Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Башкы прокуратура Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана өлкө үчүн пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, фонддун кызматкерлери “Баткенмунайгаз” ачык акционердик коомун сатып алган кытай тарап менен түзүлгөн келишимде мыйзамсыз жеңилдиктерге жол берип, мамлекетке 830 миллион зыян алып келишкен.

2007-жылы Кытайдын “Чжуннен” аттуу эл аралык мунай чалгындоо компаниясы “Баткенмунайгаз” ачык акционердик коомунун 100 пайыз акциясын 26 миллион 710 миң сомго сатып алган.

Кытай тарап бул акционердик коомго 2007-жылдан 2010-жылга чейин Баткенде мунай жана газ кендерин иштетүүгө жана Баткен облусундагы инфраструктураны өнүктүрүүгө 2 миллиард 290 миллион сом инвестиция салуу милдеттенмеси менен ээ болгон эле. Бирок алар инвестициялык милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыктан 2009, 2011 жана 2013-жылдары кошумча үч жолку келишимдин негизинде милдеттенмени аткаруу мөөнөтү узартылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин билдиришинче, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен кытай фирмасынын ортосундагы 2013-жылдын май айындагы келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турганы аныкталып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жооптуу кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча иш козголду.

- Акыркы келишимде 2 миллиард 290 миллион сом инвестиция мыйзамсыз түрдө 830 миллион сомго кыскартылган. Бул фактылар боюнча текшерүү жана тергөө иштери жүрүп жатат. Келишимдер боюнча мунайды кайра иштетүүчү завод, 4 АЗС жана минералдык жер семирткичтерди чыгаруу заводу да курулмак экен. Бирок булардын баары кагазда эле калган.

Министрликтин маалыматында, кытай тараптын ар кандай шылтоо менен инвестициялык милдеттенмелерин аткарбаганына карабастан фонддун кызматкерлери “Баткенмунайгазды” мамлекетке кайтаруу маселесин койгондун ордуна келишимди 2017-жылга чейин узартып коюшкан.

Мындан тышкары 2007-жылдан 2012-жылга чейин 1 миллиард 622 миллион сом инвестиция салынганы айтылганы менен, анын 600 миллион сому документ менен тастыкталган эмес.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков бул фактылар тактала баштаганын билдирди.

- Бул маалымат кызматкерлерге байланыштуу чыкты. Ал боюнча азыр эч кандай маалыматтарды бере албайбыз. Аны азыр тийиштүү бөлүм, башкармалыктар карап чыгып, эки-үч күн ичинде жооп беришет.

Ара жолдо калган иштер

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жакында эле Кумтөр маселесине байланыштуу кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев “Баткенмунайгаздын” тегерегинде коррупциялык жагдайлар былтыр Ошто газ тартыштыгы курчуган кезде билингенин айтууда. Ал учурда “Баткенмунайгаз” газдын 1000 куб метрин 400 доллар деп баалаган. Баанын кымбаттыгын жана өлкөнүн өзүнүн газ менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү боюнча 2015-жылы январь айында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ иштин жүрүшүндө кытай фирмасы менен түзүлгөн келишимдердеги мыйзам бузууларды аныктаган. Ал бул жагдайга укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

- Ошол инвестициялык келишимдерде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коллегиясынын чечими менен жеңилдиктер берилген. Коррупциялык иш болгон. Кытайлар "мынча акча салабыз, мынчада чыгарабыз, ушул убакытта беребиз" дегендей милдеттенмелерди алган. Ошонун баарына кытайларга жеңилдиктер берилип калган. Ошону биз туура жана туура эмес жагын, юридикалык жагын карап берсин деп Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Ошол боюнча иш козголуп жатат. Мунун баары менден мурун болгон иштер да. Айбек Осмоналиевдин убагында болгон. Андан мурун да бул 2007-жылдан эле башталган. Ошонун баарын катуу карабай, 2010-жылдан кийин дагы аларга жеңилдик берилип, коррупциялык иштер болуп келген.

Ирсалиевдин маалыматында, “Баткенмунайгаз” иштеп жаткан кендерде газ чыккан. Бирок аны элге берип, өндүрүшкө пайдалануу үчүн инфраструктураны куруу, баасын аныктоо иштери орто жолдо калып, созулуп келатат.

Баткен облсунун губернатору Жеңиш Раззаков газды өндүрүп, сатууну жөнгө салуу программасы буга чейин Экономика министрлигине берилгенин билдирди. Анын айтымында, “Баткенмунайгаз” иштеткен кытай тарап соңку үч жылдан бери эле изилдөө, газдын көлөмүн тактоо менен эле алек болуп, өндүрүш деген маселеге жете элек.

- Кээ бир скважиналардан мунай, кээ биринен газ чыгат. Мына үч жылдан бери байкап жатам, өндүрүш деген маселе боло элек, муну ачык эле айтам. Табылган газды бөлүштүрүп, элге таратуу маселесин чечүү керек эле. Ошондой иштер болгон жок.

Кыргызстанда катталган кытайлык “Чжуннен” компаниясы 2007-жылы Баткен облусундагы Бүргөндү аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алып, кийинчерээк “Баткенмунайгаз” ААКсын да толук сатып алган. Алар 2012-жылы Бүргөндүдөн мунайдын жаңы корун тапканын жарыя кылган. Ал учурда компания келечекте жүздөн ашуун мунай кудуктарын орнотуп, жылына 10 миңдеген тонна кара май алып, Баткенде мунайды кайра иштетүү завод курарын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG