Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Эки жыл мурунку ыңкылаптан кийин эмгек жамаатынын талабы менен кызматынан четтетилген Арабаев атындагы университеттин мурдагы ректору Аскар Бекбоев учурда өкмөттө жогорку окуу жайларын көзөмөлдөйт.

Ал ректор кезинде окуу жайда жыйырма сегиз миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылганы, бирок бул ишке тергөө чекит койо электиги айтылууда. Аталган окуу жайдын жамааты мурдагы ректор өкмөттүк кызматта отурганы орунсуз деп бийликке кайрылган.

Окуу жайдан кетирилгендер өкмөткө барабы?

Жакында өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун дарегине Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин эмгек жамааты окуу жайдын мурдагы ректору Аскар Бекбоевдин өкмөттө билим берүү менен маданиятты көзөмөлдөгөн бөлүмдө иштеп жатканына нааразы болгон кайрылуусун жолдоду. Анда Бекбоевдин 2010-жылы 15-апрелде эмгек жамаатынын талабы менен ректорлук кызматтан четтетилгени мисал келтирилген. Буга анын окуу жайдагы шектүү ишмердиги жана жамаатына жасаган мамилеси себеп болгону көрсөтүлгөн.

Арабаев атындагы университеттин экология жана туризм институтунун директорунун орун басары Руслан Акматов Бекбоевди ректорлук кызматтан кетирүүгө негиз болгон ошол кездеги жагдайлар туурасында “Азаттыкка” бул фактыларды айтып берди:

- Биздин окуу жайда биостанция жайгашкан жер тилкеси бар эле. Жалпы аянты бир гектардан ашуун. Ал жерге биологдор, химиктер барышып, тажрыйба жүргүзүшчү. Мына ошол жер жеке менчикке өтүп кеткен. Аны мына ошол жеке менчикке өткөргөнгө эмне зарылдык болгондугун ректор мырза түшүндүрүп бере алган эмес. Мындан сырткары ректор кезинде Бекбоев өзүнүн бир тууган иниси Кубаныч Бекбоев деген жигитти окуу жайды керектүү товарлар менен камсыздоочу кызматка койгон. Албетте бул кызматка эмнеге койгону түшүнүктүү да. Ошондой эле өзүнүн жакын туугандарын окуу жайдын жатаканаларына комендант кылып дайындаган учурлары да болду. Бекбоев биздин окуу жайдан мына ошондой ишмердүүлүгү үчүн кетти эле. Анан анын кайра эле өкмөткө келип, жогорку окуу жайларды көзөмөлдөгөн бөлүмгө жетекчиге орун басар болуп иштеп жатышы таң калычтуу.

Бүдөмүк карыздар

Арабаев универститетинин Бекбоев жетектеп турган учурдагы ички-тышкы карызы он беш миллион сомдон ашып кеткен. Мунун айынан эмгек жамааты айлап айлык маяналарын албай калган учурлар катталган. Окуу жай мына ошол карыздан азыркы күнгө чейин арыла албай келе жаткан экен.

Аталган университеттин жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Мелис Оңолбаев окуу жайдын ички-тышкы карызы эмнеден улам келип чыкканы азыркы күнгө чейин бүдөмүк экенине токтолду:

- Айлык бериле турган мезгилде эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, “чыдагыла, айлык акы төлөнбөйт” деп айткан учурлары болду. Анан мен ал кишиге мугалимдин айлык акысы кол тийгис болуш керек да, эмне себептен аны төлөбөй койгонго акыңар бар? - деп суроо берген элем. Бир эле мисал. Келишимдик окуу акысынан жүз сом түшө турган болсо анын элүү сому айлык акыны төлөөгө жумшалыш керек эле да. Анан тиги калган элүү сомунун жыйырмасы атайын эсепке - мамлекетке кетсе, калган отуз пайызы окуу жайдын өнүгүшүнө жумшалууга тийиш. Бирок мына ошонун бардыгы тең жок болуп, окутуучуларга айлык төлөй албайбыз деп ар кайсы шылтоону айтып жүрүшпөдүбү.

2009-жылы окуу жайдагы келишимдик окуу акысынан түшө турган каражаттын негизги бөлүгү топтолбой, университет каржылык жактан каржалган абалга жеткен. 2010-жылы университетте каржы таңкыстыгы чегине жеткен.

Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин азыркы ректору Төлөбек Абдрахманов мына ошол абалдан окуу жай эми зорго чыгып жатканын кошумчалады:

- Окуу жайдын эмгек жамаатын эң эле кыжырданткан маселе - ошол карыздын кандайча тотполуп кеткени болчу. Ошол карыздын кесепетинен улам окуу жайдын эмгек жамааты 2010-жылы апрель айынан сентябрга чейин айлык ала алышкан жок. Өргүү акысын ала алышкан эмес. Анан кийинки келген студенттердин келишимдик акысынын эсебинен мына ошол төлөнбөй келген акча каражаттарын төлөй баштадык. Мына ошол карызды үзүп отуруп, азыр эки миллиондон ашыгы калды.

Текшерүү көп, чекит жок

Арабаев атындагы университеттин мындай абалга кептелишин эмгек жамааты мурдагы ректордун ишмердигине байланыштырууда. Мына ошого байланыштуу аталган окуу жайдын окмуштуулар кеңеши былтыр жазында университетке сырттан аудит чакырып, каржылык текшерүү уюштуруу чечимин кабыл алган.

Ректор Төлөбек Абдрахманов текшерүүнүн жыйынтыгы олуттуу катачылыктарды аныктаса да тергөө бир жылдан бери чекит койо албай жатканын белгиледи:

- Биздин окуу жайга Каржы полициясынан, Улуттук коопсуздук комитетинен жана Башкы прокуратурадан текшерүүлөр болду. Анан эң аягында билим берүү министрлигинин ички аудит кызматы текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча атайын актылар түзүлгөн. Ал тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырылган. Бирок алты айдан ашуун убакыт өткөндүгүнө карабастан мына ошол тергөө ишинин жыйынытыгы тууралуу маалымат ала элекпиз. Мына ошол аудиттин жыйынытыгы боюнча мен өз макулдугумду берип кол коюуп бергемин. Эми чечимди укук коргоо органдары чыгарыш керек. Ага чейин бирдеме деп айтканыбыз туура болбой калат. Бирок мына ошол актыларда келтирилген фактылар болгондугу аныкталган.

Арабаев атындагы университеттин жети жылдан берки абалын текшерүүгө Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы ички аудит кызматы тартылган. Бир канча айлап жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында ички аудит кызматы 2011-жылы май-август айларында мурдагы ректор Бекбоевдин учурундагы одоно мыйзам бузууларды таап чыккан. Аудитордук документтер боюнча, окуу жайдагы каржылык мыйзам бузуулардын жалпы өлчөмү жыйырма сегиз миллион сомду түзгөн. Анын ичинен эң эле көбү окуу жайдагы курулуш-ремонт иштерин жүргүзүүдө он миллион сегиз жүз он эки миң сомдун изи табылган эмес. Ошондой эле айлык маяна, стипендия жана сыйлык акчаны төлөп берүүдө сегиз жүз он үч миң алты жүз жетимиш жети сом өлчөмүндөгү мыйзам бузуу катталган.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы ички аудит кызматынын жетекчиси Бакыт Жолдошев окуу жайдагы мыйзам бузуулар катары мына буларды атады:

- Алар учурунда окуу жайдын өндүрүш борборун курабыз деп акчанын бардыгын ошол жакка которушкан. Бирок кандай курулуш иши болгондугун тастыктаган документтери жок. Ремонт жүргүзгөнбүз, анан эмеректерди сатып алганбыз деп акча жумшаганы менен анын бардыгынын чыгымын тастыктай турган документтер жок болуп чыкты. Ремонт иштери жүргүзгөнү белгисиз. Жалпысынан каржылык мыйзам бузуулардын өлчөмү 28 миллион сомго барабар. Анын ичинде мыйзамсыз сыйлыкка акча төлөгөн учурлар да бар. Мына ошону бардыгын биз далилдеп чыкканбыз. Каржылык документтердин айрымдарында мурдагы ректор Бекбоев өзү кол койсо, кээ бирлерине проректор кол койгон. Бул эми өтө эле чоң сумма. Анын ичинде бюджеттик каражаттар дагы бар.

Мындан тышкары окуу жайдын ошол кездеги жетекчилиги тарабынан мамлекеттик казынадан каралган каражатты максатсыз пайдалануу, имараттардын ижара акысы, студенттерден мыйзамсыз акча чогултуу жана келишимдик окуунун эсебинен түшчү каражатты иштетүүдө бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендиги ашкереленген. Окуу жайга таандык имараттарды ижарага берүүдөн жылына 313 968 сом түшүш керек болсо, 2007-2008-жылдары бул көрсөткүч 91 миң сегиз кырк сомго аз көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары окуу жайга курулуш материалдарын, эмерек жана башка буюмдарды сатып алуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жогору көрсөтүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле ички аудит 2005-жылдан 2010-жылга чейин окуу жайдын ректору, проректору жана башкы эсепчи ай сайын жыйырма миң сомдон ашуун сыйлык акча билим берүү министрлигинин атайын уруксаты жок эле өздөрүнө чегерип турушкандыгын аныктаган.

Ошондой эле студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштурууга мамлекеттик казынадан жана келишим акынын эсебинен келүүчү каражат максатсыз коротулгандыгы текшерүү учурунда чыгып калган.

Бакыт Жолдошевдин айтымында, 2007-2009-жылдары студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштурууда тогуз жүз он сегиз миң тогуз жүз жетимиш бир сом негизсиз чыгымдалгандыгы аныкталган:

- Студенттерди өндүрүштүк практикага барганбыз деген менен чынында андай болбогондугу аныкталды. Мисал үчүн бюджеттик бөлүмдөрдө окуган студенттердин практикага баруу чыгымы бюджеттен төлөнгөн. Келишимдик негизде окугандарга мына ошонун эсебинен кыркылган. Бирок окуу жай жетекчилиги мына ошого карабастан студенттерден практикага деп акча чогулткан экен. Бюджетте окугандардан 1500 сомдон, келишимдик негизде окуган студенттен 1000 сомдон акча жыйнагандыгын тастыктаган учурлар аныкталды. Бирок ошол студенттер практикага барышпагандыгын айтып, бизге түшүнүк кат жазып беришкен.

Бекбоев өзү эмне дейт?

Эске сала кетүүчү жагдай: Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин каржылык абалына Эсептөө палатасы дагы мурда мерчемделген иш-чаранын алкагында текшерүү жүргүзгөн. Бирок Эсеп палатасынын Бишкек шаары боюнча инспекциясы окуу жайдан орчундуу каржылык мыйзам бузуу фактыларын таба алган эмес. Мына ошондуктан окуу жайды Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы ички аудит кызматы текшерип, мыйзам бузууларды таап чыгышы жекече мамилелерден келип чыккан жагдай дегендер да жок эмес.

Аталган окуу жайдын мурдагы ректору, азыр өкмөттүн социалдык жана гуманитардык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматында иштеп жаткан Аскар Бекбоев өзүнө коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экенин айтып, ар бир маселе боюнча суроого өз жүйөөсүн айтуу өтүнүчүбүзгө мындайча жообун узатты:

- Силер кызык экенсиңер. Ошону менден сурайсыңарбы? Мен эмне “ошолор туура кылып жатат, ошонун бардыгын жеп койгомун деп айтамбы? Мындай калыс кишилерден, мына ошол иштерди так иликтеген адамдардан сураш керек да. Эгер ошонун бардыгы чын болсо ушундай болмок беле? Бул эми эмне деген суроо? Суроо бергенде ойлонуп туруп суроо бериш керек да. Ал жерде эмне себептен ушундай болуп жатканы жагдайды жакшы билбеген кишилерге деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Эми азыр мен чындыгында эле ошондой болгон, же анын бардыгы жалган дегенден эмне майнап чыгат эле. Менимче, андан эч кандай натыйжа чыкпайт. Кечирип койосуңар...

Билим берүү жана илим министрлигини алдындагы ички аудит кызматы таап чыккан каржылык мыйзам бузуулардын негизинде окуу жайдын ошол кездеги
башкы эсепчиси, чарба иштери боюнча проректору кызматтан четтетилген. Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине берилип, андан Бишкек шаардык каржы полициясына которулган. Учурда каржы полициясы жоюлуп кеткендигине байланыштуу аталган материалдардын негизиндеги иликтөө ишинин жыйынтыгы белгисиз.

Ага көзөмөлдүк кылган Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө башкармасынын башчысы Алмаз Тайсалов каржы полициясынын ордуна келчү жаңы кызмат ишин баштаганга чейин ал материалдар боюнча маалымат бере албай турганын билдирди:

- Бул иш боюнча материалдар алгач УКМКга берилип, андан кийин каржы полициясына которулгандыктан бизде тиешелүү документтер жок. Анткени каржы полициясы жоюлуп, кайра түзүлүп жаткандыктан алардын архиви азырынча иштебей турат. Мына ошондуктан бул иш боюнча материалдардын жыйынтыгы эмне болгондугу тууралуу эч нерсе айта албайбыз.

Өкмөт өзү да териштирет

Арабаев университетинин эмгек жамааты болсо мурдагы ректор Бекбоев өкмөттө иштөөгө моралдык укугу жок деген негиз менен премьер-министр Бабановго кайрылды. Кайрылууда Арабаев атындагы университетти учурунда оор абалга кептеген жетекчинин бүтүндөй билим берүү тармагына көзөмөл жүргүзүшү өкмөттүн аброюна доо кетирери эскертилген. Ал эми Аскар Бекбоев өзүнүн ишмердик беделине шек келтирилип жаткандыгын белгилеп, кайрылуу ээлерине келтирилген фактыларды далилдеп берүү талабын койуп жатат. Ички аудиттин жыйынтыгы жана кайрылуудагы маалыматтардын чын-бышыгын териштирүү үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлө турганы маалым болду.

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Айгүл Рыскулова аталган кызматтык иликтөөгө вице-премьер-министр Асымбекова чекит койо турганын айтат:

- Мен Бекбоевдин маселеси боюнча бөлүм башчы Муратов менен сүйлөштүм. Мына ошол кайрылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Бековго киргизилген экен. Анан аппарат жетекчиси бул ишти кызматтык иликтөөгө алуу жагын өкмөттүн социалдык иштер боюнча вице-премьер-министр Асымбекова чечим кабыл алышы керек деп ошол кишиге жөнөтүптүр. Бул маселе азыр Асымбекованын кароосунда турат.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик аткаминердин кызматка шайкештиги боюнча кызматтык иликтөө он күндөн эки айга чейин созулушу мүмкүн. Мамлекеттик мекемелерде эмгек жамаатынын талабы менен кызматынан четтетилген жетекчилерди кайра жогорку кызматка которуу, же көтөрүү демократиялык мамлекеттерде адатта жол берилгис көрүнүш.

Ал эми Кыргызстандын “Мамлекеттик кызмат” жөнүндөгү мыйзамында бул тууралуу кандайдыр бир чектөөлөр киргизилген эмес.

P.S. "Азаттык" чиеленишкен бул окуянын чоо-жайына мындан ары да көз салып турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG