Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Кулов чыгарган токтом боюнча иш козголду


Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр, 5-июль, 2012.
Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр, 5-июль, 2012.

2006-жылы Улуттук гвардияга тиешелүү жер аянты имараттары менен “ЮНИС-Курулуш” фирмасына берилип кеткен факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Ал ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун колу коюлган токтомдун негизинде берилген. Улуттук гвардияга жанаша жеке менчик көп кабаттуу үйдүн курулушу аскердик коопсуздукка шек жаратары айтылууда.

Улуттук гвардиянын жери мыйзамсыз берилген

Башкы прокуратура “коррупция” беренесинин негизинде Улуттук гвардиянын аймагына мыйзамсыз курулуш куруу жана тарыхый эстеликтерди мамлекеттик тизмеден чыгаруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов билдирди.

- №1 аскердик шаарчада жайгашкан казарманын, ашкананын, медициналык пункттун, чакан басмакананын имаратын, ага таандык болгон 1,6 гектар жер аянтын “ЮНИС-Курулуш” ишканасына өткөрүп берүү сунушталган. Ошол себептерден улам, мыйзамыз сатуу жана тарыхый-маданий эстеликтерди мамлекеттик тизмеден чыгаруу фактысы боюнча 24-октябрда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.


Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, жер аянтын “ЮНИС-Курулушка” берүү 2006-жылы 13-июлда чыккан өкмөттүн токтому менен ишке ашкан. Ага ылайык, жогорудагы имараттар жана жер аянты 2007-жылдын январь айында Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 32,5 млн. сомго арзандатылып, 46 млн. сом деп бааланган. Ал эми чынында ал кездеги базар баасы боюнча имараттар жер аянты менен 79, 1 млн. сом болмок.

“ЮНИС-Курулуш”: жерди мыйзамдуу алганбыз

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан Улуттук гвардиянын объекттери тарыхый баалуу имараттардын тизмесинде экенин айтып жатат. Андыктан мыйзам боюнча ал жеке колго берилбеш керек болчу. Ошону менен бирге аскерий имараттарды мамлекеттин менчигинен чыгарууга тыюу салган мыйзамдар да бузулган. Учурда аталган жерге “ЮНИС-Курулуш” ишканасы көп кабаттуу жеке үйлөрдү тургузууда.

Ишкананын ээси Рахатбек Ырсалиев жерди алууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес дейт. Ал 2006-жылдагы өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн милдеттерин “ЮНИС-Курулуш” ишканасы толук аткарып, Улуттук гвардия үчүн бир катар жаңы имараттарды салып беришкенин айтууда:

- Жерди алуудагы документтердин баары туура. 2006-жылы өкмөттүн токтому чыккан. 2008-жылы 300 орундуу аскердик беш кабаттуу казарма, 200 орундуу ашкана салынып, Улуттук гвардиянын курамына өткөрүлүп берилген. Мындан сырткары ал жерге клуб, медициналык-санитардык бөлүк жана чакан чайкана курулган. Башкы прокуратура муну текшерип, жердин бизге берилиши туура деген тыянак чыгарат деп ишенем. Анткени бул жакта мыйзам бузуу болгон эмес.

Рахатбек Ырсалиев 2006-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

Куловдун күнөөсү канчалык?

Улуттук гвардиянын аймагын “ЮНИС-Курулушка” берүү токтомуна ошол кездеги премьер-министр Фелик Кулов кол койгон. 28-октябрда Жогорку Кеңештеги Коргоо жана Коопсуздук комитети аталган токтомго кол койгон Феликс Куловдун жоопкерчилигин карап көрүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Бирок Феликс Кулов аталган маселе боюнча жеке өзү чечим кабыл алышы мүмкүн эмес экенин, ал сөзсүз башкы кол башчы – ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана Улуттук гвардиянын жетекчилиги менен макулдашылган болушу ыктымал деген оюн айткан. Ошондой эле көп кабаттуу үйдүн терезелерин Улуттук гвардия тарапка чыгып калышы анын күнөөсү эмес экенин билдирген.

Улуттук гвардиянын кол башчысы Асанбек Алымкожоевдун билдиришинче, 2006-жылы жерди жеке компанияга берүүгө Улуттук гвардиянын жетекчилиги каршы болгон:

- Бул жер өкмөттүн жана мэриянын токтомдору, ошондой эле Жогорку Кеңештин комитетинин чечимдери менен берилген. Баасын болсо Мамлекеттик мүлк фонду чыгарган. Аны бир гана киши чечкен эмес. Эң жогорку жактан, башкы кол башчыдан тартып, бергиле деген үчүн берилип кеткен. Биздин аймагыбыз кичирейип, кошуна болуп салынган үйлөр бизди үстүнөн күзгүдөй эле карап турат.

Алымкожоевдин айтымында, учурда “ЮНИС-Курулуш” ишканасы көп кабаттуу үйдү тургузуп бүтүп, ички жумуштарын жасоодо. Азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков 2006-жылы коргоо министри болуп турган. Бирок ал жогорудагы чечимге катышпаганын, анткени Улуттук гвардия ал кезде түз президентке караштуу болуп турганын белгиледи. Ал эми Башкы прокуратура козголгон кылмыш иши боюнча азырынча эч кимге айып коё элек.
XS
SM
MD
LG