Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Коррупция кашаң күрөштү тоготпойт


Иллюстрация
Иллюстрация

Эл аралык “Трансперенси Интернешнл” уюмунун 2016-жылга карата отчетунда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө жетиштүү жылыш болбогондугу айтылат.

Коррупция менен күрөштө эмне үчүн натыйжалуу иш болбой жатат, коомчулукта жемкорлукту азайтууга бийлик башындагылардын чечкиндүү кадамдары болбоду деген сындын негизи барбы, коррупция менен күрөшө турган кызматтын уюштурулушу өзүн актадыбы ж.б.у.с. суроолорду “Арай көз чарай” берүүбүздөн талкуулайбыз.

Талкууга мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов жана коопсуздук кызматынын запастагы полковниги Талант Разаков катышты.

“Азаттык”: "Трансперенси Интернешнл" уюмунун "2016-жылы Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүдө жылыш болгон жок" деп баалаганы биздеги реалдуулукту канчалык чагылдырат, дал келет же биздеги абал башкабы?

Марат Кайыпов: "Трансперенси Интернешнл" – абдан абройлуу эл аралык уюм, буга ишенүү керек. Анткени Кыргызстанда коррупция менен күрөшөбүз деп жарыя кылынганы менен негизинен саясий атаандаштар менен эле күрөш болууда. Чыныгы коррупцияга каршы күрөш жок.

Дүйнөдө бир дагы мамлекет коррупциядан кур эмес. Коррупция деген мамлекеттин түркүгүн жеп, кажып жаткан мите. Аны менен чечкиндүү күрөшпөсө, натыйжа чыгарбаса, мамлекеттүүлүккө шек келет.
Талант Разаков

Талант Разаков: Коррупция менен күрөшүүдө бир топ структуралар иштеп жатат. Бул эл аралык уюмдун айрым баа берүүлөрү менен макул болбосо да болот.

Азыр дүйнөдө бир дагы мамлекет коррупциядан кур эмес. Коррупция деген мамлекеттин түркүгүн жеп, кажып жаткан мите. Аны менен чечкиндүү күрөшпөсө, натыйжа чыгарбаса, мамлекеттүүлүккө шек келет.

Бизде күрөш жүрүп жатат. Менин билишимче, былтыркы жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында өлкө казынасына 2 миллиард сом акча каражаты кайтарылды. Албетте, бул жемкорлук менен күрөшүүнүн жыйынтыгы дегенибиз менен анын сапаты кандай болууда, бул жагын да ойлонушубуз керек. Мамлекет экономикалык коопсуздугуна кам көрбөсө, сактабаса ал кыйрап жок болот. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда акыркы жылдары чоң кызматтагы адамдар коррупцияга шектелип кылмыш жоопкерчилигине тартылышты эле. Бирок ал чуулгандуу иштердин баары бүтүп, күнөөлөнгөн адамдар айып пулдар менен кутулуп кетпедиби. Мына ушуну коррупция менен күрөшүүнүн жемиши деп атоого болобу?

Дача СУда кырсыкка учураган учактын ичиндеги жүк кимдики экендиги эмдигиче так айтылбай жатат. Бул жерде “иттин өлүгү көмүлүп жатат”, коррупция так ушул жерде.
Марат Кайыпов

Марат Кайыпов: Президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү Түлеевден баштаган. Ал башкаларга караганда түрмөдө көп отурду. Мен терең ишенем бул окуя саясий атаандашын куугунтуктоо болду. Эгер бейтарап сурамжылоо жүрсө 100дөн 99у Түлеевдин күнөөсү жок деп жооп берет. Түлеевди отургуза албай жатып, Батукаевдин ызы-чуусу башталган. Бир сутка ичинде ага паспорт жасатып беришип, аэропорттон Орусияга узатып коюшту. Тарыхта биринчи жолу биздин прокуратура аны тезинен түрмөдөн чыгаруу керек деп кайрылып жатат. Кыргызстандагы эң жогорку бийлик тепкичтеринде отургандар баары чогулуп алып, кылмыш дүйнөсүнүн анабашын түрмөдөн чыгарып жиберишти. Мына, коррупция кайда жатат?!

Биз стуруктуралык өзгөртүүлөргө барышыбыз керек. Бир мисал айтайын, Бразилиянын президенти коррупцияга шектелди эле, кызматтан четтетип коюшту. Алардын укук системасында президентти да кызматтан алып коюуга мыйзамдык ченемдер бар экен. Кудум ушундай кырдаал Түштүк Кореянын президенти менен болууда. Демек, ушундай шарт биздин Конституциябызда да болушу керек. Ал үчүн башкы прокурор жана башка күч органдарын дайындоону президенттен алып туруп, парламентке берүү зарыл.

Мен өткөн жылы Грузияда болдум. Ал жерде иштеген полициялар менен жолуктум, сүйлөштүм, тааныштарым менен баарлаштым. Баары "Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили коррупцияны чындап эле азайтты, бирок өзү кайра коррупционерге айланып кетти" дешти. Ага каршы кылмыш иши козголуптур, ал Грузияга келе албай турган болуптур. Натыйжасы кандай болгон? Мен Тбилисиден бир дагы МАИ кызматкерин көрбөдүм. Бардык жерде камераларды орнотуп коюшуптур. Саакашвили полиция мекемесин жаңыдан куруп чыккан. Бардык жерде ачыктыкка жетишкен, иш орундары да айнек менен тосулган, баары көрүнүп турат.

Талант Разаков: Грузиядагы коррупция менен күрөштө натыйжа бергени аларга улуу держава мамлекеттерден каржылык колдоо көп болду. Айлыгына чейин сырттан төлөнүп жатты. Бизде коңшу Казакстандагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери алып жаткан айлыктын жарымын да төлөй албай жатпайбы. Күч органдарында иштеген кызматкерлердин пенсиясы төмөн. Мисалы, Орусияда миң долларга чейин пенсия алып жатышат...

Марат Кайыпов: Мына, Дача СУда кырсыкка учураган учактын ичиндеги жүк кимдики экендиги эмдигиче так айтылбай жатат. Күмөн саноолор көп болууда. Биздин бийлик жүк кимдики экенин эмне үчүн айтпайт? Бул жерде “иттин өлүгү көмүлүп жатат”, коррупция так ушул жерде. Балким, ал президентке же анын айланасындагыларга тиешелүү болушу мүмкүн деген шек саноого жол бербей, маалымат ачык айтылышы керек эле...

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG