Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Шаршенбаев: Коррупция баягы эле деңгээлде


Коррупциянын деңгээлин аныктап келген Transparency International Kyrgyzstan уюмунун атайын кеңешинин төрагасы Адылбек Шаршенбаев Кыргызстанда акыркы он жылда коррупциянын деңгээли бир калыпта турганын айтат.

- Кыргызстанда жаңы президент ишке киришкенден бери коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жылыштарды көрө алдыңыздарбы?

- Эми азыр бул жылыштарга баа берүү кыйыныраак. Анткени бул президент жакында эле шайланды. Айтылган сөздөрдү ишке ашыруу дагы кандайдыр бир убакытты талап кылат. Ошондуктан кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин баа берүүгө болот.

- Ал эми сонку бир жыл ичиндеги коррупциянын абалына кандай баа берилүүдө?

- Биз Кыргызстанда 2002-жылдан бери иштейбиз. Он жыл ичинде коррупциянын деңгээли бир калыпта эле турат. Биздин баалообуз боюнча, эки баллдын тегерегинде болуп келет. Биздин коррупцияны өлчөй турган индексибиз нөлдөн онго чейин созулат. Нөл балл деген коррупцияга эң көп малынганды билдирет. Анын ичинен биз он жылдын ичинде баягы эле деңгээлде, эки баллдын тегерегинде жүрүп жатабыз.

- Эгемендүү Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында ар бир президент коррупцияга каршы күрөшөбүз деген ураан чакырганы менен сиз айткандай, толук натыйжа болгон жок. Коррупционер же паракор делгендердин майда чабактары гана кармалып, чоң жаяндарынын эмне үчүн бети ачылбай келет? Коррупциянын тамыр кыркууга эмне тоскоол болуп жатат?

- Коррупция өзү татаал көрүнүш. Бизде коррупцияга каршы күрөш жалаң гана бир эки адамды кармап, аларды көрсөтүү менен гана чектелбестен, саясат деңгээлинде чечилиши керек. Коррупцияга каршы күрөш өзүнө бир нече багыттарды камтыйт. Маселен, мыйзамдарды жакшылап карап чыгуу керек. Бийлик менен коомчулуктун ортосунда бири-бирин таразалап турчу механизмдер керек.

Ошондой эле бийликтин түзүмүн жакшылап карап чыгуу зарыл. Мамлекеттик кызматтын принциптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Андан тышкары мүлк жагын, бюджеттик каражаттардын сарпталышын, сот системасынын ишин көзөмөлгө алуу кажет. Анан ушулардын башын бириктирип кармап туруу үчүн коррупцияга каршы саясатты координация кылуу керек.

- Сиз айткан иштерди аткарууга азыркы бийликтин, кадрлардын кудурети жетеби?

- Кыргызстандын орто ченемдеги стратегиясын карап көрсөк, биринчи орунда коррупцияга каршы күрөш деп айтылып жатат. Президент да коррупцияга каршы күрөшөбүз деп айтып жатат. Анын жыйынтыгын бир канча убакыттан кийин карап көрүү керек. Азыркы учурда бийликтегилердин сөзүнө жана программага карап, саясий эрк бар деп ишенип туралы.
XS
SM
MD
LG