Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ӨЗ АЛДЫНЧА БОЛОБУ?


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кыргызстандагы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын айрымдары өкмөттүн карамагына чыгарылып, өзүн өзү каржылоого өтөт. Мындай университеттердин тизмесин аныктап түзүү үчүн азыр мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.

Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн сапатын кантип жогорулатып, канткенде дүйнөлүк билим берүү системасына кирип, ал жерден татыктуу орун таба алат? Мына ушул суроолор билим жаатындагы кезектеги реформалардын негизги максаты болуп саналат, дейт билим жана илим минстринин орун басары Адина Боронов:

- Дүйнөлүк билим берүү системасында мыкты деген университеттер, мыкты деген окуу жайлар менен атаандашттык күрөштө теңтайлашып өзүбүздүн наныбызды таап жейли деген маселе да. Глобалдашуу жараяны абдан тездик менен жүрүп жатат. Каалайбызбы, каалабайбызбы эртең дүйнөлүк билим берүү системасына киребиз. Ошол жерден өзүбүздүн татыктуу ордубузду таба албасак талаада калабыз. Азыркы кыйын акыбалдан биз билимди жакшы берип, жакшы адис даярдап, анан алар жакшы иштесе чыгып кете алабыз. Азыр бүт жасалып жаткан аракеттердин максаты ушу.

Өкмөт башчынын 3-октябрдагы буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ үч айдын ичинде университеттерди мамлекеттин карамагынан ажыратуу жаатындагы нормативдик-укуктук нормаларды жөнгө салуу боюнча долбоорлорду даярдашат. Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов билим берүү тармагындагы бул иш-аракеттерди колдойт. Бирок кезектеги реформаларды туура жүргүзүп, анын алдында бир катар маселелерди чечип алган оң:

- Жалпы жогорку билим берүү, университеттер, институт, колледждердин абалын караш керек. Канчалык ошол бюджеттен кетирилип жаткан акча жаштардын пайдасына жумшалып жатат? Менимче ал жерде көп маселе бар. Бюджеттик орунду ээлейбиз деп коррупцияга батып кеткени сезилип турат. Бюджеттин негизинде даярдалып аткан адисттер Кыргызстандын келечектеги интеллектуалдык тобун түзүшү керек. А эгерде тааныш же акча аркылуу жаштар ошол орундарды ээлеп калса, анда биз мындан ары да коррупцияга жол ачып берип калабыз. Коррупциянын келечегин кеңейтип атабыз. Биз ушул жактан да карашыбыз керек.

Окуу жайларды мамлекеттин кармагынан чыгаруу иштери астейдил жүргүзүлүшу керек деген пикирин Медициналык академиянын проректору Рысбек Калиев билдирет. Анын айтымында медициналык окуу жайларды менчиктештирүү бул жаатта сапаты начар кадрлардын даярдалышына алып келет:

- Үч жыл мурда, баягы Акаевдин заманында менчиктештирүүгө даярдалып калган убагы да болгон. Ага биздин жамаат каршы болгон. Ошол структуралырдын баарын жаап, азыр кайра мамлекетке өткөрүп жатабыз. Анткени дарыгерлерди даярдоо оңой эмес. Мына биздин Медакадемияда элүү алты кафедра бар. Бул кафедралар алтымыш сегиз жылдан бери араң ушундай деңгээлге жетти. Бир күндө пайда кылыш кыйын. Ошон үчүн менчиктештирүүгө биз, медакадемия азыр мүмкүнчүлүк жок деп эсептейбиз. Аракет кылгандар бирок алар туура эмес кылып жатышат.

Кыргызстанда кайсы окуу жай өзүн өзү каржылоого өтөт, бул реформаларда чын эле билим берүүнун сапаты жогорулайбы, студенттерге кедергисин тийгизбейби деген суроолордун жообу кеминде үч айдан кийин ачыкталат шекилдүү.
XS
SM
MD
LG