Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Нарымбаевдин кылмыш ишин бурмалаган далилдер табылганын билдирип, буга прокуратура кызматкерлерин айыптады.

Бул боюнча сотко көрсөтмө берген депутат Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү парламенттин кызматкерлери аркылуу из жашырууга жасаган аракети ашкере болгонун айтты.

Ишти караган Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Кыдыралиев депутаттын сотко берген көрсөтмөсүн соттун көңүлүн алагды кылуу аракети катары четке какты. Бул тергөөчүлөр буга чейин чуулгандуу иштерди тергегени менен белгилүү.

“Аңтар-теңтер” иштин ачылган сыры

Парламенттин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сотто көрсөтмө берди. Анда ал депутаттык иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыш ишинде Данияр Нарымбаевге 50 миң доллар параны алып кирип берген деп айтылган Ольга Плотникованын ортомчулугун четке каккан далилдер табылганын айтып берди.

Өмүрбек Текебаев бул жагдайлар депутаттык топ парламенттеги серверди аңтарганда ачыкка чыкканын белгиледи:

- Кылмыш ишинде акчаны алып келүү үчүн Плотникова деген Жогорку Кеңештен 16-50 мүнөт өткөндө сыртка чыгып, кайра төрт мүнөттөн кийин кирген деп анын кирген-чыкканы көрсөтүлгөн. Бирок андай болбогону аныкталды. Ошол кездеги видео өчүп кеткен деген менен ал күнү ошол убакыт сааттагы кыймыл-аракетти чагылдырган учур сервердин түпкү эсинен чыкты. Анда Плотникова эч кайда чыкпаган. Кийин тергөөчүлөр келип, техник-кызматкерлерден өзүнө ыңгайлуу кылып акт жаздырып, аны ишке тиркешкен. Биз текшерткенде тергөөнүн маалыматы жасалма болуп чыкты. Ошентип Нарымбаевге каршы чыгарылган иштин башкы илинчеги жокко чыгып жатат.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Нарымбаев жакында камактан бошогон Түлеевдин мүлкүнө байланыштуу ишти сотто оң чечтирүү үчүн мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов аркылуу ири өлчөмдө акча талап кылган деп айыпталган. Ага Коркмазовдун көрсөтмөсү менен иш козголуп, камакка алынган болчу.

Коркмазов болсо экс-депутат Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда колго түшкөн. Ал бул акчаны Нарымбаев талап кылганын, буга чейин ага 50 миң доллар берилгенин, Нарымбаев маселени чечүүгө жалпысынан 200 миң доллар сураганын айтып чыккан.

Кылмыш ишинде 50 миң доллар акчаны Ольга Плотникова Ак үйгө алып киргени көрсөтүлгөн. Өмүрбек Текебаев тергөөчүлөрдүн таржымалы шек жарата турганын айтты:

- Бул ишти караган тергөөчүлөрдүн репутациясы да абдан талаштуу. Анткени буга чейин алар ишти кароодо көп иштерди бурмалап, жаап салган учурлары көп айтылат. Жанагы иш боюнча дагы журналда өчүрүлгөнү менен сервердин эсинде калган жеринен таап чыктык. Ага чейин бизге кызматкерлердин кирип-чыкканын каттоого алган тасма үч айдан кийин жок болуп кетти деп айтышкан болчу. Ошонун өзү сервердеги маалыматтар бурмаланган дегенге чоң негиз берип жатат.

Бирок ишти караган Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Кыдыралиев сотто депутаттын айткандарын четке каккан көрсөтмө берди. Анын айтымында, Нарымбаевдин пара алган ишин иликтөөдө далилдер мыйзамдын чегинде алынган:

- Бул кылмыш ишинде эч кандай бурмалоо болгон эмес. Мен бул тууралуу сотто дагы тиешелүү далилдердин негизинде көрсөтмө бергем. Мен кантип парламентке барып, анда компьютерде иштеген кызматкерлерге басым жасап, анан алардан кантип кол койдуруп алмак элем? Андай эч качан болушу мүмкүн эмес. Мунун бардыгы болбогон эле сөздөр. Мен алардын жумушу ошондой экенин жана бардыгын сөз менен эле бүтүрө турганын түшүнүп жатам.

Тергөөчүлөр кимдер?

Тергөөчүлөр Манас Кыдыралиев менен Мирбек Расулов 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки чуулгандуу иштерди иликтегени менен белгилүү. Бир катар агенттиктер Кыдыралиевдин наамында 2010-2015-жылдарда Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Баткенде жайгашкан ар кандай 12 кыймылсыз мүлк, андан сырткары эки жол тандабас, бир жүк ташуучу унаа катталганын жазып чыгышкан. Бул боюнча былтыр кызматтык иликтөө башталганы жарыяланып, бирок анын аягы чыкпай калган.

Кийин прокурор Кыдыралиев мас абалында жол эрежесин одоно бузганы үчүн колго түшкөнүн чагылдырган тасма интернетке тараган болчу. Аны башка бир мамлекеттик номурду жол тандабасына тагып алып, жол эрежесин бузуп жүргөн жеринен жол кыймылын көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясынын башчысы Талантбек Исаев өзү кармап, бригадага өткөрүп берген. Тасмада мас абалындагы Кыдыралиев МАИ кызматкерлерине "305-берене, кызмат абалынан аша чабуу, эми алып бара бергиле" деп коркуткан болчу.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов учурда саясий союлга айланган бийликтин жасоолдору толтура экенин кошумчалады:

- Ошондой өпкөсүн ала чапкан, алабарман жасоолдор толтура. Алар бир эле прокуратурада эмес. Андайлар болгон, болуп жатат жана келечекте дагы боло берет. Бардыгы бийликке барып такалат. Сунуш талапты жарат дейт. Тигил жогору жактан сунуш түшүп жатса, анан албетте “ляппай” дегендер четтен чыгат. Бул жерде мына ошол чуулгандуу иштерди ким ачтырып, алардын артында ким турганында. Анан эми прокуратура мурда эле саясий союл болгон, азыр мүмкүн андан дагы ашынып кетиши ыктымал. Анын түпкү мазмуну мурдагы бойдон эле калды да.

Тергөөчү Мирбек Расулов президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун ишин кадимки жол кырсыгы катары карап, жаап койгон маалыматтар чыккан. Анын ысымы алгач Аксы окуясын иликтөө боюнча тергөө тобун жетектегенде чыккан. Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Манас Кыдыралиев менен Мирбек Расулов караган иштердин арасында мурунку депутаттар Урмат Аманбаеванын, Карганбек Самаковдун, мурунку өкмөт башчысы, азыр “Бир Бол” партиясынан депутат болгон Игорь Чудиновдун кылмыш иштери бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG