Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Бүгүн да топ ойнойбуз деп түштөн кийин үйдөн чыгууну сурансам апам үшкүрүп койду. “Үйдүн жалгыз кызы болсоӊ, эки агаӊ теӊ жогорку билим ала албай, кара жумуш иштеп жүрсө, жок дегенде сен окуп, бир кесиптин ээси болсоӊ боло”, - деп апам басса-турса кайталайт. А менин оюмдун баары топто, кадимки эле волейбол тобунда. Интернеттен издегеним да волейбол оюндарынын видеолору. Атактуу оюнчулардын стратегиялык пландарын, оюн тактикасын карайм.

Топко болгон сүйүүмө эки жыл болду, эки жылдан бери ушул волейбол тобунун арты менен Бишкектеги чемпионаттарга да катышып, байгелүү орундарды утуп келдим. Үйдөгүлөрдүн баары мени тобуман “кызганышат”. Жалгыз кыз болгондуктан менден көптү күтүшөт. Жок дегенде алар ооруп калганда укол сайып берчү медайым болуумду каалашат. Мен болсо унчукпайм, тобумду кантип таштайм деп ойлоп койом.

Мына, сынактарыбыз да бүтүп, мектептен кетээриме саналуу гана күндөр калды. Шаардагы таежем: “Топтун артынан жүрүп жалпы тестти деле кыйраткан жок, эми эмне кылабыз?” – деп апамдын мээсин жейт телефон чалган сайын. Мен баарына унчукпай, купуя сырымды тобум менен гана бөлүшөм. Спортту, топту сүйгөн күнөөбү деп ойлойм... Кыз киши топтун артынан түшкөн туура эмес деп баары айтат. А бирок кантип түшпөйм, түшүмө да ушул волейбол оюндары кирип жатса?..

Эми мен ушул топту кубалаган бойдон келечектеги чоӊ максатыма жетким келет. Бирок бул оюмду айтсам баары урушат го. Ошентсе да мен топсуз келечегимди элестете албай калдым. Жалпы тесттен жаман балл алсам деле университеттердин бирине дене тарбия факультетине тапшырам. Стенфорд университетинин командасынан чыгып эле дүйнөлүк волейбол талаасын багынткан атактуу Керри Уолш Женнигс сыяктуу мыкты волейболчу болгум келет. Кичинекей Кыргызстандан анчалык деӊгээлге көтөрүлө албайсын го дейт курбуларым. Бирок көтөрүлө албасам да топту мендей сүйгөндөргө алган, көргөн, топтогон билимимди берип, тажрыйбамды бөлүшкүм келет. Муну татыксыз кесип деп эсептегендерден алдын ала кечирим сурайм... Айрыкча апакемден. Апаке, мен сиз каалагандай укол сая алган, кан басым ченей турган медайым боло албайт окшойм...

Эми мен жашоомду топсуз, волейбол талаасы жок элестете албайм! Бул анык!

Бегимай Матенова, Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү

P.S Бегимай Матенова бул дил баянды "Азаттыктын" "Мен кесипти кантип тандадым" сынагына жиберген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG