Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

Быйыл 2439 чет элдик Кыргызстандын жарандыгын алып, миңден ашууну кыргыз жарандыгынан чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 10-мартында “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу тууралуу” жарлыктарга кол койду. Президенттин жарлыктарына ылайык, быйыл 2439 чет элдик адамга Кыргызстандын жарандыгы берилди.

Маалыматка ылайык, жарандык алгандардын көпчүлүгүн Өзбекстандан жана Тажикстандан тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздар түзөт. Жарлыктарда бекитилген тизмеде ошондой эле Эфиопиянын, Алжирдин жана Ооганстандын дагы жарандары бар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жарандык алууну каалагандар кылдат текшерүүдөн өтөрүн белгиледи:

- Жарандык алуу үчүн документтерди кабыл алуунун алгачкы процедуралары Калкты каттоо департаменти аркылуу жүргүзүлөт. Анан топтолгон документтер атайын комиссияга тапшырылат. Ага чейин документтер тиешелүү мамлекеттик органдардын текшерүүсүнөн өтөт. Ар бир жарандык ала турган адамдын кимдиги изилденет. Ошондон соң гана соңку тизмени бекиткен президенттин жарлыгы даярдалат.

Ирандык Мехдинин мээнети кайтпады

Ирандын 45 жаштагы Кухестани Мехди Касем аттуу жараны быйыл экинчи ирет кыргыз жарандыгын алууга Бишкектин Биринчи Май райондук калкты каттоо борборуна документ тапшырып, бирок ала алган эмес.

Мехди Касем

Мехди Касем

Мехди Касем 18 жыл мурда Бишкекке ишкердик менен алектенүү үчүн келип, бул жерден Татьяна Вопилова менен таанышып, экөө баш кошкон. Жарандык алуу үчүн талап кылынган документтердин бардыгын даярдаса да андан ири өлчөмдө пара талап кылынганын айткан Мехди Касем жарандык берүүдөн баш тартуу тууралуу расмий жооп дагы болбогонуна токтолду:

- Мага ал жактан паспорт алуу үчүн каржылык жактан чыгым болуш керек экенин айтышкан. Алгач 3,5 миң доллар сурашты. Менде андай акча жок экенин, азыр ишкердик кылбай калганымды, учурда бильярд спорту боюнча машыктыруучу экенимди жана маянам аз экенин айткам. Экинчи жолу жарандык алууга документтерди бергенде, эки айдан кийин аларды комиссия карай турганын айтып, жок дегенде миң доллар керек экенин айтышты. Мен өз учурунда ошол акчаны таап бере албай калдым. Ошону менен мага эч кандай жооп айтпай эле документтеримди кайтарып берип коюшту.

Калкты каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жарандык алып берүүнү убада кылып, пара талап кылган фактылар тууралуу арыз менен кайрылууга чакырды. Мелис Эржигитов буга окшогон жагдайларга токтоосуз чара көрүлөрүн айтты:

- Эгерде чын эле ошондой фактылар болсо, алар арыз менен кайрылса тиешелүү жооптуу кызматкерлерге иш козголуп, биз жактан дагы кызматтык иликтөө жүрөт. Ошондуктан ар бир жарандык алууну каалаган жак коркпой эле арыз менен кайрылыш керек. Биз ошондо гана мына ошондой иштер менен алектенип жүргөн кызматкерлердин үстүнөн чара көрүп, жоопкерчилигин карай алабыз.

Чет элдиктерге жарандык алып берүү “каналы”

Жакында атайын кызмат Калкты каттоо департаментинде чет элдиктерге жарандык алууга көмөк көрсөткөн мыйзамсыз каналдын бетин ачты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов чет элдиктерге паспорт даярдоо менен шугулданган жооптуу кызматкер пара менен кармалганын билдирди:

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана алардын өнөктөштөрүн легалдашуу каналдарын табуу боюнча ыкчам иш чаранын учурунда Калкты каттоо департаментинин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бөлүмүнүн башкы адисин 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармаган. Такталган маалымат боюнча, ал башкы адис чет элдиктерге жарандык алууга документтерди берүү жана тариздөөгө көмөктөшүү үчүн акча алганы аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда көптөгөн чет элдиктердин Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн даярдалган документтери табылган. Ошондой эле буга чейин жарандык алган чет элдиктердин тизмеси дагы болгон.

Байкоочулардын баамында, Мехди Касем талап кылынган параны бере албай, жарандык албай калган чет элдиктердин бири гана. Адатта чет элдик жарандардын көпчүлүгү кантип жарандык алуу жолун мыкты өздөштүрүшкөн.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери Орусиядагы өзбек жана тажик мигранттарынын арасында кыргыз жарандыгын алып, паспорт алууга кызыкчылык күчөгөнү буга чейин маалымдалган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG