Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Данияр Үсөновдун "карааны" көрүнгөн иштер


Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште, 21-октябрь, 2009-жыл.
Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште, 21-октябрь, 2009-жыл.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов менен жер талашып келген ижарачылар ал өлкөдөн качып кеткенине карабай бул жактагы байланыштары аркылуу иштин акыйкат чечилишине азыр да тоскоол болуп жатканын айтууда.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Бишкектин түштүк дарбазасы аймагындагы токой чарбасына тиешелүү жыйырма гектарга чукул жер тилкесин ижарачылардын колунан тартып алып, өзүнө караштуу компанияга өткөрүп алган. Мындай доомат коюп, укугубуз бузулду деп даттанган ижарачылар аталган жер тилкеси үчүн тогуз жылдан бери соттошуп келет.

Талаш жердин тарыхы

Ижарачылардын бири Сабырбек Султанбеков Данияр Үсөнов өзү өлкөдө жок болсо да, таасирдүү байланыштары аркылуу бул ишти акыйкат чечүүгө тоскоолдук жасап жатканын айтууда. Данияр Үсөновго караштуу “Прайм-Стройдун” кызыкчылыгын коргогон “Конфиденьс” юридикалык компаниясы Жогорку Сот бул ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап, мыйзамдын алкагында чекит койгон деп билдирди.


Иликтөөнүн радиоверсиясын бул жерден уксаңыз болот



Бишкектин түштүк дарбазасы тараптагы Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылындагы токой чарбасына караштуу 20 гектар жер тилкесин 2000-жылы ижарачылар Сабырбек Султанбеков менен Акыл Иманкулов 49 жылга ижарага алышкан. Аталган жер тилкесине бак тигип, чеке белин жашылдандырып, эс алуу жайын кура баштаган. Алардын айтымында, жер тилкеси шаар четинде жайгашып, көп кабаттуу үй курууга ылайыктуу болгондуктан 2000-жылдан тарта курулуш компанияларынын сугу түшкөн.

Бирок бул жер тилкеси токой чарбага караштуу болгондуктан анын аймагына курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес эле. Ошого карабай ал кезде Кыргызстанга кайтып келген ишкер Данияр Үсөнов экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдардын ортомчулугу менен 2004-жылы аталган жер тилкесине курулуш курууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн токтомун чыгартып алган.

Ижарачы Сабырбек Султанбеков 2009-жылы 18-декабрда Жогорку Соттон утуп чыкканына карабастан жер тилкеси боюнча анын дооматы Данияр Үсөновдун басымы менен канааттандырылбай калганын белгиледи:

- 2004-жылдын аягында Данияр Үсөнов алып атат деген имиш чыгып калды. Бирок мен 2006-жылга чейин ижара акысын төлөгөм. Көрсө ал айыл өкмөт, Мамкаттоо кызматы, Токой чарбасы менен эчак эле сүйлөшүп, өкмөттүн токтомун чыгартып алган экен. Бизге жерге берилген кызыл китепти факты катары көргөзүп, тезинен бошотуп койгула дешти. Жер кодекси боюнча дагы, Кыргызстандын башка мыйзамдары боюнча дагы укуктарыбыз тебеленип жаткандан кийин сотко кайрылдык. 2006-жылдан бери бирде биз, бирде ал утуп, сот иши Чубактын кунундай чубалып келет. 2009-жылы Жогорку Соттон мен утуп алгам. Эптеп шылтоо таап, аны жокко чыгарышты. Ошол бойдон азыркыга чейин талаш бүтө элек.

Бирок 2004-жылы Фрунзе механикалык токой чарбасы аталган жер тилкеси боюнча ижарачылар менен түзгөн келишимин бир тараптуу бузганын экинчи тарап билген эмес. Бул документтин негизинде өкмөт жалпы аянты 32 гектарга чукул токой чарбасынын жерин турак-жай курулушун өнүктүрүүгө берүү боюнча токтом чыгарган. Ошентип ал жер токой чарба фондунан Таш-Төбө айыл өкмөтүнө өткөрүлгөн. Аталган айылдык кеңештин чечими менен айыл өкмөтү 20 гектар жерди көп кабат үй курууга “Прайм-Строй” компаниясына бөлүп берген.

Ижарачы Сабырбек Султанбеков анын жерге болгон укугун калыбына келтирүүгө Данияр Үсөновдун тымызын байланыштары азыркыга чейин тоскоол болуп жатканын айтты:

- Жакында эле тааныш бирөөлөрдү ортого салып, “жумуш баштайбыз, Сабыр өзүнө тийиштүүлөрдү алып көчүп кетсин” дептир. Мурунку бийликтин тушунда тиешелүү органдар бул тууралуу уккулары да келчү эмес. Эми азыр Үсөновго иш козголуп жатканда, мыйзамсыз берилген жерлер боюнча көз боёмочулуктар ачыкка чыгып атканда буга көңүл бурчулар бардыр. Прокуратура органдарында биздин материалдар да бар. Бирок аны колдонуштубу же колдонгон жокпу билбейт экем. Данияр Үсөнов чет жакка чыкпай эле ушул жерде эле жүргөндөй болуп жатат. Анткени прокуратурага барганда эле иш жүрбөй, такалып калат. Баары эле карайбыз, чечебиз дегени менен жыйынтык жок. Кандайдыр бир күчтөр кийлигишкендей сезим бар.

Үсөнов сүттөн акпы?

Жер тилкесине болгон укугун калыбына келтирүүнү талап кылган ижарачылар 2005-жылдан баштап сот органдарына даттана баштаган. Алардын койгон дооматы Чүй райондор аралык сотунда каралып, бирок канаатандыруусуз калтырылган. Андан соң ижарачылар апелляциялык негизде бул иш боюнча Чүй облустук сотуна кайрылышкан.

Бирок Чүй облустук соту 9-декабрдагы чечими менен райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган. Бир нече жолку соттук териштирүүлөрдөн кийин ижарачылар 2009-жылы Жогорку Сотко кайрылышкан. 2009-жылы 18-ноябрда Жогорку Сот Чүй райондор аралык сотунун жана Чүй облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарган. Ошол эле кезде Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн турак-жай курулушуна жер бөлүп берүү боюнча токтому жокко чыгарылган. Бирок 2010-жылы 14-январда Жогорку Соттун мурдагы эле судьялык курамы бул ишти кайрадан жаңы ачылган жагдайда карап, ижарачылардын талабын канааттандыруусуз калтырган.

“Прайм-Строй” компаниясынын кызыкчылыгын коргогон юридикалык компаниянын өкүлү Алик Мамасаидов буга мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун эч кандай таасири болгон эмес деп ишендирди:

- Бүгүнкү күнгө карата аталган жер тилкелерине карата “Прайм-Строй” компаниясынын менчик укугун тастыктаган сот органдарынын, анын ичинде Жогорку Соттун чечими чыккан. Аталган компаниянын кызыкчылыгын коргоп, сот органдарына басым жасаган учурлар болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан бул боюнча билдирүү негизсиз деп айтууга болот. Жогорку Сотто экинчи ирээт жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кароого доогер тараптын өзүнүн мына ошол жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгын тастыктаган документтердин чыгышы негизи болгон. Анткени алар 49 жылга ал жерди ижарага алууда токой чарбасынын чечимин чыгартып алышканы менен ошол аймактагы айылдык кеңештин токтому болгон эмес. Ошондуктан сот мунун бардыгын карап чыгып, доогер тараптын арызын канааттандыруусуз калтырган болчу.

"Жаңы кыргыздарга" жарака кеп эмес

Аталган жер тилкеси жайгашкан аймакты изилдеген жергиликтүү сейсмологдор ал аркылуу геологиялык жарака өткөнүн совет доорунда эле аныктап чыгышып, турак-жай курулушу үчүн жарабайт деген чечим чыгарган. Ошондуктан аталган жер тилкелери бак-шак отургузуу жана жеңил-желпи курулуштары менен көңүл ачуу жайларын түзүү үчүн ижарага берилип келген. Бирок ижарачылардын айтымында, 2005-жылдан баштап баш калаага жакын жайгашкан түштүк дарбаза аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн өздөштүрүүгө ошол кезде Бишкек шаарынын мэри болуп кызматка келген Данияр Үсөновдун пландарды себеп болгон.

Ижарачылардын кызыкчылыгын коргогон Нурлан Ажимудинов мындан улам Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына козголгон кылмыш иши үч ирээт ачылып, үч ирээт жабылганына токтолду:

- Генпланга 18 кабаттуу үйлөрдүн долбоорун киргизишкен. Анда Данияр Үсөнов Бишкек мэринин милдетин аткарып турган. Иштин баары Жолдошбек Турусбеков аттуу айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу бүткөн. Ага кылмыш иши да ачылган. Бул жерде эми Данияр Үсөновдун кулагы көрүнүп турат. Анын жакын кишилери аркылуу иш жеринде басылып калып жатат. 2010-жылы биз президент Атамбаевдин наамына арыз жазганбыз. Ал жактан катты прокуратурага жиберишкен. Али күнчө жылыш жок.

Талдоочулар Данияр Үсөнов сыяктуу олигархтар кайсы гана бийлик режими болбосун, бийликте болобу же оппозициядабы өлкөдө өз талабын ишке ашырып келгенин белгилешүүдө. Ал гана эмес жогорку кызмат орундарына жетүү жана андагы бийлик укугун өзүнүн жеке кызыкчылыгына карата колдонууда “жаңы кыргыздардын” бул катмары алдына ат салдырбай келгенин мисалга алгандар бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков Данияр Үсөнов бийлик сересине жетүүнүн амалын өздөштүргөн жана бийликти өз кызыкчылыгына жараша пайдалана билген ишкер чөйрөнүн өкүлү катары тарыхта калды деп эсептейт:

- Данияр Үсөнов жөн жерден министр болгон жок да. Шаар мэри болгондо 1 млн. доллар бериптир деген. Мурдагы чакырылыштагы депутаттарды 300 миң долларга сатып алып, премьер-министр болгону айтылган. Ал акчаларынын ордун толтуруш үчүн алтынды ж.б. мыдырларды сатып атпайбы. Ага бийлик дагы короткон акчаңды чогултуп ал дегенсип унчукпай тим болгон. Биздеги коррупция ушундан чыгып атпайбы, кызматка келбей жатып булганып жатат.

Актерлор алмашкандан маани өзгөрбөйт

Жакында мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан сыртынан он беш жылга кесилди. Ага баш калаанын "Ата-Түрк" гүлбагынан турак-жай үчүн мыйзамсыз жер бөлүп берген деген айып коюлган болчу. Ал 2005-жылдан баштап, вице-премьер-министр, Бишкек шаарынын мэри жана өкмөт башчысы сыяктуу жогорку кызмат орундарында иштеген. 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдында кан төгүлгөн соң кызматтан кетүү туурасында өз эрки менен менен арыз жазып берип, өлкөдөн чыгып кеткен.

Саясат таануучу Уран Ботобеков бийлик режимдери алмашканы менен анын маңызы өзгөрбөй жатканына токтолду:

- 2005те да, 2010-жылы да эч нерсе өзгөргөн жок да. Бир гана актерлор алмашты. Бирок ошол актерлордун бизнеси, дүнүйө-мүлкү бүт баары бул жерде калып атпайбы. Ошол себептүү, сыртта туруп алып активдерин башкарып атат. Жең ичинен соодалашып өз кызыкчылыгын ишке ашырып келишкен. Азыр да ошол нерсе уланып жатат. Максим Бакиев, Данияр Үсөнов же ошол эле Айдар Акаев кыргыз экономикасынын рычагдарын кармап келгени белгилүү да.

Буга чейин мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновго эл аралык издөө жарыяланган болчу. Бирок кийин мына ошол эл аралык издөө калтырылганбы, же алынып салынганбы бул туурасында башкы прокуратура комментарий берүүдөн баш тартты. Жакында ага сыртынан сот өкүмү чыкканы менен Данияр Үсөновду таап, Кыргызстанга алып келүүнүн чаралары буга чейин көтөрүлгөн эмес. Муну айрым талдоочулар - 7-апрель күнү Данияр Үсөнов ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн таасирдүү мүчөлөрү менен соодалашууга барганы менен байланыштырууда.
XS
SM
MD
LG