Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Бактымды англис тили адистигине байладым


Ар бир адам бул жашоодо максат коюп жашайт эмеспи. Алардын эң маанилүүсү - кесип тандоо. Ар бир адам кесипти жаштайынан максат коюп, кыял-мүдөөсүнө, шыгына, жөндөмүнө карап тандоосу кажет. Бул жашоодо эки нерсени - өмүрлүк жубай менен кесипти тандоодо жаңылбаш керек деп айтылат эл арасында. Анткени бул экөө өмүр бою адам баласы менен эриш-аркак жүрөт. Кесипти туура эмес тандоонун айынан канчалаган адамдар турмушун кыйынчылык менен өткөрүшөт. Азыркы мезгилде кесип тандоо чындыгында кыйын.

Адам өзүнүн шыгына жараша кесип тандаса, ага ата-эне, туугандары көмөктөш болсо, анда ким болбосун кыялындагы тилек-максатына жете алат. Анан да кээ бир ата-энелер "балам менин жолумду жолдойт" деп баласынын оюна койбой, өздөрү тандаган кесипке, окуу жайга тапшыртып коёт. Бирок аргасыз тандап алган кесиптери менен кийин иштеп кете албай кыйналгандар арбын.

Ошол эле кезде атына кызыгып же жакшы акча табууну эңсеп, жөндөмүнө туура келбеген кесипти тандап алгандар да бар. Алар канча жыл убактысын коротуп, же улам бир кесипке тапшырып, айтор ата-энесин да, өзүн да кыйынчылыкка салышууда.

Негизинен сүйгөн кесипке жетүү үчүн материалдык шарттар анчалык деле маанилүү эмес. Болгону багытты туура коё билсең, ал кесипке жан дилиң менен умтулсаң, ар кандай тоскоолдуктарга карабай жете аласың.

"Ар бир кесип ардактуу" демекчи, бул же тигил кесипти жаман деп айтууга болбойт, ар бир кесиптин өзүнө жараша баалуулугу, түйшүгү жана жыргалы болот эмеспи. ХХI кылымда дүйнөдө жана өлкөбүздө кайсы кесип жакшы бааланат, кайсы кесиптин келечеги бар, ошого караган оң. Бүгүн Кыргызстанда негизинен экономист, юрист, менеджер, журналист, инженер, тилчи, котормочу, ошондой эле коммуникация, информатика, маркетинг боюнча адистер, иши кылып кесиптер абдан эле көп.

Мен кичинемде дарыгер болгум келчү. Бул көп кыздардын бала кездеги кыялы болот эмеспи адатта. Балалык кыялдарыма алдырып, андан башка да бир канча кесиптин ээси болгум келген учурлар болгон.

Акыры ары-бир ойлонуп, мен англис тили боюнча котормочу жана мугалим болууга токтолуп отурам.

Анткени мен Европа, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш, Чыгыш Азия, Америка өңдүү өлкөлөр менен да кызматташтыкты күчөтүп, ал жактын жакшы жактарын өзүбүзгө үлгү катары алып, өлкөбүздү өнүктүрүүгө салым кошкум келет. Ошондой эле аталган өлкөлөрдөн Кыргызстанга мыкты инвесторлорду чакырып, өлкөбүздү өнүктүрсөм дейм. Соода-сатык, тоо кен, тейлөө, оор жана жеңил өнөр жайы, айыл чарбасын өнүктүрүүдө дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттер менен тыгыз кызматташтыкты түзүп, эки жактын тең пайдасына салым кошкум келет. Мындан тышкары Кыргызстан туристтик өлкө болгондуктан кооз көлдөрүбүздү, тоолорубузду, жайлоолорубузду, шаарларыбызды таанытып, туристтерди тартуу кыялым бар. Өлкөбүздүн шарттарын, кооз жерлерин башка мамлекеттерге жарнамалап, ал жактан туристерди тартып, жайкы да, кышкы да туризмди өнүктүрүүгө салым кошсом дейм. Ал үчүн жогоруда мен айткан өлкөлөр, аймактар менен дипломатиялык алаканы өнүктүрүү маанилүү. Ошон үчүн англис тили боюнча адис болууну самап жатам.

Ошондой эле англис тилин балдарга үйрөтүп, Кыргызстан менен дүйнө мамлекеттеринин кызматташтыгын өнүктүргөн атуулдарды тарбиялагым келет. Болгон билимимди элибиз, өлкөбүз үчүн жумшасам дейм. Келечекте туруктуу саясат, өнүккөн экономика, алдыңкы билим берүү, патриот жаштар, стабилдүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга бар күчүмдү, салымымды кошсом деген изги тилегим бар.

Гүлзира Разак кызы, Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылынын Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинин 11-класстын бүтүрүүчүсү

P.S Гүлзира Разак кызы бул дил баянды "Азаттыктын" "Мен кесипти кантип тандадым" сынагына жиберген.

XS
SM
MD
LG