Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

“Өкмөттүкү” деп жүрүп, өлкөнү талкаладык


"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына келген кезектеги баянды сунуштайбыз.

СССР десе эле, кой үстүнө торгой жумурткалаган берекелүү заманды элестетишет. Ширеңке бир тыйын болчу, кир самындар дүкөндүн бурчунда үйүлүп турчу, газдалган суу үч тыйын, автобуста жүрүү беш тыйын болчу деп тамшанып калабыз. Анда эмне үчүн элге ушундай май көл, сүт көл тартуулаган улуу держава кумга курулган сарайдай кулап калды? СССРдин кулашына эмне себеп болду?

Экономисттер, саясатчылар эң оболу социалисттик экономика дүйнөлүк капиталисттик экономикага аттандаш боло албаганын кеп кылышат. Туура! Бул да негизги себептердин бири. Мен дал ушул Союздун чарбалары кандай иштегендигин бир аз көрүп калган адам катары СССРдин акыркы учурларындагы абалды баяндап бергим келет.

Биздин Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылы “Кеңеш” совхозунун бир бөлүмү эле. Чын-төгүнүн ким билсин, биздин совхоз укмуш деп айтылчу. "Фрунзени азык-түлүк менен камсыз кылат, алтүгүл Ленинградды да камсыз кылат. Бардык жерде тамеки айдалып жатканына карабай, биздин башкарма Амирахан эже Төлөйкөндө жашылча-жемиш, малга тоют болчу өсүмдүктөр гана айдалсын деп тээ Москвага чейин барып келиптир. Кыйын катын да! Ал болбогондо ноокаттыктарга окшоп сасыган тамекинин арасында жүрмөксүң да”, - деп бири-бирине азил кеп ыргытып отурган сугатчы чалдарды көрөр элем.

Азыр ойлоп таң калам: учу-кыйырына көз жетпеген кең талааны 25 – 30дай эле аялдар бригадасы иштетип койчу. Март айында жерге тап кире баштагандан тарта талаанын түйшүктүү иштери башталчу. Биринчи узатасынан күнөсканалар курулуп, жашылча-жемиштердин уруктары ташталат. Анан пленка алдындагы бадыраң себилчү. Ошону менен тээ кеч күздө гана талаа иштери жыйынтыкталчу.

Биздин бригадир Аваскан Токтобаева деген бүт облуска таанымал аял эле. Бакылдап сүйлөгөн, керзи өтүктү кийип алып, тракторду да, “ГАЗ” жүк ташуучу машиналарын да айдай берген шуулдаган аял. Аябай күлкүчү неме эле. Көчө жаңырткан күлкүсүнөн эле аа, Авас эже бараткан экен деп калаар элек. Гезит беттеринен түшпөгөн Аваскан эже облустук советке депутаттыкка чейин жетти. “Ош” студиясында дыйкан, малчы, сакманчы ж.б. советтик чарбанын алдыңкылары менен диктор Анаш Кадырова түз эфирде телеберүүлөрдү уюштурчу. Али эсимде: Аваз эжебиз бир жолу бүгүн эфирге чыгам, эртерээк үйгө барып телевизор көргүлө, уй саайт элем, тамак кылат элем деген болбосун, баарыңар көргүлө деп бакылдаган бойдон шаарга кетти. Түз эфир башталды. Анаш эже эмгек алдыңкыларын катарынан тааныштырып келе жатты. Бир кишинин аты Тополоң экен. Анын жанында отурган Авас эже тарс этип эфирде күлүп жиберсе болобу?.. Биз кыйрап калдык...

Авас эже тууралуу кенен кеп кылып калганым: Союз идеологиясы ушундай типтеги аялдарды чыгарчу окшойт. Эженин турмушка чыккан-чыкпаганын деле так билбейм, бирок мен билгенден эже турмуш курбады. Бакылдап-шакылдап урушкан менен урушуп, талашкан менен талашып, солярка жыттанып, май жыттанып жүрүп, совхоз талааларында жаштыгы өттү. Аялдык бакыттын, энелик бакыттын даамын татпады. Мындай аялдар Союздун чарбаларында толтура болуп, өзүнчө эле бир социалдык катмарды түзчү.

Менин апам да совхоздо иштеди. 40 – 50 рубль тегерегинде айлык алчу. Үйдө 10го жетпеген кой-эчки, бир саан уюбуз болоор эле. Уйларга жем-чөп табуу азаптын азабы. Апам күндө талаадан келе жатып, чөп оро келет. Биз жаныбыздагы уруктук чарбанын тыт плантацияларын аралап чырмоок жулабыз кечке. Кароолчу кубалайт. Күндө ушул. Жүгөрү дүмбүл болгондо уурулук башталат. 3-4 келин чогулуп алып, түн жарымда дүмбүл уурдаганы барышат. Кайч-кайч этип дүмбүл кайрыгандан чыккан үндөр талааны жаңыртып турат. Үйдө коркуп биз калабыз. Эртеси дүмбүлдүн жакшы чыккандарын сууга бышырып алып, бала-чака базарга жөнөйт. Мектепке кийимге акча кылыш керек. Жетиле элек дүмбүлдөрдү уйга беребиз. Ошол дүмбүл уурулук башталгандан тарта уюбуз бададан үйгө түптүз келип баштайт. Болбосо совхоздун жүгөрү, буудай, жашылча талааларын аралап качып кетет. Араң таап келебиз.

Ошондой болчу. Баары уурдачу. Ар ким иштеген жеринен сөзсүз бир нерсе кымтый келчү. Эң авторитеттер кампачылар болор эле. Жөнөкөй жумушчулар кымтычу, чоңдор уурдачу десек туура болот го. Жаныбызда шагыл-бетон заводу бар. Ал жактан шагыл, бетон уурдалчу. Бир жолу бир ЗИЛ бетонду абам уурдап келди. Жаштар ашар кылып, светтин жарыгында фундамент куюп жатсак, кокуй, ОБХССтин балдары келип калыптыр. Ким айтты экен? Үстүбүздөн баспадыбы деп чоң эле киши ыйлагыдай болуп кетти. Балдарына үй салдырып жаткан эже үйдөн акча алып чыгып, бир –эки сааттай ызы-чуу болушуп, араң кетишти. Чоң аксакал бар эле ОБХССтин балдарын сөктү, алат экенсиңер, шарт эле алып кете бербейт белеңер деп.

Совхоздо Гриша, Мамажан, Саты деген айдоочулар, Сартмамат, Ыкын, Карим, Ороз деген тракторчулар болор эле. Биз мектептин өндүрүштүк бригадасында иштейбиз. Машина, тракторлор менен шаарга жашылча –жемиш ташыйбыз. Кээде айылдын чет жагына чыгып туруп, зым менен спидометрди айландырышат да, бензинди төгүп салып, ишке барып келдик,үкалар, секин үйүңөргө кетип калгыла, менин үйдө курулушум бар. Эртерээк барып кыймылдатпасам болбойт дейт. Бизге эмне, балабыз да, тыз коюп сууга түшкөнгө чуркап кетебиз.

Жашылча алган жалгыз комбинат бар Ошто. Кээде кезек болуп, 1-2 күн калып кетебиз машиналарда уктап. Помидорду килограммын эки тыйындан алат. Кезек көп экен деп кээ күндөрү Анжиянга алып барабыз. Биз помидорду түшүрүп бүткөнчө шоопур 1-2 ящик тандап, ящикке салат. Аны бош ящиктердин алдына жүктөп алып чыгабыз да, Анжиян базарына алып барып сатып жиберебиз. Өзбекстандын бөдөнө сайраган укмуш чайканаларына барып курсак жарылганча тамак жейбиз. Кезек жетпей канча помидор, бадыраңдар чирип кетти. Канал боюна алып чыгып тизип койгон помидорго машина келбей, бузулуп кеткен тонналаган жашылчаны сууга агызчубуз.Таң калам: эмне үчүн талаа боюна эле чакан-чакан жашылчаны кайра иштетүүчү цехтерди курбады экен Союз деп. Ысыкта эки-үч күн туруп калган жашылчанын сапатын кандай болорун элестеткиле.

Кеч күздө иш бүтөт. Февралдарга барып премия чыгыптыр, барып алалы деп аялдар совхоз кеңсесине кетишет. Кыйраткан акча деле чыкпайт. Жашылча-жемиш тергенине жараша 400 рублга чейин чыкчу. Ошондо мугалимдерден орточо айлыгы 120 рублдин тегереги эле. Кээ бир жылдары продукция арзандап кетти деп премия деле чыкпай калчу.

Биз жогорку класстарда окуп жүргөндө мектеп окуучуларын өндүрүшкө алып баруу деген нерсе чыкты. Бир күн сабакты толук токтотуп, чоң автобустар менен кыздарды фабрикага, балдарды жыгач базага жумушка алып кетишет. Бир нерсе үйрөнгөнүм эсимде жок. Көбүнчө айлананы тазалагыла дейт, тазалайбыз. Бир жолу иштин эң оңою деп жыгач ящик жасаттырышты. Ийри кеткен мыкты сууруп алып, түздөп кайра кагып, киргизе албай, бармактарды көгөртүп атып ишти баштадык. Бир убакта бригадир келди. Эй, үкалар, ушундай да иш болобу? Өкмөттүкү да! Мыкты да түздөчү беле. Ыргыткыла да, жаңысын каккыла. Жыгачтын кичине эле кыйшыгы болсо ыргыткыла, кыска араалап алдыңбы, улап убара болбо, ыргыт деп акыл насаатын үйрөтүп кетти.

Ушундай “өкмөттүкү” деген сөз болоор эле. Кубатбек Жусубалиев жазгандай, имперский сөз! Империяны талкалаган сөз! Катардагы жумушчудан тарта тээ чоң жетекчилерге чейин “өкмөттүкү” деген түшүнүк жашачу.

Мектепти бүткөн соң, жакын достор университетке өтпөй калдык. Кесиптик- техникалык окуу жайлары СССР деңгээлинде аябай популяризация болуп жаткан. Үч классташ Ош насос заводунун алдында уюшулган №79 СПТУга кирип кеттик. Алты ай теория болду. Анын да эки айча мезгили айыл чарба жумушунда, пахтада өттү. Марттан баштап өндүрүштүк практика башталды. Биз байланышчылар группасында окучубуз. “Ж..а в мыле, рожа в грязи. Вы откуда? – Мы из связи!” - дешчү бизди.

Шаардагы автоматтык телефондук станцияларга группадагы балдарды бөлдү. Биз Акылбек Манасов, Кадырбек Патазов үчөөбүз Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш районундагы №5 АТСке бөлүндүк. Ишке саат 9га келесиңер деди. Эртеси саат 9га барсак жымжырт. Автоматташтырылган залды караган эжеден башка эч ким жок. Ошто шаар эрте ойгонот. Саат 7ден тарта ашканаларда тамактар бышып, самоорлор боркулдап кайнап калат. Эл үйдөн тамактанбай чыгат Ошто. Чайканаларда ысык нан бар, каймагы менен 20 тыйын. Чайканага барып отуруп тургулачы деди АТСтеги эже. Саат 11ге чукул мастерлер келишти. Аксакалы - Дядя Коля деген орус чал. Калганы Валижан, Хасылжан, Акрамжан деген өзбектер. Акрамжаны - айдоочу. “ЕрАЗ” деген түрү суук, скорыйга окшогон дежур машинаны минет экен. Чалдыбары чыгып бүткөн машина. Бир эшигин жапса, эки эшиги ачылып кетет. Сөгүнүп-сагынып түшө калып эшиктерин жабат Акрамжан. Баягы “Мимино” фильминдегидей күлкүлүү киши экен. “ЕрАЗды” шалдыратып, мастерлер менен чайканага жөнөдүк. Түштүктө нанүштө деп койот, орусчасы “полдник” го. Нанүштө болуптур дешти. Чайканада бакылдап отурушуп, түш болду. Эми обед болуптур деп, обедди да кылып анан барабыз деп, АТСке саат 2ден өтүп бардык. Телефону бузулгандар АТСке чалат. Биз барып оңдойт экенбиз. Даректерди алдык да ишке жөнөп кеттик. Акылга Дядя Коля, Кадырга Валижан, мага Хасылжан устат болмой болду. Кээде кабелдерде үзүлүү болсо баарыбыз чогуу иштейбиз.

Хасылжан үйүндө кочкор багат экен. Аны карап, антип-минтип келгиче ушу убакыт болот дейт. Күндө эле саат 11лерге келсеңер болот деди. Аябай жакшы устат болду Хасылжан. “Үкалар, - дейт, - ишке веселый барыш керек. Отвертканы колго веселый алыш керек. Жүда оңой иш. Коркпош керек. Кабель үзүлдүбү? Колодецтен колодецке чейин толук алмаштырып ташташ керек. Улап убара болбо! Кабель - өкмөттүкү! Бул иш кыйын дебе. Веселый, бар” – деп ишке болгон алгачкы жолдомолорду берди Хасылжан.

Ошентип бир– эки чекитти оңдогончо кайра саат төрт чендер болот. Кайра чай ичебиз. Бакылдап отуруп кеч кирип кетет. Ошону менен иш бүтөт. Дядя Коля Никонов өтө башы иштеген орус экен. Союздун Саясий бюросунда Никонов деген болоор эле. Ошого тууганчылыгы бар өтө билимдүү, ишин жакшы билген, маданияттуу киши эле. Чоңойбойсузбу агаңызга таянып десек, зачем дейт. Аракты көп ичет экен. Запойго киргенде жумалап жок болуп кетет.

Күндө ошол. Саат 10дордо жумушка келмей. Нанүштө. Обед. Бир аз жумуш. Чай ичмей. Анан тарап кетмей. Үч ай өндүрүштүк практикабыз кандай бүтүп кеткенин деле билбей калдык. Практика бүткөн соң башка балдардын сурасак, аларда деле ушундайча болуптур иш. Система баары окшош экен.

Булар өз башымдан өткөн тажрыйбамдан бир-эки үзүм гана болду. Айта берсе сөз көп.

Эбегейсиз чоң өлкөнүн эпсиз чоң экономикасын ушундай кайдыгер өндүрүштүк мамилелер сазга тыкты. Көз будамайлоо, “жел” козулар, эмгек алдыңкыларын жасалма жол менен чыгаруу чарбаларды талкалап, адамдагы жаңылыкка, өсүүгө болгон умтулууну мокотту. Прибалтика мамлекеттеринен башка бардык республикаларда ушундай абал эле.

Өкмөттүкү дечүбүз. “Өкмөттүкү” деп жүрүп, өлкөнү талкаладык.

Социалисттик экономика адам табиятын эсепке албай курулган система болгон экен. Анткени ар бир адамда “мен” жашайт. Ошол “мендин” талаптарын канаттандыруу, мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, шык берүү менен гана өнүгүү болот экен. Социалисттик лагердин зордоп адамдарды теңдөөсү, стандарттык ойлоо, стандарттык жашоо, тоталитардык башкаруу, жасалма штамптар коомдук өнүгүүнү сенейтип салыптыр. Темир тор ачылбаганда, калың эл массасы окшош ойлонуп, окшош жашап, автобус, тролейбусстарда өмүрүнүн төрттөн бирин өткөрүп, тыңыраактары “Москвич”, “Волгада” чалкалап, ардагерлерибиз “Запорожец” минип, эмгек алдыңкылары шагыраган медалга көкүрөгү батпай, жеңип алган Өтмө Кызыл Туусун желбиретип, “Жашасын, социализм” – деп коюп жүрө бермек белек, ким билсин. Тагдырдын ушунусуна да шүгүр.

Нургазы Мусаев

XS
SM
MD
LG