Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Акбагышева аялдар борборун элге береби?


Шопоков шаарындагы Аялдардын кризистик борборунун ачылышы. 11-март, 2010-жыл.

Шопоков шаарындагы Аялдардын кризистик борборунун ачылышы. 11-март, 2010-жыл.

Шопоков шаарындагы эки кабаттуу бейтапкана аялдардын кризистик борборуна берилгени менен иштебей турат.

Парламенттин Социалдык саясат комитетинин 3-февралдагы жыйынында Чүй облусунун Шопоков шаарындагы эки кабаттуу бейтапкана аялдардын кризистик борборуна берилгени менен иштебей, максатсыз пайдаланып жатканы чоң сөз болду.

2010-жылы 11-мартта Чүйдүн Шопоков шаарындагы эки кабаттуу бейтапкана аялдардын кризистик борбору болуп чоң шаан-шөкөт менен ачылган. Ага АКШнын Кыргызстандагы ошол кездеги элчиси, “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун жетекчилери да катышкан. Анткени имаратты кризистик борборго айлантып, оңдоп-түзөп, керектүү жабдууларды жана эмеректерди алууга Вашингтон каражат бөлгөн.

Бул эки кабаттуу бейтапкананын имаратын, бак-шактуу короосу менен Кыргызстандагы аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева 2003-жылы социалдык долбоордун негизинде сатып алганын айтууда:

Шопоков шаарындагы кризистик борбордун ачылышы. 11-март. 2010

Шопоков шаарындагы кризистик борбордун ачылышы. 11-март. 2010

- “Манас” деген медициналык программа бар эмес беле. Реформа болуп көп имараттар бош калган. Бул имаратта беш жыл бою үй-жайы жоктор түнөп келген. Бейтапкана болуп турганда эле санузелдери иштебей калган экен. Ошол кезде үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен таштандыларын тазалаганбыз. Анткени бул социалдык долбоор эле. Ошол жерге бизнес-инкубатор ачканбыз. Өз күчүбүз менен ремонт кылганбыз. Каалга-терезелери жок болчу. Ортосундагы кыштары да алына баштаган экен. Ал жакта компьютердик борбор, тигүү цехи, унаа оңдогон жай, кебез чыгарган ишкана ачылган. Бирок биз дагы кантип жакшылап ремонт кылсак деп ойлонуп жүрчүбүз.

Замира Акбагышева АКШ берген 750 миң долларга имаратты оңдоп-түзөп алгандан кийин аны кризистик борборго айлантуу оюнан айнып калган. Анын себебин өзү мындайча түшүндүрдү:

- Өнүгүүгө кадам шилтешибиз керек. Беш миллион эли бар мамлекетке 30-40 кризистик борбор ачуу керекпи деп ойлонушубуз зарыл. Оңдоп-түзөп бүткөндөн кийин Аялдарды жана балдарды өнүктүрүү борбору деп атаганбыз. Азыр биз ал жерде ар кандай семинарларды өткөрөбүз, кеңештерди беребиз. Ар кандай окутуулар болот. Балдарды өнүктүрүү маселелерин чечкенбиз. Бир жагына кичинекей бала бакча ачып койгонбуз. Кытай тилин үйрөтөбүз. Ал жакта кризистик борбор болгон да эмес. Жабык турган жок. Иштеп жатат.

Шопоковдогу Кризистик борбордун ачылуу аземи. 11-март, 2010-жыл. Учурда бул борбор иштебей турат.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Шопоков шаарындагы зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге убактылуу башпаанек берүүчү борбордун ачылышына катышкан экен. Ал бардык шарты менен заманбап борбор болгонун айтууда:

- Борбордун ачылышына бизди АКШ элчилиги чакырган, алты-жети киши болуп барганбыз. Ачылгандан кийин эле ыңкылап болуп кетти. Кийин сурасак, иштеген жок деп коюшту. Көп узабай “Таланттарды чыгарабыз” деген бала бакчага айланып калды. Менин билгеним ошо. Аябай жакшы шарты бар кризистик борбор болмок. Мен андайларды АКШдан, өнүккөн өлкөлөрдөн гана көргөм. Жашыл короо-жайы, ыңгайлуу бөлмөлөр, чоң-чоң муздаткычтар, телевизорлор бар болчу.

Шопоковдогу эки кабаттуу бейтапкананын имаратына байланышкан маселени Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыккан. Ал атайын өкмөттүк комиссия түзүп, мыйзамсыз менчиктештирилген, максатсыз пайдаланган медициналык жайлар боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү, аларды кайра мамлекетке кайтарууну сунуштап жатат:

Айнуру Алтыбаева.

Айнуру Алтыбаева.

- Мага америкалык журналист келип, “бизде азыр АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн акчасы Кыргызстандагы коррупцияны колдогонго кетип жатат деген чоң маселе көтөрүлүүдө” деп айтып берди. Ал жерде кризистик борбор же оорукана жок. Ошон үчүн муну изилдеш керек. Атайын комиссия түзүлүп, башка аймактардан да ушундай фактыларды таап чыгуу керек. Жыйырма жыл ичинде медициналык жайлар эки эсеге азайган. Негизи буга жол бербеш керек эле. Анткени социалдык объекттерди менчиктештиргенге мыйзам уруксат бербейт.

Ал арада “Биздин укук” коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиева Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышованы жардамга муктаж кыз-келиндер маселеси менен алектенбейт деп сынга алууда:

- Кайсы бизнес-инкубаторду ачыптыр? Кайсы аялга жардам бериптир? Ал жөн эле бизнесмен болуп алды. Мындай болбойт да. Бейөкмөт уюмдун атын эмнеге булгап атат? Анда ал Аялдар конгрессинен кетип, ишкерлик менен алектенсин. Ал аялдар бар экенин унутуп да калса керек.

Буга чейин өкмөт мыйзамсыз менчиктештирилген, арзыбаган баага сатылып кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу боюнча комиссия түзгөн. Натыйжада ондогон бала бакчанын имараттары кайра кайтарылган болчу. Эми медициналык жайларды кайтаруу боюнча да комиссия түзүү сунушу өкмөткө жиберилди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG