Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

"Азаттык" “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы кыңыр иштер тууралуу түшкөн бир канча даттанууларды иликтөөгө алды.

Аталган ишкананын жумушчуларынын бири Жолдошбек Сыргаков Кумтөрдүн жүгүн коштоп барганы үчүн берилген каражаттан 6,5 миллион сом өөнөлүп кеткенин айтууда. Бирок ишкана жетекчиси Малабаев бул айыпты четке кагып, аны вагон коштоочу кызматка албай койгон үчүн каралап жатат деп билдирди. Ал арада Башкы прокуратура жоголгон 208 вагон боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөдө. Транспорт прокуратурасы мурунку бийлик тушунда мыйзамсыз акча чогулткан иш-аракеттер ашкереленгенин кабарлады.

Алты жарым миллион сом өөнөлгөнбү?

“Кыргыз темир жолунун” жумушчусу Жолдошбек Сыргаковдун бизге берген маалыматы боюнча, ишкана жетекчилиги Кумтөр компанинин жүгүн жеткирип берүүдөгү коррупциялык схемалардан улам 6,5 миллион сом кымырган сыягы бар:

- Мындан 2-3 ай мурун жамаат менен темир жолдун аскер күзөтүнөн 6,5 миллион желип, биз профсоюз баарыбыз биргеликте бул ишти көтөрүп чыкканбыз. Бизге Кумтөр жүз сомдон төлөсө, алар бизге 23 сомун эле берип келген. Биздин аскерий күзөттүн башчысы Алмаз Зулпукаровдун мойнуна коюп берсек, Малабаев келип “6,5 миллион сом кичинекей эле сумма экен, ушул акча Зулпукаровго аш болсун, ишти прокуратурага өткөрбөй эле койгула, Зулпукаровду жумуштан айдам”, - деген. Бирок Зулпукаровду жумуштан айдабай, кайра ошол ишти өзүнө алып алды. Бүгүнкү күндө Кумтөр ошол акчаларды кайра эле Малабаевге төлөп берет. Ал мыйзам чегинде муну башкача киргизем деп туруп, Зулпукаровду жумуштан кетирбей алып калды.

Бирок “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы деректири Аргынбек Малабаев “Азаттыктагы” маегинде бул дооматтарды четке какты. Анын айтымында, текшерүүдө бул иштер далилденген эмес:

- Мунун баары жалган, муну прокуратура, милиция, Эсеп палатасы, Каржы полициясы, УКМК текшерген. Булар баарына жазган. Ушулардын айынан мен 47 текшерүүдөн өттүм. Биздин балдарга бир да кылмыш иш козголгон жок. Кумтөр боюнча 6,5 миллион сом желип кетти деген нерсе жок. Кумтөргө күйүүчү май, цианид келет. Ошонун баарын биздин балдар Балыкчыга чейин коштоп барат. Анткени цианид уу затка киргендиктен биз Луговойдон Балыкчыга чейин курал менен кайтарып жеткирип беребиз. Ошол кызмат үчүн акчалар биздин филиалыбыз - аскерий күзөттүн эсебине түшчү экен. Мен болгону “силер биздин филиал болгондон кийин ал акчалар силерге түшпөш керек”,- деп борбордук аппаратка котортуп алдым. Алар мурдагыдай эле айлыгын алып жатат, курал менен коштоп барып жатат.

Жолдошбек Сыргаков айгак чыккандыгым үчүн Малабаев мага кол көтөргөн деп да даттанган:

- Мен жүк ташыган жакта иштечүмүн. Анан коштоочу болуп иштеш керек болуп калды. Мен анан коштоочунун окуусун бүтүп, апрель окуясынын катышуучусу, ата-энеси жок деген Атамбаевдин каты менен Малабаевге баргам. Бир айдан кийин жумуш берем деп мага сөз берген, бирок бир айдан кийин барсам, “каяктагы жумуш, сен мени эмнеге Транстпорт министрлигине чакыртасың” деп мени уруп салган.

Аргынбек Малабаев болсо эч кандай кол көтөрбөгөнүн айтып, муну Сыргаковду вагондо коштоочу кылбай койгонуна эрегишип жатат деп түшүндүрдү:

- Мени жумушка аласың деп шантаж кылып Жогорку Кеңеш, президентке чейин барды. Мен бул боюнча президенттин администрациясына барып да түшүндүргөм. Ал кезде администрация башчы азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болчу. Бош орун жок деп айткам. Эгер мен муну жумушка ала турган болсом, муну менен кошо окууну бүтүргөн жүздөн ашык баланы да алышым керек. Мен бул баланы аскерий күзөткө кызматка алдым. Эми коштоочуну айлыгы 7-8 миң, азыркы жумушунан 14 миң сом айлык алат. Мен ал балага ушул жерде эле татынакай иштей берчи десем, жок сиз мени коштоочу кылып алышыңыз керек деп догурунуп атат. Күзөткө иштегенде ок аткан курал алып жүрүшөт. Мен бул балага курал бергенден коркуп, куралы жок бекеттерге койдуртуп атам.

Бул талаш эмне менен аяктары белгисиз. Бирок Малабаев аны каралагандар менен соттошуп, баарын утуп алган экен.

Жоголгон вагондор

“Кыргыз темир жолуна” таандык дагы бир кыңыр иш катары 208 вагон менен 180ге жакын контейнердин дайыны чыкпай калганын айтышат. Аргынбек Малабаев болсо бул вагондор эзели Кыргызстанда болбогон деп четке какты:

- Советтер союзу тарагандан кийин, 1993-жылы СССРдин вагондор паркы бүт темир жол администрацияларына бөлүнгөн. Бөлгөндө мисалы Кыргызстанды чакырып алып “мынакей, силерге миң вагон ” деп берген жок да. Алар бизге вагондордун номерлери менен эле берген. Анан баарын бөлүп бүткөндөн кийин, КМШ боюнча вагондорду кайра каттоо болгон. Ошондо мобул 208 вагон чыкпай калган. Биз Москвага чейин кайрылганбыз. Ошол кездеги Кавказдагы окуялар, Тоолуу Карабак окуялары болуп, бул вагондор тигил жакта, бул жакта күйүп кеткен деп табылбай калган. Бизде азыр ал вагондордун номурлары бар, бирок өздөрү жок. Бул вагондор бул жакка келген эмес, эч ким сатып жиберген эмес. Билбейбиз, көргөн да эмеспиз...

“Коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Манас Кадыров апрель окуяларына чейин “Кыргыз темир жолунда” юрист болуп иштеген. Анын билдиришинче, бул вагондордун дайыны кийинчерээк эле чыкпай калган:

- 1998-жылы бул вагондор каттоодон өткөн. СССР андан мурда эле ыдырап кетпеди беле. Эгер каттоодон өтсө, Кыргызстандыкы экени аныкталса, анда бул вагондор 1998-жылга чейин болгон да. Демек бул вагондор уурдалган. Бул эми жоголуп кеткидей, бирөө чөнтөгүнө салып алгыдай калемсап эмес го. Эмнеге убагында айкырып айтып чыгышкан эмес? Бул өтө кымбат транспорт каражаттары да. Эмне үчүн “Кыргыз темир жолу” муну убагында көтөрүп чыккан эмес? Эмне үчүн алар тартип коргоо органдарына барып “бизге бул вагондорду таап бергиле”, дегендин ордуна, мындай вагондор жок болчу деп көшөрүп атат? Эмне аларга вагондордун кереги жокпу?

Азыр жоголгон вагондорду Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди тергөө башкармалыгы териштирип жатат. Аталган башкармалык тергөө аяктамайынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

“Кыргыз темир жолуна” багышталган дагы бир окуяга келсек, салыкты жашырган деген айып менен бир жыл мурун ошол кездеги Каржы полициясы иш козгогон. Аталган мекеме жоюлуп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы болуп түзүлгөндө бул ишти тергөө жанданган.

Кызматтын ага тергөөчүсү Замирбек Оморбеков азыр салык өндүрүлүп жатканын айтып берди:

- Бул Салык кызматынан келген факт болчу. Ошол материалдар боюнча кылмыш иш козголгон. Бир адамга айып коюлду. Фамилиясын айтпай эле коёюн, Каржы боюнча башчы. Былтыр июнь айынан баштап кагазда көрсөтүлгөн акчалардын баары төлөнүп баштаган. Бул 2010-жылкы салык мөөнөтү болчу. Негизги 105 миллион сом төлөнгөн эмес. Айыптык санкциясы менен 205 миллион сом болгон. Азыркы күндө бюджетке ошонун 135 миллиону кайтарылды.

Темир жолдон да Бакиевдердин изи чыгабы?

Учурда Транспорт прокуратурасы поезд билеттерине байланыштуу ишти териштирип жатат. Прокурор Кубанычбек Мамакеевдин айтымында, 2008-2010-жылдары “Юртранссервис” деп аталган компания ар билетке 250 сомдон кошуп турган. Бул компанияны мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиев түзгөн. Натыйжада чыгым 86 миллион сом деп бааланган:

- Ошол 250 сомдун 50 сому темир жолду өнүктүрүү деген жакка кетчү. Ал эми 200 сом таптаза киреше катары “Юртранссервиске” алчу. Ошол боюнча 2010-жылы иш козголгон экен. Иш Ленин райсотуна барганда Транспорт прокуратурасынын мамлекеттик айыптоочусу бул иш боюнча айып тагуудан баш тартат. Ушунун негизинде бул иш кыскарып калат. Андан кийин Искендер Бакиев баш болгон “Юрстарнссервистин” кызматкерлери качып кетет. Мен прокурор болуп келгенден кийин бул ишти кайра казып чыктым. Сотко өтүнүч келтиргенден кийин Жогорку Соттун чечими менен кайра иликтөөгө келди.

Транспорт прокуратурасы Искендер Бакиев баш болгон адамдарга издөө да жарыялаптыр:

- Азыр тергөө аягына чыгып калды. Ошонун негизинде Темир жолдун мурунку жооптуу кызматкерлерине айып тагылып жатат. Анын ичинде Темир жолдун мурунку орун басары Асан Рысмендиев деген да бар. Ал азыр издөөдө. Азыркы убакта бир эле Нариман Түлеев бар. Бирок азыр Рысмендеев жок болгондуктан Түлеевдин мойнуна эч айып коё албай жатабыз. Анткени Рысмендиев менен Түлеевдин көрсөтмөлөрү таптакыр эле эки башка болуп атат. Андан кийин Монополияга каршы агенттиктин кызматкерлеринин ишинде бир топ мыйзам бузууларды таптык.

Ал эми Транспорт министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Талант Садакбаев “Кыргыз темир жолундагы” башкаруу системасы ар кандай кыңыр иштерге жол берет деп эсептейт. Мындай кирешелүү, мүлкү көп ишканага корпоративдик башкаруу зарыл дейт ал:

- Деректирлер кеңеши деген жок. Кеңешүү болушу керек. Ревизиялык комиссия түзүлүшү зарыл. Жетекчиликтин жумушун тактап турган мүчөлүк болушу керек. Бул деген өтө чоң мекеме, ошондуктан жетекчилер өзүм билемдикке салышат. Темир жолдун өзү, тепловоздор, вагондор, бир канча инфраструктура, көп нерсе бар. Ошонун баарын өкмөт бекер өткөрүп берген. Өкмөт деле ошондон пайда алыш керек да. Түшкөн пайдадан 50 пайыз төлөш керек деп коюп жатат. Ал эми канча чоң активдер бар. Алар канчалык үнөмдүү колдонуп жатат, натыйжалуулугу кандай, ошонун баары текшерилип туруш керек да.

Садакбаев ишканада ачыктык жетишпей жаткандыктан ар кандай имиштер, аңыз кептер жортуп жүргөнүн кошумчалады. Эгер баары ачык болсо, финансы каражатынын кайда жана кантип короп жатканын баарыбыз билет элек дейт ал.

Антсе да ишкананын азыркы жетекчилиги коррупция масштабы мурункуга салыштырмалуу азайды деп далилдөөдө. Алар билеттерди башаламан сатуу, коштоочулардын акча алышын тыйылган мисал кармашат.

Сөз соңунда “Кыргыз темир жолунун” тууралуу эки ооз сөз айта кетели. Ишканада канча вагон бар экени стратегиялык сыр катары ачык айтылбайт экен. Бишкектин чок ортосундагы эки базар ушул ишканага таандык. Андан сырткары жакында эле муз аянты ачылган. Негизги кирешени жүк ташуудан табат. Мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр кирешеси 10 пайызга өсүп, 560 миллион сом киреше менен чыгыптыр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG