Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Исмаилова: Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн колдойм


Акматбек Келдибековдун камалышы коомдо эки ача пикир жаратты. Бирөөлөр мунун саясий буйрук, экинчилери коррупцияга каршы күрөш катары баалап жатышат. Ал эми буга жарандык коомдун ою кандай? "Азаттык" бул боюнча Бир дүйнө Кыргызстан укуктук кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова менен маектешти.

“Азаттык”: Коррупцияга каршы күрөш тууралуу мурдагы эки бийликтин тушунан бери эле айтылып келет. Азыркы бийлик да бул тууралуу айтууда. Бирок азыркы күндө коррупцияга каршы күрөш кандайдыр бир ийгилик берип жатат деп айтылганды эч жерден уга элекпиз. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Исмаилова: Акаев менен Бакиев учурунда коррупцияга каршы күрөш виртуалдуу түрдө болгон. Анын кесепетин азыр да башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ички жана тышкы эксперттердин көз карашы боюнча, Кыргызстанда коррупция көрсөткүчү жогору. Анткени бизде ал күнүмдүк жана системалуу болуп кеткен. Кызматка атайын акча уурдаш үчүн барышат. Бул аябай кооптуу нерсе. Ошол себептүү, мен бул ишти саясатташтырбоо керек деп ойлойм. Коррупция менен күрөшүү өкмөттүн иши. Эгер реалдуу кадамдар болбосо, Кыргызстандын келечеги аябай жаман болот.

“Азаттык”: Укук коргоочу катары коррупция менен күрөш ийгиликтүү жүрүп жатканына ишенесизби? Кантсе да элибиздин менталитети башка дегендей?

Исмаилова: 2000-жылы Жарандар коррупцияга каршы уюму түптөлгөн. Азыркыга чейин иштеп келе жатабыз. Коррупция менен күрөшүү биздин стратегиялык ишибиз.

Былтыр биз Жогорку Кеңеште изилдөө жүргүзгөнбүз. Эсиңиздерде болсо керек, Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин спикери болгон, жарандык коомдун ага суроолору көп болчу. Ошол эле чиновниктердин декларациясы ачык болгондо да, элдин көбү таң калгандай жагдай түзүлгөн. Эмне дегенде азыр Кыргызстандын эли жакыр, миграция күч. Ушундай шартта депутаттар кантип байыган деген суроолор жаралган. Ошон үчүн 303-берене (коррупция), 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Башкы прокуратуранын иш козгогону туура. Муну оппозиция дебеш керек. Мен Текебаев мырзага кошулам. Бүгүнкү күндө ууру же кылмышкер болсо, анда анын орду түрмөдө. Эгер коррупцияга каршы күрөш жүрбөсө, анда Кыргызстанды 20 эле үй-бүлө башкарат. Калгандарыбыз аларга кул болобуз.

“Азаттык”: Жакында эле саясат таануучу Аалыбек Акунов “Азаттыкка” интервью берип жатып коррупцияга каршы күрөш багытталган мүнөздө гана болуп жатканын айтты. Бийликке каршы сүйлөгөндөр, оппозициядагылар гана камалып жатат, бул өзү туура эмес деп айтты. Буга кошуласызбы?

Исмаилова: Жана башта айтпадымбы, мен Текебаевдин оюна кошулам. Эгер кылмыш кылса, ал тууган же дос экенине карабай жазага тартылышы керек. Бүгүн мына республикалык бюджет ыйлап жатат. Ага ким күнөөлүү. Бүгүн анын авторлору Марат Султанов баш болуп парламентте олтурат. Ким кыңыр иш кылганы билинип эле турат да. Анан ушул убакка чейин эле кадыр-көңүлгө карап жүрө берелиби? Масштабдуу иштер жүрүп, Кумтөрдүн акционерлери Акаев, Бакиев менен чогуу түрмөгө камалышы керек. Болбосо эл эмне жыйырма үй-бүлөнүн кулубу?
XS
SM
MD
LG