Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Парламент Каржы министрлигин тутумдашкан коррупциянын очогу катары атап, анын каржылык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгын Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Депутаттык жумушчу топ Каржы министрлигиндеги олчойгон маяна же сыйлык акы чегерип алган фактыларды жана көмүскө схемалар аркылуу мамлекеттин каражатын жок кылуунун жол-жоболорун таап чыккан. Каржы министрлиги болсо депутаттык жумушчу топтун дооматтарын негизсиз айыптоо катары четке кагууда.

Акылга сыйбаган сыйлык акы


Каржы министрлигинин ишмердигин текшерип чыккан депутаттык жумушчу топ андагы тутумдашкан көмүскө коррупциялык схемаларды атады. Иликтөө учурунда Каржы министрлигинде атайын каражаттардын эсебин ачып алып, ал аркылуу кызматкерлерге негизсиз эле жерден олчойгон сыйлык акы чегерген жана материалдык жардам көрсөткөн фактылар чыккан.

2013-жылы 18-мартта каржы министри Ольга Лаврова “жылдын бюджет долбоору сапаттуу даярдалды” деген негиз менен кол алдындагыларга алты миң сомдон он эки миң сомго чейин сыйлык акы чегерген. Башка мекемелерден айырмаланып, сыйлык акы так негиздемеси көрсөтүлбөстөн эле ай сайын берилип турган фактылар чыккан.

Ошондой эле кызматкерлердин айлыгына кошумча тамак-аш чыгымы катары ай сайын беш миң сомдон берилип турган. Бул каражаттын бардыгы Каржы министрлигинде мыйзамсыз түзүлгөн атайын каражаттар эсебинен каржыланган.

Коррупцияга каршы туруу боюнча парламент комитетинин мүчөсү, депутат Урмат Аманбаева Каржы министрлиги бир дагы мамлекеттик мекемеде жок шарттарды түзүп алганын белгиледи:

- Мыйзамдын талабын бузуу менен атайын каражаттардын эсебин ачып алып, акчаны кошумча айлыкка жана сыйлык акыга чыгымдашкан. Мыйзам боюнча атайын каражаттардын эсебин ачууга кызмат көрсөткөн гана мамлекеттик бийлик органдарынын укугу болгон. Бирок Каржы министрлиги экономикалык өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыялардын пайыздарынын эсебинен аталган атайын каражаттардын эсебин ачып алганы аныкталды. Башка мамлекеттик мекемелерде кызматкерлер 5-6 миң сом айлык менен эптеп үй-бүлөсүн бага албай кыйналып жатышса, Каржы министрлигиндегилер өздөрүнө олчойгон айлык акы коюп алганы туура эмес. Бюджетте каражат жетишпей жатса, кайсы иши үчүн сыйлык акы жазылган деген суроого жооп жок.

Ошол эле кезде текшерүү учурунда Каржы министрлигинде маяна чегерүүдө же сыйлык акы дайындоодо бирдиктүү көзөмөлдүн жоктугу байкалган. Анткени эмгекке акы төлөө тутумундагы чаржайыттыктан улам министрликтин карамагындагы айрым мекемелерде айлык акыны өздөрү каалагандай коюп алган фактылар калкып чыккан.

“Инфо-система” ишканасында серверлерди карап, жаңы программаларды иштеп чыккан 5-6 программист гана 150 миң сомдук маяна алат.
Министрликтин алдындагы “Инфо-система” мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлерине 150 миң сомго чейин маяна чегерилгени аныкталган. Электрондук документ жүгүртүү аркылуу маалыматтардын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу бул ишканага мамлекеттик мекеме-уюмдардын жылдык бюджетинин 0,1 пайыз каражаты бөлүнүп турат. Текшерүү жүрүшүндө анын топтолгон жылдык бюджети 124 миллион сомго барабар экени көрсөтүлгөн. Ишкананын борбордук аппаратын жана аймактык бөлүмдөрүн кошкондо анда 82 адам эмгектенет.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева бул боюнча мына буларга токтолду:

- “Инфо-системада” иштеген кызматкерлерге 150 миң сомго чейин маяна чегерүү эмне деген маселе? Мейли, алардын иши заманбап маалымат технологиясы менен байланыштуу экен. Бирок ошондо да мына ушундай өлчөмдө маяна коюлбашы керек эле да. Аталган ишкана бюджеттин айкындуулугун камсыздайт деп түзүлгөн экен. Бирок учурда анын кызматынан пайдаланып, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жакшырып калды дегенден алысмын. Ар бир демилге акылга сыярлык болушу керек да. Эгерде мына ошол маалымат системасынын негизинде бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам бузуулар табылып, желип кеткен каражаттар ордуна коюлуп жатса башка кеп.

Жапаров: жүккө жараша акы

Анткен менен депутаттык жумушчу топ текшерүү учурунда таап чыккан фактыларды Каржы министрлиги четке кагууда. Министр Ольга Лаврова парламентте Каржы министрлигинин эмгекке акы төлөө системасы мурдатан бери калыптанганын айтты. Мамлекеттик бийлик органдарындагы эмгекке акы төлөө системасына 2008-жылдан баштап өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошол эле кезде мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди колдоо программасынын алкагында алардын эмгек акыларын көбөйтүү боюнча мамлекеттик органдарда атайын долбоор иштегенин ырастады:

- “Инфо-система” ишканасында болгону бүтүндөй серверлерди карап, жаңы программаларды иштеп чыккан 5-6 программист гана ошондой 150 миң сомдук маяна алат. Анткени алдыңкы маалымат технологиясынын рыногунда маянанын өлчөмү мындан да жогору. Эгерде мамлекет мына ошол адистер иштеп чыккан программаларга буйрутма берсе, өтө кымбатка түшмөк. Анан эми депутаттар маянанын өлчөмүн эмес, мыйзамсыз иштерди текшерүү менен алектенишсе болмок. Мамлекеттик кызматчылардын айлык маянасы алар аткарып жаткан ишке жараша төлөнүшү керек. Мен экономика министри болуп турганда андагы башкармалыктын башчылары кошумча төлөмдөрү менен бирге 50 миң сомго чейин айлык алышчу. Анткени мен штаттык бирдикти 280ден 120га чейин кыскартып, анын эсебинен айлыкты көтөргөм. Бул иштин натыйжасы үчүн нормалдуу эле көрүнүш.

Финансисттер маянанын өлчөмү, ай сайын сыйлык акы коюу жана материалдык жардам көрсөтүү атайын ички жобонун негизинде жүзөгө ашырыла турганын мисал келтиришти. Ошол эле кезде министрликтин атайын каражаттар эсеби өкмөттүн токтому менен ачылганы айтылды.

Каржы министрлигинин ички аудит жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Турмушбек Балбаков депутаттык жумушчу топтун баяндамасында келтирилген фактыларды чындыкка коошпогон маалыматтар деп эсептейт:

- Каржы министрлигинин кызматкерлери өздөрүнө олчойгон маяна коюп алды дегенге негиз жок. Биз башка мамлекеттик мекемелер сыяктуу эле айлык алабыз. Бизди деле Эсеп палатасы жылда текшерип турат. Мына ошол текшерүүнүн негизинде каржылык мыйзам бузуу болсо, буга чейин чыкмак да. Бизде орточо айлык акы көбөйгөндөн кийин 18 миң сомдун тегерегинде. Анан сыйлык акы деле жылына жободо көрсөтүлгөн шартта төрт жолу гана берилет. Андан ашыкча болушу мүмкүн эмес. Анда дагы тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүнө жараша төлөнөт. Тапшырмаларды аткаруу өз мөөнөтүнөн кечиктирилсе, ошол бериле турган сыйлык акы кесилет. Анан эми материалдык жардам болсо кызматкерлер өтө муктаж болгон өзгөчө учурларда гана берилет.

Каржы министри жана анын орун басарлары, статс-катчысы жана башкармалыктардын башчылары колуна канча айлык алышат? Бул жөнөкөй суроого жөнөкөй жооп алуу мүмкүн эмес. Анткени мамлекеттик кызматкерлердин маянасы боюнча маалымдамада буга толук жооп алуу кыйын. Себеби маалымдамада маянанын өлчөмү гана көрсөтүлүп, кошумчаланган акча каражаты адатта көрсөтүлбөй кала берет.

Мыйзамдын талабын бузуу менен атайын каражаттардын эсебин ачып алып, акчаны кошумча айлыкка жана сыйлык акыга чыгымдашкан.
Мисалы, расмий түрдө маяна 21 миң сом болсо, эмгек стажы, класстык чини сыяктуу бир катар кошумча төлөмдөр кошулуп отуруп, колго тийчү маянанын өлчөмү 50-60 миң сомго чыгышы мүмкүн. Каржы министрлигинин жылдык бюджети 400 миллион сомго барабар. Анын канча бөлүгү айлык маянага чыгымдала турганы белгисиз.

Каржы министрлигинин коомчулук менен байланышуу секторунун башчысы Назар Малаев жетекчилик курамдын маянасы тууралуу мындай маалымат берди:

- Министрдин айлыгы 21 миң сом. Катардагы жөнөкөй адис 11 миңдин айланасында алат. Орун басарлардын маянасы 17 миңден 19 миңге чейин. Башкармалыктын башчылары болсо 14 миң 850 сом маяна алат. Буга кошумча Эмгек кодексине ылайык, биздин кызматкерлердин маянасына башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле эмгек стажына жана класстык чинине жараша кошумча төлөмдөр кошулат.

Шек санаткан бюджет чыгымдары

Ошол эле кезде мамлекеттик сатып алууларда жана мамлекеттик гранттарды бөлүштүрүүдө коррупциялык схемалар көптөн бери калыптанып калганы аныкталган. Анткени бюджеттин чыгашалары парламенттен кабыл алынгандан кийин дагы ага оңдоолор киргизилген учурлар катталган. Бул боюнча Каржы министрлиги кабарландыруу аркылуу бюджеттин долбооруна каалагандай алымча-кошумча киргизүү менен "Республикалык бюджет жөнүндө" мыйзамды бузууга барганы текшерүүдө аныкталган. Бирок Каржы министрлиги муну мыйзам бузуучулук эмес, зарылдыктан улам келип чыккан оңдоолор катары карайт. Жыйынтыгында башында чыгашаларга бир сумма көрсөтүлсө, аягында ал башкача болуп өзгөртүлгөн фактылар кадимки өнөкөткө айланган.

Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин төрагасы Анарбек Калматов бул өнөкөттү мыйзамды одоно бузуу катары эсептейт:

- Мыйзамдын талабын Каржы министрлиги өздөрүнө ыңгайлуу кылып чечмелегиси келишет экен. Бирок мына ошол кабарландыруу аркылуу эле бюджеттин чыгашалары каалагандай өзгөртүлө берсе, анда бюджет тууралуу мыйзамды карап, кабыл алыштын кереги барбы деген суроо туулат. Каржы министрлиги бюджеттин корголгон беренелериндеги чыгашаларды да кааласа кыскартып, кааласа кошумчалап алып жатпайбы. Мына ушул жерде коррупциялык схемалар жатат.

Мындан сырткары айыл аймактарында каржылык тутумду өнүктүрүү деген сыяктуу бири-бирин кайталаган долбоорлордун кандай аткарылганы белгисиз. Мисалы, 2013-жылдын бюджетинде мына ошондой аталыштагы биринчи долбоорду каржылоого 176 миллион сом бөлүнгөн.

Экинчисине болсо кошумча 70 миң сомдон ашуун каражат каралган. Бирок жылдан-жылга кайталанган бул долбоорлордун кайсы айыл аймагына багытталып, кандайча пайда келтиргени көрсөтүлгөн эмес. Мына ошондуктан депутаттык жумушчу топ буга окшогон долбоорлор аркылуу мамлекеттин каражаты башка бирөөлөрдүн пайдасына чыгымдалып жатат деп шек санайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева мындай дейт:

- Мына ошол долбоорлорго жылда каражат бөлүнгөнүн карап, министр айымга ошол каражаттын кайсы айыл аймактарына даректүү жумшалганы боюнча маселени койсом, ага так жооп бере албай жатат. “Азыр буга жооп бере албайм, кийин келип, түшүндүрүп берейин” дейт. Бул эмне деген нерсе? Эмнеге министр мына ошол чыгымдардын кайсы жакка жумшалганын айтып бере албайт. Ошондон кийин бизде долбоорго деп бөлүнгөн каражаттын максаттуу жумшалганы боюнча шек пайда болду.

Каржы министрлигинин алдында үлүштүк дем берүүчү жана теңдештирүүчү гранттар сыяктуу каржылоонун негизинде социалдык объекттердин курулушун оңдоп-түздөө иштери аткарылып келет. Депутаттык жумушчу топ тиешелүү долбоорлорду жазуу менен аталган гранттарды утуп алуу машакат экенин таап чыгышкан. Анткени кандай долбоорлорго артыкчылык берүү жагын чечүүдө коррупциялык иш-аракеттер бар деген божомолдор айтылды. Бирок буга байланыштуу көрүнөө фактылар чыкпагандыктан бул маселени кошумча иликтөө жагы прокуратурага тапшырылды.

Ошол эле кезде Бишкек шаарындагы Свердлов райондук казыналыктын башчысы Сатаев быйыл жылдын башында кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп кармалган. Анын негизсиз эле бир долбоорлорду шылтоолоп, 3 миллион сомдон ашуун каражатты өзүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Каржы тармагындагы мына ушуга окшогон кызматтык кылмыштар көп катталганына карабастан алардын көпчүлүгү сотко жетпей кыскарып же кылмыш иштери соттон токтотулган фактылар ондоп саналаары депутаттык жумушчу топтун баяндамасында келтирилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG