлкөсү менен сыймыктанып, патриоттуулук сезимдин, күчтүү идеологиянын болушу.

Үчүнчү сагынган нерсем, эл арасында, коомдо, мамлекеттин кайсы бутактарында болсун өкүм сүргөн темирдей бекем тартип.

Эсил кайран СССР!

Жыргалбек Абакиров

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG