Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Биомедициналык инженерия - менин кесибим


Заманбап жабдылган оорукана
Заманбап жабдылган оорукана

Убакыт зымырап, мына эми уядан учуп, чоң турмушка кадам жасап жаткан кезибиз. Бул чоң турмушта адам өз максат-тилегине жетүү үчүн, өзгөчө азыркы заманда, жакшы жумушка ээ болуусу абзел. Ал эми кара жумушту талап кылбаган, ошол эле учурда жетиштүү айлык акы менен камсыз кылуучу жумуш орундарына билимдүү, жумушту так аткарган адамдар талап кылынаары белгилүү. Ошондуктан жүрөгүбүз каалаган, кызыгуубуз арткан жана эң башкысы келечекте жумуш таба алчу кесипти тандообуз зарыл. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө болгондуктан, биз, жаштар азыркы учурга карап чечим кабыл албастан, 5-10-жылдан кийинки келечекти караганыбыз оң.

Келечекте кайсыл кесиптин ээси болом, кандай багытта жашоомду улантам деп көп ойлондум. Азыркы учурда биз үчүн абдан көп мүмкүнчүлүктөр бар, ошондуктан бир кесипти тандоо жана туура чечим чыгаруу оңойго турбас. Кесип тандоодо өлкөбүздөгү кырдаал, элдин турмушу жана бизден улуу эже-агаларыбыз бизге сабак болушу керек. Анткени көптөгөн адамдар туура эмес кесипти тандап алып, натыйжада жумуш таба албай жүрүшөт. Жогорку билимди тастыктоочу дипломго ээ болуп, бирок кесиби менен эмгектенбей, айрым учурда кара жумуш кылгандардын да саны аз эмес. Демек анын беш жыл ичинде корогон убактысы жана акчасы текке кетти деген тыянак чыгарганыбыз туура. Ошондой эле “дипломдуу болсом” деген куру намыс менен көптөгөн жаштар каалоосу жок же ата-энесинин талабы менен окуп жүрүшөт. Мына ушундай көрүнүштөрдү эске алганда, мен өзүм каалаган жана заманбап турмуштун талаптарына жооп берген кесиптин ээси болгум келет.

Акыркы жылдары ата-энем да, туугандарым да өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүп, кесип тандоо боюнча түрдүү сунуштарды айтышты. Алар дагы менин туура кесип тандоомду каалары шексиз. 11-класстан тартып, чынын айтсам, түрдүү кесиптин ээси болуп чыктым. Медицина кызматкери, компьютер адиси, тилчи - түрдүү тармактар кызыгуумду арттырды. Натыйжада ушул тармактардын баарын камтыган, мен каалаган кесипти таптым. Менин болочок кесибим - биомедициналык инженерия, башкача айтканда медициналык аппараттарды окутуучу багыт. Мен өзүмдүн техникага жакын экенимди күнүмдүк турмуштан көп байкайм. Андыктан физиканы, биологияны, информатиканы, ошону менен бирге эле медицинаны окутуучу бул тармак мен үчүн кызыктуу кесип, мен үчүн жаңы нерсе деп айтсам болот.

Ал эми бул багытта Кыргызстанда билим бериле баштаганына аз гана убакыт болду. Борборубуздагы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин кыргыз-герман факультетинде мен тандаган кесипти окутат.

Мен өзүм А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын немис тили багыты боюнча классын бүтүрүп жаткандыктан, мага мындан ары да немис тилин улантууга жакшы шарт керек. Жети жылдан бери немис тилин окуп, эл аралык Goethe-Institut мекемесинин сертификатын (В1) да алгам. 2014-жылы Германияда жайкы курска катышып, эс алып да келдим.

Бул өлкө жашоочуларынын жөнөкөйлүгү, маданияттуулугу, таза жана кооз, эң башкысы, билим алууга жакшы шарт түзүлгөндүгү менен мага абдан жакты. Келечекте окуумдун жарымын Германиядан улантууну көздөп турам жана мындай мүмкүнчүлүктөр бизде көп. Германия техникасы өнүккөн мамлекет болгондуктан, окуумду бүтүрүп, Кыргызстанды түрдүү медициналык аппараттар менен камсыз кылсам, элдин ден соолугун чыңдап жана саламаттыгын сактоо үчүн пайдам тийсе деген ниетим бар. Менин дипломум мен үчүн эле эмес жалпы коомго пайдасы тийет деп үмүттөнөм.

Өз өлкөсүн өнүктүрүүгө салым кошууну жана ал үчүн кызмат кылууну каалаган мен сыяктуу кыз-жигиттер көп деп ишенем. Келечек ээлери жаштар демекчи, эгер баарыбыз биригип, ниетибизди түз кылып, ак дил менен, талыкпастан, ар тараптуу кызмат көрсөтсөк, элдин турмушу оңолуп, Кыргызстан келечекте гүлдөп, өнүгүп-өсүп, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарында болоруна чын жүрөгүм менен ишенем.

Жумагүл Бакирова,​ Бишкектеги улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын бүтүрүүчүсү

XS
SM
MD
LG