Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Манастын эстелигинен өөнөлгөн миллиондор


Манастын Москвадагы эстелиги, 24-февраль, 2012.
Манастын Москвадагы эстелиги, 24-февраль, 2012.

Москвадагы Манастын эстелиги аягына чейин бүткөрүлбөй калып, шаардын карамагына өткөрүлбөй турат.

Маданият министрлиги бул эстеликке 2007-жылы бөлгөн 13 миллион сомдун дайыны табылбай жатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн “Көркөм фонд” ишканасына бөлүнгөн мына ошол каражаттын калган калдыгынын чыгымдалышы боюнча сүрөтчүлөр кошуунунун мурдагы жетекчиси Адил Сейталиев сот жоопкерчилигине кириптер болууда. Анын жубайы Гүлмиза Сейталиева ага карата кылмыш ишин козгоп, соттоп жиберүүгө бийликтин жогорку эшелонундагы жетекчилер кызыкдар болуп жатат деген божомолун билдирүүдө. Адил Сейталиевге мындан бөлөк сүрөтчүлөр кошуунунун эсебиндеги каражатты максатсыз чыгымдаган деген дагы бир айып койулган.

Кызматтан алып, иш козготуунун сыры эмнеде?

2011-жылы сүрөтчүлөр кошуунун жетектөөгө келген Адил Сейталиев туура тогуз айдан соң кызматынан алынган. Ошол эле кезде Адил Сейталиев “мыйзамсыз жумуштан бошотулдум” деген арыз менен сотко кайрылып, андан утуп чыккан. Бирок кийин ага “сүрөтчүлөр кошуунунун 180 миң сомун мыйзамсыз чыгымдаган” деп иш козголгон. Бирок Сейталиев аталган каражатка 2011-жылы жайында сүрөт көргөзмөсү өткөрүлгөнүн айтып, кийин ал гранттын эсебинен жабылганы боюнча көрсөтмө берген.

Андан соң сүрөтчүлөр кошуунунун алдындагы фонддун ишине байланыштуу башка бир эпизод боюнча иш козголгон. Фонддун эсебине маданият министрлиги 2007-жылы которгон 13 миллион сомдун туура эмес чыгымдалышы боюнча фактылар калкып чыккан. Ал каражат Манастын Москвадагы эстелигин тургузууга бөлүнгөн. Бирок тергөө Сейталиев кошуунду жетектеп турган учурдагы чыгымдарды гана бөлүп алып, аны өзүнчө эпизод катары кылмыш ишине тиркеген. Аталган фонддун эсебинде 2011-жылга карата мына ошол 13 миллион сомдун 1 миллион сегиз жүз миң сомдон ашык акчасы гана калган. Тергөө ал бюджеттик каражаттын 860 миң сому мыйзамсыз алынып, анын 319 миң сому дайынсыз чыгымдалган деп айып койгон.

Бул боюнча доо арыз менен кайрылган сүрөтчүлөр кошуунунун жаңы төрагасы Таалай Усубалиев бул тууралуу мына буларды билдирди:

- Москвадагы Манастын эстелигин тургузууга деп мамлекет бөлгөн мына ошол каражат тууралуу бизде мурун маалымат болгон эмес. Ал иш иликтөө учурунда чыгып калып жатпайбы. Биз сүрөтчүлөр кошуунунун эсебиндеги каражат мыйзамсыз чыгымдалганын текшерип бергиле деп арызданган элек. Анткени Сейталиев өзүнүн командасы менен кошуундун акчасын каалагандай калчап, биздин атыбыздан долбоор жазып, грантты кандай чыгымдаганы боюнча башкармалыкка эч кандай отчет берген эмес болчу. Сейталиев биздин акчаны эле эмес, фондго которулган мамлекеттин каражатын да каалагандай алып иштетип жүрө беришкени кийин ачыкка чыгып жатпайбы.

Ошол эле кезде Адил Сейталиевдин адвокаты мындай дооматты четке какты. Анткени анын айтымында, Адил Сейталиев жетектеп турган учурда Москвадагы Манастын эстелигин тургузууга бөлүнгөн каражаттын калдык суммасын “Көркөм фонд” ишканасынын чыгымдарына убактылуу пайдалануу боюнча ошол кездеги башкармалык чечим кабыл алган. Бирок аталган фонддун эсеби бир болгондуктан, маданият министрлигинен эсепте калган 860 миң сомду ички керектөөлөр үчүн убактылуу колдонууга расмий уруксат алынган эмес. Буга Сейталиевге чейинки жетекчилердин башаламан эсеп-чот жүргүзгөн өнөкөт адаты таасир эткен дейт айыптоочу тарап.

Адил Сейталиевдин адвокаты Курманбек Иманалиев болсо Манастын эстелигине чыгымдалчу кошумча каражаттын башка булактардан табылганы учурунда аны убактылуу колдонууга негиз берген деп белгилейт:

- Бул жерде бюджеттик каражат деген да туура эмес. Маданият министрлиги менен сүрөтчүлөрдүн көркөм фондунун ортосунда келишим болгон. Сейталиев кызматка киришкен кезде мына ошол бөлүнгөн каражаттын 1 миллион сегиз жүз токсон эки миң төрт жүз сому гана калган. Анан ага чейинки эстеликти долбоорлоого эле 11 миллион сом кетип жатса, калган акча эч нерсеге жетпей иш токтоп калган. Анан маданият министрлиги калганын Москва менен өзүбүз бүткөрөбүз деген экен. Ошону менен эстеликтин калган чыгымдары башка булактардан табылды деген негиз менен мына ошол калдык акча фонддун эсебинде кала берген. Анан фонддун эсебинде эстеликке каралган каражаттан башка акча да болгон да. Ошол кезде фонддун ички керектөөлөргө, айлык акыга жана коммуналдык тейлөөгө карызы көбөйүп кеткен. Ал чыгымдарды тастыктаган каржылык документтер жетиштүү.

Сейталиевге чейин “сапырылган” акчалар

Адил Сейталиевге чейин эле 2007-2011-жылдардын аралыгында фонддун эсебине Манастын эстелигин тургузууга деп түшкөн каражат боюнча каржылык отчет болбогону тергөөдө аныкталган. Эстеликти долбоорлоого канча каражат жумшалганы боюнча так маалымат болгон эмес. Мына ошондуктан жаңыдан кызматка киришкен Сейталиев фонддун каржылык ишмердигин “Аудит групп” компаниясына текшертүү чечимин кабыл алган. Аталган компания Манастын эстелигин тургузууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат турсун, фонддун өзүнүн ага чейин иштеп тапкан каражаттарынын да так эсебин тапкан эмес.

Мына ошондуктан сүрөтчүлөр кошуунунун ошол кездеги төрагасы Адил Сейталиев фонддогу ири каржылык мыйзам бузуулар тууралуу башкармалыктын чогулушунда баяндама жасаган. Бул боюнча ал “Вечерний Бишкек” гезитине 2011-жылы берген маегинде да бир топ мисалдарды келтирген.

Сүрөтчүлөр кошуунунун алдындагы “Көркөм фонддун” каржылык ишмердигин текшерген “Аудит групп” компаниясынын жетекчиси Гүлзада Базаркулова анын жыйынтыгы боюнча мындай дейт:

- Фонддун эсебине бардык жаткан келген каражат түшүп турган. Анын ичинен маданият министрлиги которгон каражат да болгон. Ошол эле кезде жанагы маданият министрлигинин буюртмасы боюнча эстеликтин долбоору боюнча эч кандай каржылык отчет болгон эмес. Эстеликти жасоого кандай чыгымдар кеткени жана аны бекемдеген бир дагы документ таба алган жокпуз. Бул боюнча маданият министрлигине бир нече жолу кайрылып, колдо болгон каржылык документтерди салыштырууну суранып, бирок бир жакшылыктуу жооп ала алган жокпуз.

Көшөгө артындагылардын “көмүскө” аракеттери

Сүрөтчүлөр кошуунунун мурдагы төрагасы Адил Сейталиевдин жубайы Гүлмиза Сейталиева анын өмүрлүк жолдошу Манастын эстелигиние бөлүнгөн каражаттын чоң өлчөмүнүн кайда жумшалганын текшертүүгө аракет жасаганы үчүн ага тиешеси бар аткаминерлердин курмандыгы болду деп эсептейт. Анткени мына ошол он үч миллион сомдун бир миллион сегиз жүз миң сомдон ашыгараагы гана фонддун эсебинде калып, калган он бир миллион сомго чукул каражатка эмне иш бүткөнү белгисиз коррупциялык ишке Адил Сейталиев көз жумуп койо алган эмес дейт ал.

Гүлмиза Сейталиева мына ошондуктан анын жубайына карата козголгон иш боюнча үстүртөн басым болуп жатат деп шектенет:

- Ушул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, иш сотко өткөн аралыктан бери менин жубайымды коргоочу жүйөөлөрдүн бардыгы негизсиз эле четке кагылууда. Иштин мындай абалда жүрүшү бизди көп нерседен шекшитип койду. Анткени ошол эле кезде бул иш боюнча үстү жактан кандайдыр бир чоң жетекчилердин басымы бар экени тууралуу маалыматтарды да уккан элек. Ошондуктан жанагы көмүскөдөгү иши ачылып калышынан корккон аткаминерлер аны соттотуп жибергенге кызыкдар экени ачык эле көрүнүп калды. Мен бул иштин артында кимдер тураарын билем. Бирок азырынча сот аяктаганга чейин ысымдарын ачык айтпай турайын деп чечтим.

Москвада Манастын эстелигин тургузуу чечими 2006-жылы Кыргызстан менен Орусиянын саясий жетекчилигинин жолугушуусунда кабыл алынган. 2007-жылы маданият министрлиги мамлекеттик казынадан 13 миллион сомду сүрөтчүлөр ишканасына бөлдүрүп, бирок ал каражат жетпейт деген негизде эстеликтин толук композициясын долбоорлоо иши токтоп калган. 2011-жылы бул демилге кайрадан көтөрүлүп,Орусиянын башкалаасында Манастын эстелигин тургузууну Москва өкмөтү өз мойнуна алганы айтылган болчу. Аталган эстелик 2011-жылы ачылып, ага Орусияда иш-сапар менен жүргөн Алмазбек Атамбаев катышкан.

2011-жылдагы маданият министри Ибрагим Жунусов Москвадагы Манастын эстелигин тургузууга мурдагы маданият министри, кийин маданиятты өнүктүрүү боюнча дирекцияны жетектеген Султан Раев баштан-аяк жооптуу болгонуна токтолду:

- Бул мага чейин эле чечилип калган маселе экен. Ошондо маданият министрлигинин эсебинен которулган акча экен. Мен министр болуп келгенде мына ошол Москвада тургузула турган акчанын тагдыры боюнча сураганымда ал “бул иш ошол кезде өзү жетектеп турган дирекция тарабынан ишке аша турганын” айтып, каражат үчүн башында өзү жооптуу болгондуктан аягына чейин ал ишти өзү аткара турганын белгилеген болчу. Ошол боюнча кийин эстеликтин ачылышына дагы биздин министрликтин эч кандай тиешеси болгон жок. Кийин бир жолу которулган акчанын чыгымдалышы боюнча айтсам, Султан Раев “каражат толук сарпталды, Москвадагы тиешелүү бийлик органдары менен сүйлөшүлүп, эстелик толук бүткөрүлгөн”, - деп жооп берген. Ошол боюнча демек ал каражаттын чыгымдалышын ал өзүнө алгандыктан мен кийин кийлигише алган жокмун. Анан калса ошол кезде өкмөт ага жанагы дирекцияны жетектетип, эстеликтерди тургузууну жана Курманжан Датканын мааракесин өткөрүүнү берип койгон болчу.


Жооптон качкан министр, кымбатка түшкөн эстелик

Бирок азыр дагы маданият министри болуп турган Султан Раев менен байланышканыбызда ал аталган каражаттын кандайча сарпталганы боюнча түз суроолорго комментарий берүүдөн баш тартты. Султан Раев Манастын эстелигин Москвада тургузуу долбооруна баштан-аяк жооптуу болгонуна карабастан, бул маселеге маданият министрлигинин өкүлү Дамира Алышпаева жооптуу деп билдирди.

Маданият министрлигинин кызматкери Дамира Алышпаева болсо Москвада Манастын эстелигин тургузууга ал жактан жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан анын наркы кымбатка түшкөнүн айтып берди. Анткени эстеликтин долбоордук-документациялык иши ушул күнгө чейин бүтпөгөндүктөн ал эмдигиче Москва шаарынын өкмөтүнүн карамагына өткөрүлө элек.

Дамира Алышпаева Кыргызстандын бюджетинен бөлүнгөн 13 миллион сомдун тогуз миллиону эстеликтин өзүн жасоого жумшалып, бирок азыркыга чейин беш миллион сом табылбай турганына токтолду:

- Тогуз миллион сом толук өздөштүрүлгөн. Бул эми эстеликтин скульптуралык бөлүгүнө жумшалган. Ал эми калган курулуш бөлүгүн курууну Орусия өзүнө алган. Ал эстелик тура турган подстаментти куруу, жашылдандыруу жарыктандыруу жана көрктөндүрүү сыяктуу кымбат чыгымдардан турат. Анан сметалык-документациялык жагын бүтүрүүнү кыргыз тарабы өзүнө алган. Бирок мына ошол тиешелүү уруксат кагаздарын алууга азыр беш миллион сом табылбай, эстелик Москва шаарынын карамагына өткөрүлбөй турат. Бул эстеликке кеткен чыгым москвалык эксперттердин эсеби боюнча, 96 миллион сомду түзгөн.

Алышпаева он үч миллиондун тогуз миллион сому гана эстеликти жасоого кеткенин айтканы менен 2011-жылдагы эсеп боюнча толук сарпталды деген он бир миллион тууралуу маалымат бере алган жок. Орусиянын баш калаасында Манастын эстелигин тургузууну Москва өкмөтү толук мойнуна алганы ошол учурда мамлекет башчысы Атамбаевдин иш-сапарында жарыяланган болчу.

Аны каржылоонун анчалык кымбаттыгы жана эстелик тургузууга уруксат алуунун татаалдыгы боюнча маселе анда көтөрүлгөн эмес. Эми минтип сүрөтчүлөрдүн фондунда ашып калган калдык акча катары саналган каражаттын 319 миң сому үчүн кошуундун мурдагы жетекчиси Адил Сейталиев сот жоопкерчилигине тартылганы турат. Анын ишинде кандай каржылык мыйзам бузуу болгонун жана анын өлчөмүн сот аныктайт. Бирок мында толук бүткөрүлө элек эстеликке кеткен 11 миллион сомго чукул чыгымдын эсеби боюнча ким жооп бере турганын тергөө органдары аныктай элек.

Манастын Москвадагы эстелиги Достук гүлбагында жайгашкан. Аны каржылоого Кыргызстандын бюджетинен бөлүнгөн 13 миллион сомдон сырткары Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү сегиз миллион сом топтоп берген. Москва өкмөтү калган чыгымдарын толук өзүнө алып, эстелик толук бүткөрүлгөнү анын ачылышында жарыяланган болчу.
XS
SM
MD
LG