Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм


Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" аттуу дилбаяндар сынагын жарыялаган. Буга ылайык, "Азаттык" радиосу Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дил баяндарын webeditor@rferl.org электрондук почтасы аркылуу кабыл алат жана алардын арасынан жеңүүчүнү аныктайт. Дилбаяндарды кыргыз же орус тилинде сунуштаса болот. Сынактын жалпы шарты менен бул жерден тааныша аласыз.

Сынакка келип түшкөн алгачкы дилбаянды сунуш кылабыз. Аны Жалал – Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 9-класстын окуучусу Табийгат Жокуева жөнөткөн.

Биздин кыргыз жерибиз - абдан кооз, биологиялык жана географиялык жактан төп келген кереметтүү жер. Менин сыймыктанар, мактанар жерим - Кыргызстаным, куттуу Мекеним. Кыргыз жери - адамдын көз жоосун ала тургандай кооз, кереметтүү, касиеттүү өлкө.

Кыргызстандын чебиндей болгон көк мелжиген бийик-бийик тоолору, шаркырап аккан суулары, кызыл-тазыл гүлдөрү, жыттуу арчалары, бийикти мекендеген жапайы жаныбарлары, деги эле койчу, сулуулуктун, байлыктын баары бизде. Кыргыз жерим кенге бай, алтын, көмүр, мунай, уран, сурьма, мрамор, гранит, туз жана ар кандай минералдык суулар бар. Ар бир облустун өзүндө, адамды тамшандырган кооз жерлери жана тарыхый мурастары бар.

Кыргыз жерибиздин тоолоруна жаратылышына суктанып, көптөгөн мамлекеттерден туристтер, чет элдик меймандар келип эс алып кетишет. Чыныгы эң кооз эс алуучу жайлардын бири бул Ысык-Көл. Кыргыз көлү атайын эс алууга жаралгандай, жайы-кышы жылуу. Кыргыз жерине келген чет элдик меймандар, туристтер жакшы ойлорун айтып суктанышат.

Кыргызстан өзү чакан мамлекет болсо да, тоолору, суу сактагычтары, жаратылышы менен бут дүйнөгө таанылган.

Эй, адамдар, силер ак мөңгү жамынган бийик тоолору, ак кийиз менен оролгон боз үйү, музыкадай кубулжуган суулары, кооз-кооз бажырайган талаа гүлдөрү, тоодон-тоого секирген кайберени бар өлкөнү көрдүңөр беле?! Албетте, биздин жерибиздеги сулуулук, эч жерде жок. Кыргыз жери мен үчүн керемет.

“Кыргыз жеримдин өркүндөп, өсүп өнүгүүсүнө, ар бир атуул өз салымын жигердүү түрдө кошуусу керек”.

Кыргыз жерим дүйнөнүн кооз жери,

Ак калпактуу, меймандос Кыргыз эли.

Оо, адамдар, салымыңарды кошкулачы,

Өркүндөп өсө берсин кыргыз жери.

Азыркы учурда дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөдө Кыргызстандын элчилиги иштеп жатат. 130 дан ашуун мамлекет Кыргыз Республикасын тааныды. 96 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлдү. 1992-жылдан баштап Кыргызстан эл аралык уюмдарга мүчө боло баштаган. Социалдык-экономикалык чөйрөсүндө кайра куруулар жүрдү.

1992-жылдын 24-августунан баштап 1-сентябрына чейин Бишкекте Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы болуп өткөн. Ага дүйнөнүн ар тарабында жашаган кыргыздар келип катышкан. Ал эми 1995-жылы Улуу кан Манастын ордосу турган Таласта "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы чоң маараке менен белгиленген. 2003-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы болуп өткөн. Андан кийин ЮНЕСКОнун колдоосу менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленген.

Мына ошентип, өсүп өнүгүп, түптөнүп, дүйнөлүк аренада өз ордун таап келе жатат. Бирок, канча деген Кыргызстандын келечегине керек болгон атуулдары чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Өз Мекенине кайтып келип, колдорунан келген салымын кошсо, кыргыз жери өнүгөт беле? Албетте, өнүгөт, жаңы бийликтегилер жакшы болсо, көптөгөн ишканаларды ачса, азыркы кезде иштебей жаткан завод-фабрикаларды, Камбар-Ата ГЭСтери курулуп иштесе, адамдар өз жеринде, өз элинде, үй-бүлөсүнүн жанында иштеп мамлекетке да пайда болмок.

Кыргыз жерибиздин табияты кооз жерлерине курулуш түшүрүп, туристтерди өзүбүзгө тартсак, экономикалык өнүгүү болот эле.

Мен дагы Кыргызстан сыймыктана тургандай инсан болууга жана өз милдетимди так аткарууга аракеттенем. Кудай буйруса, мен кийин өз эмгегимден тапкан пайдама, эл үчүн кызмат кыла турган мекеме же ишкана ачам. Кыргыз жеримдин бир кооз жерине курулуш түшүрүп, туристтер, чет элдик меймандар, өзүбүздүн элибиз эс ала турган эс алуучу жай курам.

Мен эле эмес, кыргыз элим, келгиле, баарыбыз ошол кыргыздын намысын коргогон атуул бололу! Кыргызстандын кооздугун сактай билели! Эс алуучу жайларга таштанды таштабай, кооздугун сактап, баркын билели! Дайыма алдыга умтулуп, ынтымакта, бейпилдикте өмүр сүрөлү!

Табийгат Жокуева, Жалал – Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу.

XS
SM
MD
LG