Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Казына каражаты кандай сарпталат?


Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар тармагы эң эле коррупциялашкан тармак бойдон кала берүүдө.

Экономика министрлигинин алдындагы Коррупциянын алдын алуу борборунун изилдөөсүнө караганда, сатып алууларга жумшалган каражаттын 40 пайыздан ашууну дарегине жетпейт. Тендерлерди жүргүзүүдө чырмалышкан коррупциялык механизмдер жайылтылган тармактар катары айыл, суу чарба, жол, транспорт министрликтери жана коопсуздук органдары эсептелүүдө. Президенттин иш башкармалыгы да мамлекеттик сатып алууларга эң эле ири өлчөмдө каражат чыгымдаган мекемелердин катарына кирет.

Айыл чарба тармагында “айланган” акча

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2013-жылдын эсебинен эң эле ири өлчөмдө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн. Өткөн жылы өкмөт Түркиядан келген насыянын эсебинен айыл чарба тармагына 22 миллион АКШ долларын бөлгөн. Ал каражат Суу чарба департаментине жабдуу сатып алуу, Бүргөндүдөгү жерди өздөштүрүү, трактор алуу жана малды жасалма уруктандыруу сыяктуу төрт долбоорду каржылоого жумшалган. Экономика министрлигинин алдындагы Коррупциянын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев айыл чарба тармагына жумшалган каражаттын акыбети кайтпай жатканына токтолду:

- Айыл чарбасына көп каражат жумшалганы менен анын жыйынтыгы жок болуп жатат. Жылына малды эмдөөгө, жасалма уруктандырууга жана жер аянттарын өздөштүрүүгө каражат берилгени менен ал долбоорлор абалды жакшы жагына өзгөртүүгө алып келгени белгисиз. Айыл чарбасынын абалы жылдан жылга төмөндөөдө. Биз мына ошол тендерлердин мыйзамдуулугун жана баалардын ашыкча көрсөтүлгөнү боюнча жагдайларды иликтеп жатабыз. Биздеги маалымат боюнча кээ бир долбоорлордун баасын эч ким билбейт. Ал жактан ким кандай үлүш алганы жана уурдалган каражаттын өлчөмү 60-70 пайызга чейин чыгып кетип жатканы боюнча маалыматты изилдеп жатабыз.

Ошол эле кезде Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жылына мамлекеттик сатып алуулар үчүн казынадан 50 миллион сомдун айланасында каражат бөлүнөт. Ал акча жыл сайын күзгү жана жазгы талаа иштеринин алдында үрөн, жер семирткич жана уу химикат менен камсыздоого жумшалат. Ага кошумча эл аралык уюмдардан жер кыртышын сактоо, суу чарбасын өнүктүрүү жана малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу долбоорлору боюнча гранттар келип турат. Атайын изилдөө мына ошол каражаттардын эсеби жок болуп жатканын көрсөткөн. Бирок Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев бул тармакта коррупциялык механизмдер кеңири жайылган деген дооматты мындайча четке какты:

- Биздеги бүт мамлекеттик сатып алууларды УКМКнын Антикоррупциялык кызматы толук текшерди. Эгерде кандайдыр бир кыңыр иш табылган болсо, анда баарыбызды камакка алмак. Тендерлер ачык-айкын өтүп жатат. Тендерлик комиссиянын кандайдыр бир туура эмес ишмердиги боюнча бир да жолу факт катталган эмес. Депутаттар да бизде коррупциялык иштер бар деп айыптады эле, далил келтиргиле десек, андай фактыларды көрсөтүп бере алышкан жок.

Жолдорго төшөлгөн “жоомарттык”

Мамлекеттик сатып алуулар үчүн эң эле ири өлчөмдө казынадан каражат бөлүнгөн тармактардын дагы бири - бул жол курулуш тармагы. Бул тармакты көзөмөлдөгөн Транспорт жана байланыш министрлигине жылына сатып алуулар үчүн казынадан миллиондогон сом каражат каралган. Министрликке караштуу жолдорду тейлөө боюнча өндүрүштүк линияларга өткөн жана быйылкы жылга карата жалпысынан 6 миллиард сомго чукул акча бөлүнгөн. Ошол эле кезде шаар аралык жана райондор ортосундагы жолдордун абалына даттангандар көп. Транспорт министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов жакынкы мезгилден бери каражаттын чыгымдалышы тыкыр көзөмөлдөнө баштаганын айтты:

- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын негизинде тендер өткөндөн кийин да Эсептөө палатасы менен тиешелүү органдар мунун бардыгын текшерип турат. Биз жылдан жылга тажрыйба арттырып, ишти тартипке салуудабыз. Министрликтин алдында дагы коррупцияга каршы күрөш боюнча кеңеш түзүлүп, ар бир долбоорду көзөмөлдөп турабыз. Бардыгы жакшы болуп кетти дегенден алыспыз. Бирок бул багытта бир топ жылыш бар.

Мындан сырткары өткөн жылы Бишкек шаарынын жолдорун оңдоого Түркия насыясынын эсебинен 30 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Ага 118 чакырым жол оңдолгону жарыяланган болчу. Тилек Саякбаев жол куруу тармагында тендер жүргүзүү жана келишип алып чыгымды ашыкча көрсөтүүгө байланыштуу чиеленишкен коррупциялык механизмдер бар экенин белгиледи:

- Бул багытта көптөн бери калыптанган көмүскө схемалар бар экени белгилүү. Мына ошол компаниялар кандайча тендерлерди утуп алат? Бөлүнгөн каражатты колдонууда кандай айлакер амалдар колдонулат? Мунун бардыгын 5-6 адам 15-20 компания менен тендерге катышып, келишип алып бир бааны көрсөтүп, канча жылдан бери иштеп келе жатканы белгилүү болууда. Мисалы, Бишкекте чакан эле жол курулуш долбоору миллион долларга бааланган. Жакында Токмок мэриясы ошондой эле узундуктагы жолду болгону 150 миң АКШ долларына бүткөрдү. Бул эки долбоорду салыштырып көрүп, демек буга чейин жол курулуш долбоорлору бир кыйла кымбатка бааланып келгенин аныктадык.

“Хансарайларды” кармоого кеткен каражат

Эми мамлекет жетекчилиги казына каражатын кандайча сарамжалдуу пайдаланганына токтололу. Президенттин иш башкармалыгынын өзүнүн эле жеке чыгымы быйылкыга 41 миллион сомдун тегерегинде көрсөтүлгөн. Ага караган автотранспорт ишканасынын былтыркы чыгымы 33 миллион сомду түзсө, дарылоо бирикмеси 57 миллион сомдон ашуун азык-түлүк, күйүүчү май жана дары-дармек сатып алган. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча интернет порталга аталган мекемелердин быйылкы каржылык мерчеми жарыялана элек. Президенттин иш башкармалыгына караган №1 мамлекеттик резиденцияны тейлөөгө быйыл 12 миллион сомдун айланасында акча суралса, №2 резиденция 5 миллион сомдон ашуун акчага мамлекеттик сатып алуу жүргүзүүгө белсенип турат.

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдугулов президенттин иш башкармалыгы ашкере көп акчаны чыгымдап жатканын сынга алды:

- Президенттин иш башкармалыгы интернет колдонуунун акысын 3 миллион 800 миң сом деп көрсөткөнү таң калтырды. Президенттин аппаратында иштегендер жалаң эле интернетте отурган күндө деле анын акысы мынчалык болушу мүмкүн эмес. Бул жерде чыгымды ашыкча көрсөтүп жатканын байкасак болот. Литердик рейстер үчүн 556 миллион сом каралыптыр. Бул мамлекет башчысы жана аны коштоп жүргөндөрдүн чет өлкөлөргө учууга кеткен чыгымы. Мындан сырткары ремонт иштерине, тамак-ашка жана спирт ичимдиктерин сатып алууга миллиондогон сом жазышканы аша чапкандык. Мунун бардыгы президенттин иш башкармалыгы Акаев менен Бакиев учурундагыдай эле өзгөчө шарттарды өзүнө камсыздап алып иштеп жатканынан кабар берет.

Жогорку Кеңеш 2014-жылга 52 миллион сомдон ашуун акчага товар жана тейлөө сатып алат. Бул көрсөткүч өткөн жылы деле ушул сумманын айланасында болгон. Мында 120 депутаттан турган Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын чыгымы мурдагы учурларга караганда бир кыйла кыскарганы байкалат. 2011-жылы президенттин, өкмөттүн жана парламенттин иш башкармалыгын бириктирүү жагы каралып, бирок чечилбей калган. Президенттин аппаратын тейлөө өкмөттүн алдындагы бириккен иш башкармалыгына өткөрүлүп берилмек. Бирок тескерисинче, өкмөттүн аппаратын тейлөө президенттикине өткөрүлүп берилген.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов президенттин иш башкармалыгынын чыгымы көптүгүн анын тейлөө чөйрөсүнүн кеңдиги менен байланыштырды:

- Алмаз Шаршенович президент болуп келгенде иш башкармалыктын алдында ишканалар көп болчу. Анан мамлекет башчы жарлыгы менен мына ошолордун бардыгын башка мекемелерге өткөрүп берген. Бириккен иш башкармалык түзүлгөн. Ал президенттин да, өкмөттүн да, башка министрликтерди да тейлейт. Ошонун башында президенттин иш башкармалыгы турат. Өкмөттөгү да, президенттин аппаратындагы да сатып алуулардын бардыгын мына ошол иш башкармалык жүргүзөт. Чыгымдын көп болушу ошондон болсо керек. Анткени анын тейлөө чөйрөсү мурдагыдан да кең болуп жатпайбы. Ошондуктан сатып алуулар көп көрүнүп жатат.

Чекисттердин чыгымы чектен чыктыбы?

Ири көлөмдөгү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча кийинки орундарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Коргоо, Ички иштер министрликтери жана Чек ара кызматы турат. Чек ара кызматы быйыл сатып алууга кеткен чыгымын болгону 3 миллион сомго араң мерчемдесе, чекисттерди тейлөөгө кеткен акчанын өлчөмү бир топ жогору. Былтыр УКМК 56 миллион сомдук буюм-тайым сатып алган. Анын быйылкы чыгымы 24 миллион сомго азайган. Атайын кызматка караштуу 9-башкы башкармалыкты тейлөөгө былтыр 40 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, быйыл анын суммасы 31 миллион сомго түштү. Аталган башкармалык жогорку кызмат адамдарын кайтарып, мамлекеттик административдик объекттерди көзөмөлдөйт. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча ачык интернет порталдан алынды.

Улуттук коопсуздук кызматынын чыгымдары тууралуу маалымат
Улуттук коопсуздук кызматынын чыгымдары тууралуу маалымат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов бул жашыруун тартиптеги маалымат болгондуктан каражаттын сарпталышы боюнча кеңири комментарий бере албасын эскертти:

- Мыйзам боюнча күч түзүмдөрүнүн каражаты эч жерде жарыяланбашы керек. Бул мыйзам менен корголгон. Бюджет долбоору түзүлүп жатканда анын чыгымдары өкмөт тарабынан каралып, парламенттен бекитилет. Мына ошондой суммадагы чыгым керек деп суралса, демек ошондой керек экен деп бөлүнөт. Ошон үчүн биз бул суроого кеңири комментарий бере албайбыз.

Ошол эле кезде Каржы министрлиги өткөн жылы 31 миллион сомдон ашуун мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн. Буга коммуналдык тейлөө, байланыш, транспорт акысы жана майда-барат чыгымдар кирет. Өзүнө түз баш ийген аймактык түзүмдөрүн кошпогондо Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыр 150 миллион сомго чукул каражат чыгымдаган. Ал дары-дармек, медициналык жабдуу, транспорт жана коомуналдык тейлөө чыгымдарынан турат. Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова жакында 2012-жылдын бюджетинен эки жарым миллиард сом солонуп кеткен факты табылганын жарыялаган болчу.
XS
SM
MD
LG