Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында Кыргызстанда коррупция мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан деңгээлде экени айтылды.

Бул жыйында кыргыз бийлиги коррупция менен күрөшүүнүн жаңы баскычын баштаганы турганы да белгилүү болду. Анткен менен бул жааттагы күрөшкө канааттанбагандар арбын.

Кармалат, бирок соттолбойт

Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталгандардын эки пайызына гана сотто эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыгат. Бул тууралуу билдирген баш прокурор Аида Салянова айыпталгандардын көбү сотто акталып кетерин айтты.

- 2013-жылдын 9 айында коррупциялык кылмыштар боюнча соттор тарабынан 411 кылмыш иши каралган. Анын жыйынтыгында, болгону 18 иш боюнча 29 адамга эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган. Бул жалпы каралган иштердин 2,3 пайызын гана түзөт.

4-октябрда Коргоо кеңеши бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупцияны жоюу маселесин, ошондой эле антикоррупциялык саясаттын стратегиясын талкуулады. Анда сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев саясий коррупция же мамлекеттик кызматтарды сатуу бүгүн да уланып, өзгөчө бул парламентте коалициялык өкмөттөрдү түзүүдө байкалып жатканын белгиледи:

- Коррупционерлер саясий партиялар аркылуу кадр жана финансы маселелерин чечүүгө жол таап жатышат. Алар жолду Ак үйдөн да, “Көк үйдөн” да издейт. Мындай көрүнүштөр борбордо да, жер-жерлерде да байкалат. Мен биринчи коалиция түзүлгөндө мындай оюндарды өзүм да көргөм. Ошондуктан, кызматтарды устукандаганды токтотпосок, коалиция түзүлгөн сайын бул көрүнүш боло берет.

Анткен менен өлкө башчысы бир жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалары жаман болгон жок деп эсептейт. Ал буга коррупциянын деңгээлин аныктаган эл аралык “Трансперенси Интернешнл” уюмунун көрсөткүчүн мисал келтирди:

- Жалпысынан коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы жыйынтыгы жаман эмес. Анын мисалы катары Кыргызстан бир жылдын ичинде “Коррупцияны кабылдоо индексинин” эл аралык рейтинги боюнча 10 баскычка жакшырып, 164-орундан 154-орунга чыкты.

Көмүскө экономиканын түбү көрүнбөйт

Ал эми экономика министри Темир Сариев коррупциялык кесепеттерден улуттук экономикага келтирилген зыяндарды санады. Анын билдиришинче, мамлекеттик сатып алуулар коррупциянын очогу бойдон калууда. Көмүскө экономиканын деңгээли болсо, 40 пайыз дейт экономика министри:

- Экономика министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде, көмүскө экономиканын көлөмү 39-42 пайызды түзгөн. Бул коррупциянын пайда болушунун негизги себептеринин бири.

УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевдин пикиринде, быйыл 9 айдын ичинде жемкорлук боюнча кылмыштардан мамлекеттик бюджет бир миллиард сомдон ашык зыян тартканы аныкталды:

- 9 айдын ичинде Антикоррупциялык кызмат тарабынан кылмыш иши козголуп, 56 иш сотко өткөрүлдү. Кылмыш жоопкерчилигине 93 жооптуу кызмат адамы тартылып, анын он экиси соттолду. Антикоррупциялык кызмат корррупциялык кылмыштардын айынан мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 107 миллион сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 702 млн сому кайтарылган. Бул жалпы чыгымдын 63,4 пайызын түзөт.

Күрөшпү же пиарбы?

Антикоррупциялык кызматтан тышкары Кыргызстанда коррупция же экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн бир канча мамлекеттик орган бар. Булар башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштар менен күрөш кызматы, Ички иштер министрлиги жана башкалар. Бирок аталган органдардын жемкорлукка каршы күрөшүнүн натыйжасын өтө төмөн деп баалагандар көп.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов коррупцияга каршы күрөш деген ураандын алдында бийлик өз аброюн көтөргүсү келет деген ойдо:

- Азыр ошондон башка чаралары калбай калгандай көрүнөт. Бирок бул дыңды бузуш менимче, эми колдорунан келбей калды го. Анткени, бул үчүн чоң реформалар талап кылынат. Эң биринчи бул иште “курал” жакшы болуш керек. Коррупция менен күрөшүп жаткандар укук коргоо органдары жана сот. Алар шалдырап жарабай, иштен чыгып калган. Аларды түп тамырынан реформалап, башкача түзүп чыкканда гана натыйжасы болушу мүмкүн. Анан алар өздөрү 20 жылдан бери коррупциянын анабашы болуп келатса, анан “күрөшүп жатабыз” десе эле күрөш болуп калмак беле.

Коргоо кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү координациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ал жумушчу топ ай сайын улам бир министрликтин ишиндеги коррупциялык аракеттерди таап, бөгөт коюу чараларын иштеп чыгат.

Бийликтин коррупцияны тамырын кыркабыз деген аракеттери кандай натыйжаларды берет? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна коррупцияны жою маселелери боюнча эксперт, политология илимдеринин кандидаты Эркайым Мамбеталиева жооп берди.
Маекти бул жерден угуңуз

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG