Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Бир жатында чоңоюп, бир үй бүлөдө өскөн эки бир тууган болуптур. Алардын бири абдан жолдуу, анан да ак көңүл, колунда жокторго берешен болот. Ийгиликтин туу чокусуна жетет. Ал эми экинчиси жеткен жалкоо, орой болуп, акыры жүрүп киши өлтүрүп түрмөгө түшүп калат. Ошондо журналисттер алардын экөөнөн тең эки бөлөк интервью алышат.

– Айтыңызчы, сизди мындай кылмышка эмне түрттү – деп, абакта жаткан агасына кайрылышат. Анда ал ачууланып:

– Менин балалыгым оор болгон. Атам ичип келип апамды, апама кошуп баарыбызды сабачу. Анан мен ким болмок элем? – дейт.

Ошол эле убакта журналисттердин экинчи тобу, анын инисине:

– Сиз өзүңүздүн жетишкендиктериңиз менен бардыгын таң калтырып келесиз. Айтыңызчы, сиздин мындай жетишкендиктерди багындырууңузга эмне түрткү болду? – деп суроо узатат. Анда ал, ойлуу:

– Менин балалыгым оор болгон. Атам ичип келип апамды, апама кошуп баарыбызды сабачу. Анан мен ким болмок элем? – деген экен.

Бул жашоо ар бир тирүү жанга берилген бир белек, балким сыноо. Биз кандай болуп төрөлөрүбүз, кимге бала, кимге бир боор болоорубуз, улутубуз, жынысыбыз кандай болоору бир гана Жараткандын колунда. Буларды тандоого эч кимге, эч качан эрк берилген эмес. Ал эми бул жарыкчылыкка келген соң түстү, форманы, тамакты, үйдү, машинаны, деги койчу колдон келген бардык материалдык байлыктарды тандоо мүмкүнчүлүгү ар кимдин өзүнө берилген. Бүгүн дүкөнгө барып көйнөк тандоодо досуңдун же дагы башка бирөөнүн пикирине макул болуп адашсаң эч нерсе эмес. Эртең дагы башкасын сатып аласың. Бирок, жашоодо бизге тандоо мүмкүнчүлүгү берилген эки нерседен эч ким адашпоосу керек экен. Ал сенин – кесибиң жана өмүрлүк шеригиң, жолдошуң. Чын эле сени бир өмүр коштоп жүрүүчү эки нерсе ушулар тура. Эрте менен жүрөгүң сүйгөн жумушуңа шашылсаң, ар бир кылган ишиңден ырахат алсаң, а жумуштан кийин үйүңө шашылсаң, мындан өткөн бак барбы өмүрдө?! Тыйындын экинчи тарабын да элестетип көрдүм. Мойнунан байлаган иттей араң сүйрөлүп жумушка жөнөсөң, таң атпай үйдөгү уруш-талаш менен, жумушта сага эч ким жылмайып турбаса (өзүң жылмайбасаң, өзүң кубанбасаң, башкалар да сенин көзүңө ошондой туюлат да), азап-тозок менен сегиз саатты араң өткөрүп, анан үйүңө да ошондой маанай менен кайтсаң, анда бул жашоо тирүүнүн тозогуна айланбайбы. Жок дегенде бирин тандоодон жаңылган адамдар же жумушта олтура берип үйүнө кеч барат, же ар дайым жумушка кеч барат.

Мектеп босогосун жаңы эле аттап, турмушка сапар алып турган кезим. Балалыктын баео кыялдарыбы, же бардыгы эле ушундай болобу билбейм, айтор, мен азыр биринчи тандоомдо чынын айтсам башым айланып турган кез. Классташтарымдын бардыгы дарыгер болом дегендер. Бир жолу даярдоо курсуна барып, сабакка катышып калдым. Химия, биология сабактарынан кошумча сабак алып, врач болом дегендердин кыргыз тайпасына араң элүү үчүнүчүсү болуп катталдым. Орус тайпасында андан да көп. Анан өзүмө суроо узатам. Баарыбыз дарыгер болуп алсак, анда балдарды ким окутат, теледеги берүүлөрдү ким алып барат? Кыскасын айтканда суроолорум көп. Мектебибиздеги сабагын тарсылдатып өткөн, курбулар бош болсок эле ошол мугалимдер жөнүндө сүйлөшкүбүз келе берген эже-агайларды көрүп мугалим болгум келип кетет. Кээде адвокат, кээде балдар бакчасындагы тарбиячы. Кыскасы кыялдарымдын тизгини жок. Бирок, жалпы республикалык тестирлөөнүнүн жыйынтыгы чыгып келип, “алыма карап иш кылып, малыма карап ышкырып” турган кезим. Бул тестирлөөнүн бир тарабы коррупцияга бөгөт болгону менен, бир тарабы кыялдарды чектеп коет тура. Маселен, болочокто ырчы, музыкант, сүрөтчү, тигүүчү болом дегендер үчүн тесттин эмне кереги бар эле? Мен азыр оюмду дагы башка агымга буруп кеттим окшойт…

Менде баарынан биринчи турган бир максат бар. Ал – келечекте жакшылыктын бир аз учкунун болсо да башкаларга тартуулаган, бирөөгө жардам берүүдөн ырахат алган, анан да башкысы коомго адамгерчиликтүү балдарды тарбиялаган эне болуу. Болгондо да апамдай баатыр эне болуу. Ал эми апам менен, жүрөгүм менен, анан да топтогон упайлардын жыйынтыгы жазылган сертификатым менен кеңешип олтуруп, дарыканачы болууну чечтим. Медициналык билими жок туруп дарыканада иштеген, кээде айлаң куруп шашылганда жүгүрүп барып кеңеш сурасаң эптеп эки ооз сөзүн айта албаган айрым дарыканачыларды көргөндө бул эмнеси деп таңыркачумун. Ак халат кийип кызмат кылуу аруу тилектеримдин бири эле. Буйруса шаарда өзүнүн дарыларынын сапаттуулугу, ишеничтүүлүгү жана арзандыгы менен атагы чыккан “Үмүт” деген дарыкана ачам. Ошондо бардык кембагалдарга, кароосуз калган балдарга, балдары карабай кеткен ата-энелерге дары-дармек жагынан жардам берем. Өзү эч кимдин оорубашын каалайт элем. Дарыканада дарылар сатылбай, ооруканада керебеттер бош турганга не жетсин… Мен бул дарыкананы пайда көрүп, бай болуш үчүн ачпайм, болгону бирөөгө жардам колун сунгум келет. Бул максатымдын ишке ашуусу үчүн мен эми дагы көп окушум, көп эмгектенишим, анан апам айткандай, күнүгө эрте менен күн чыга электе чачылган ырыскыны жыйып алуу үчүн эрте турушум керек.

Менде эң бактылуу балалык болду. Эч нерседен кем болгон жокмун. Ата-энем ысык-суукта баарыбызды канатына калкалап өстүрдү. Жакшы кебин, акыл-насаатын, мээримин аяган жок. Анан мен ким болмок элем?

Нуржамал Мотой кызы, Ош шаарындагы "Билим" лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG