Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Менчикке кеткен имараттын чырлуу талашы


Горький көчөсүндөгү Транспорт министрлиги менен менчик ишкана талашкан имарат.
Горький көчөсүндөгү Транспорт министрлиги менен менчик ишкана талашкан имарат.

Бишкектин Горький көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу имарат боюнча талаш бүтө элек. Транспорт министрлиги 2006-жылга чейин аларга караштуу имаратты «Оргтехстрой» ишканасы мыйзамсыз менчиктештирип алганын айтууда.

Транспорт министрлиги «Оргтехстрой» жок дегенде имараттын 2-кабатын мамлекетке өткөрүп бериши керек деп көшөрүүдө. Бирок ошол эле кезде имараттын 3-4-кабаттарына транспорт министри Калыкбек Султановго тиешелүү “Авангард-Стиль” фирмасы ээлик кылат. Имарат талашуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Алгач мамлекеттик ишкана болуп, кийинчерээк менчикке өткөн “Оргтехстрой” ишканасы өзү менен кошо Горький көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик имаратты да менчиктештирген. Адистер белгилегендей, имарат анча чоң эмес суммага эле сатылган. Бир гана экинчи кабаты Транспорт министрлигинин энчисинде калат. Бирок кийинчерээк “Оргтехстрой” ар кандай жол менен анын да эбин табат.

Транспорт министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Өмүргазы Субанкулов имаратты кантип тарттырып жиберишкени тууралуу мындай дейт:

- Экинчи кабат 648 квадрат метрди түзөт. Менчиктештирүү болгондо ушул экинчи кабат алардын уставдык капиталына кирген эмес. 1998-жылы “Оргтехстрой” акционердик коом катары каттоодон өтүп, менчик болуп кеткенде, калган кабаттардын баары аларга тиешелүү болуп, экинчи кабат мамлекеттик менчикте калган. Анан сегиз жылдан кийин, тагыраагы 2006-жылы, кээ бир документтерди бурмалоо менен, Мамлекеттик мүлк кызматы эч кандай аукцион өткөрбөй, мыйзамсыз түрдө “Оргтехстройго” өткөрүп берип койгон.

Бирок андан кийин деле бул жерде жайгашкан Автомобиль жана суу транспорту боюнча мамлекеттик агенттиги имараттан чыкпай, “Оргтехстрой” менен соттошо берген. Соңунда айласыз түрдө 2-3 жылга ижара акы төлөөгө мажбур болуп калышкан. Башкача айтканда, мамлекет мамлекеттик имарат үчүн 10 млн. сомдой ижара акы төлөгөн:

- Соттун биринчи инстанциясында алар жеңип, экинчи инстанцияда биз жеңип келгенбиз. Жогорку Сотко келгенде аларга мыйзамсыз түрдө өткөрүп берип салган. Аягында келип, биз 2-3 жыл аларга ижара төлөп калдык. 2009-жылдан 2012-жылга чейин айына 250 миң сомдон, жалпы 10 млн. сомдон ашык акчаны “Ортехстрой” ижара үчүн алган, - дейт Автомобиль жана суу транспорту боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Өмүргазы Субанкулов.

Агенттик учурда бул төрт кабаттуу имараттын экинчи кабатын гана талашып жаткан экен. Башка кабаттарын мамлекетке өткөрүп алуудан түңүлүп деле калышкандай. Учурда биринчи кабаты “Оргтехстрой” ишканасына тиешелүү. 3-4-кабаттары болсо башка бир курулуш фирмасы “Авангард-Стилге” караштуу. Таң калычтуусу “Авангард-Стилдин” ээси кайра эле азыркы транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов экени айтылат.

Бирок бул ишканалардын жетекчиликтери менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештин депутаты, Курулуш, архтитектура, транспорт жана байланыш комитетинин мүчөсү Нарынбек Молдобаев мындай дейт:

- Эми биринчиден, “Авангард-Стилдин” кожоюну Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов экени эч кимге жашыруун эмес. “Оргтехстрой” деле ошого окшогон бир чиновниктики болушу керек. Анан алар кантип мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алганы мага чынында такыр түшүнүксүз болуп турат. Мамлекеттик мүлк фонду андай имараттарды сатса, алгач аукцион өткөрүп, же конкурс аркылуу сатуусу керек эле. Бирок баары мыйзамдуу болуш керек эле. Анан кандай кылып, өздөрү жетектеп туруп, анан жең учунан сатып жибериштиби билбейм. Эгерде бул мыйзам бузуу жолу менен болгон болсо, буга чара да көрүлүшү керек, буга баа да берилиши керек.

Кантсе да бул факт боюнча эки ай мурда Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине (коррупция) ылайык иш козгогон. Башкы прокуратура да окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айтууда.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Аманбек Абдыраманов буларга токтолду:

- Мамлекеттик мүлк фондусунун Бишкек аймактык бөлүмүнүн, Бишкек шаардык жерди бөлүштүрүү жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн жана Транспорт министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту боюнча мамлекеттик агенттигинин иштери Башкы прокуратура тарабынан текшерүүгө алынууда. Тергөөнүн жүрүшүндө 2006-жылы аталган агенттик тарабынан “Оргтехстрой” ишканасына имараттын берилип кеткени аныкталды. Азыр дагы тергөө жүрүп жатат.

Канткен менен буга чейин мамлекеттик ишканаларды жетектеп, ага тиешелүү имараттарды, жайларды менчиктештирип алган учурлар арбын экени коомчулукта айтылып келет. Бирок ага кез-кезде гана бирин-серин көңүл бурулуп калбаса, көп мезгилде унутта калууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG