Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

“Ата Мекен” Пирматовду жоопко тартууга макул


Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев жана Исхак Пирматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев жана Исхак Пирматов.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы “республикачыл” депутат Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алууга макул болду.

Фракция өз чечимин Кыргызстан багыт алган коррупцияга каршы күрөшкө көмөк көрсөтүү аракети менен түшүндүрдү. “Республика” фракциясынын айрым депутаттары болсо өлкөдөгү жемкордукка каршы күрөш атаандаштыкка айланып бара жатат деп эсептешет.

Жемкорлорду ооздуктообу же жең ичинен мелдешүүбү?

“Ата Мекен”
фракциясы коррупциялык аракеттер боюнча кине тагылган Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун бүгүнкү жыйынында колдоду.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев мындай чечимди жемкордуктан тазалануу аракети катары сыпаттады.

- Бул маселени “Ата Мекен” партиясы бир жылдан бери көтөрүп келе жатат. Биз өзүбүз эмес, жергиликтүү калктын, эмгек жамааттын жана депутаттардын талаптары менен көтөрүп келебиз. Бул жерде коррупциялык схема бар экени айдан ачык. Ал эми кайсы жетекчинин кандай күнөөсү бар экенин сот иликтөөлөрү көрсөтөт. Ошондуктан биз Башкы прокуратуранын Пирматовдун кол тийбестигин алуу сунушун колдодук. Биз так ушундай күрөшсөк гана тазалана алабыз.

“Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 2008-2010-жылдар аралыгында Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге жол берген деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев Пирматовдун аракети 258 миллион сомдук чыгым алып келгенин бүгүнкү жыйында билдирди:

- Исхак Пирматов ички ири акционердик коомдун жетекчиси болуп турганда күйүүчү май, солярка, мазуттарды төмөнкү баада сатып, ишканага жана өкмөткө ири өлчөмдө зыян келтирди деп айып тагылууда.

Февраль айында Башкы прокуратура Пирматовду суракка алуу үчүн аны депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушун парламентке жөнөткөн. Парламент бул сунуштун канчалык жүйөөлүү экенин териштирүү үчүн комиссия түзгөн. Комиссиянын корутундусу чыга элек болгондуктан “Ата Мекенден” башка фракциялар бул маселени талкуулаган жок.

Исхак Пирматов өзүнө тагылган айыптар боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкканда гана маалымат берерин айтып, “Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү чечимине жооп кайтарды:

- Мыйзамда так көрсөтүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин фракцияга да койсо болот жана палатага алып чыкканга милдеттүү. Эгерде комиссиянын жыйынтыгы чыкпай жатып, фракцияларга алып чыга турган болсок, анда комиссиянын эмне кереги бар? Мен муну комиссиянын иштешине кандайдыр бир таасир тийгизүү аракети катары чечмелейм. Комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин комментарий берем.

Күрөш кайчы пикирлер менен коштолууда

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жарыялангандан тарта күч органдары майда чиновниктерге, мектеп директорлоруна кылмыш ишин козгоп келет. Бул аптада “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге уулуу көмүр боюнча айып тагылды. Айрым оппозиция өкүлдөрү КСДП фракциясынын лидерин Бишкектеги арак заводунун арзан сатылышына катыштыгы бар деп сындап чыкты. Чыныбай Турсунбеков болсо бул сындарды четке какты.

Коррупцияга байланыштуу соңку жараяндар коомчулукта түрдүү ойлорго жем таштап жатат. “Республика” фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев жемкордукка каршы күрөш атаандаштыкка айланып баратканын парламентте айтып чыкты:

- Азыр Кыргызстанда кылмыш ишин козгоо оңой болуп калды. Мына акыркы күндө биз байкап жатабыз. Күч органдарынын арасында кылмыш ишин ачуу мелдеш эле болуп калды. Мурда Союз убагында соцжарыш бар эле. Ушундай сыяктуу эле болуп калды. Ким канча иш козгойт экен, канча адамды камакка алабыз деп. Кечээ Шадиевдин үстүнөн иш козголуп, айыбы угузулду. Иш менен таанышып чыктым. Анын күнөөсү жок.

Ал эми эксперттер жемкорлукка каршы жүргүзүлгөн аракеттерди кубаттаганы менен системалуу аракет жок болгонун айыпташууда.

Алардын бири “Азия полиси” институтунун эксперти Элмира Ногойбаева:

- Коррупцияга каршы күрөш бул башкаруу системасынын бардык деңгээлинде иш алып баруу болуп саналат. Азырынча Кыргызстанда мындай өзгөрүүлөрдү көрө элекмин. Коом алдында ашкерелөө аракетин гана байкап жатам. Бирөөнү, экөөнү жазалап коюшту. Коррупцияга каршы күрөш дегенде коомчулуктун психологиясы менен иш алып баруу керек.

Ал эми Коррупциянын деңгээлин аныктап келген Transparency International Kyrgyzstan уюмунун атайын кеңешинин төрагасы Адылбек Шаршенбаев буларды айтат:

- Коррупционерди камап койсо, анын ордуна башка киши келет. Ал эми жемкордукка мүмкүнчүлүк берген шарттар ошол боюнча эле кала берсе, жаңы келген киши деле коррупцияга малынат. Ошондуктан коррупциялык шарттарды жоюу маселеси турат.

Бирок күч түзүмдөрү жана бийликтеги Социал-демократтар партиясы коррупцияга каршы күрөш туура багытта деп билдирүүдө. Маселен, депутат Данияр Тербишалиев:

- Күрөштүн өзү туура эле жүрүп жатат. Бирок жыйынтыгы кандай болоору азырынча белгисиз. Укук коргоо органдары кармайт, соттор коё берип жиберген учурлар бар.

Буга чейин УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат 100 күн ичинде жемкордукка байланышкан 20 кылмыш иши козголгонун, бул башка жылдарга салыштырмалуу көп экенин билдирген. Кечээ өкмөт башчынын чечими менен финполиция жоюлуп, анын ордуна экономикалык кылмыштарды иликтөөчү кызмат түзүлөөрү кабарланды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG