Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Соңку үч жылда паракорчулукка байланыштуу 17 судья кызматынан алынган. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 28-ноябрда Бишкекте сот тармагын коррупциядан арылтуу маселелери боюнча жыйында билдирди.

Ал арада Башкы прокуратура тартип коргоо органдарынын ичинен сот тармагы өтө коррупциялашып кеткенин маалымдады.

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Болот Асанбаев “Азаттыктагы” маегинде коррупцияны алдын алуу, тыюу чаралары көрүлүп жатканын айтып берди. Ал сот чечимине байланыштуу нааразылыктарды укуктук сабатсыздык менен байланыштырууда:

- Мисалы, судьяларга каалаган кишинин кирип, сүйлөшүүсүн жойдук. Каалгаларга чип салынган кулпу илдик. Чоочун адамдар ээн-эркин кире албайт. Эми сот чечимине байланыштуу нааразычылык болбой койбойт экен. Эки тараптын бир тарабы баары бир нааразы болуп кала берет. Элдин укуктук деңгээли өссө, утулганын сезсе, моюнуна алса ушундай арыздануулар, даттануулар азаят эле.

Бишкекте 28-ноябрда сот системасын коррупциядан арылтуу маселелери боюнча жыйын өттү. Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева судьяларга байланыштуу айрым дооматтарды негизсиз деп билдирди:

Феруза Жамашева.

Феруза Жамашева.

- Сот тандоо боюнча сынакка катышкан, буга чейин судья болуп иштеп келген талапкерлердин 70 пайызы өтпөй кулап калып, алардын ордуна башка тармактарда иштеп жүргөн жаңы адамдар келип жатат. Милиция кызматкерлери, прокурорлор “биз кылмышкерлерди кармасак, соттор коё берип жатат” деген дооматты айтышат. Кээ бир учурда далилдер мыйзамсыз ыкма менен алынат. Биздин Конституция боюнча мындай далилдер менен адамды соттогонго болбойт. Жакында эле милиция кызматкерлери алар кармаган ОПГнын баарын эле соттор бошотуп жатат деп айтып чыгышты. Мен бир мисал келтирейин: бир адамды кармап, ОПГ деп алып келишти. Бирок ага эки аял алган деген айып коюлган экен. Эки аял алды деген оор кылмышка кирбейт. Мындай айып менен адамды камаганга да болбойт. ОПГ деп алып келишкени менен аны тастыктай турган далилдер жок болуп жатат.

Жогорку Кеңештеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Токтогул Туманов сот реформасын жалпысынан оң баалады:

- Көп иштер жасалып жатат. Сот реформасында жылыш бар. Сот чечим чыгарганда бир жагы ынаса, экинчи тарабы макул болбойт. Мындан улам биздин комитетке көп арыздар түшөт.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун баамында, коррупцияны ооздуктоо боюнча мыйзамдар жетиштүү. Маселе алардын аткарылышында:

Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов.

- Жаман адат болсо эле мыйзамдарга шылташат. “Мыйзамдар начар болсо биз эмне кылалы?” деп айтышат. Немис элинин белгилүү саясатчысы Отто фон Бисмарктын “Кадрлар жакшы болсо жаман мыйзамдар менен деле ишти алдыга жылдырса болот, ал эми аткаминерлер жаман болсо жакшы мыйзамдар да жардам бербейт” деп айтканы бар. Биздин мыйзамдардын 70-80 пайызы эл аралык стандарттарга жооп берет. Бирок мыйзамдын талабы аткарылбай жаткандыгы ошол мыйзамды иштетип жаткан аткаминерлерде болуп жатпайбы. Коррупция менен күрөшкөн, уюшма кылмыш топторду ооздуктай турган мыйзамдар жетиштүү эле. Албетте мыйзамдарда да анча-мынча алешемдиктер бар. Мыйзам бул тирүү организмдей эле да. Маселен, коррупциялык жаңы ыкмалар, заманбап технологиялар пайда болуп жатпайбы. Ошол коррупциянын артынан кубалап сая түшкөн мыйзамдар улам өзгөрүп, ага каршы чараларды көрүп турушу керек.

Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова сот тармагындагы реформаларды сынга алууда:

- Жалпы система оңолууга кадам таштай элек. Мындай чара көрүп жатабыз, андай чара көрүп жатабыз деген менен натыйжасы деле жок. Мисалы, канча сотто ишти электрондук ыкма менен бөлүштүрүү кирди десек, азырынча баштала элек дешет. Соттук жараяндарга видео көзөмөл бар дейт. Бирок анда айтылгандардын баары түшүрүлгөн видео протокол жок. Эгерде видео протокол болгондо процесске катышкандар кийин өз чындыгын далилдей алмак. Мындай протокол болбогондон кийин видео камералардын эмне кереги бар? Ооба, жасап атабыз деген менен үч жыл өттү. Ушул үч жылда канча адамдын тагдыры чечилди. Реформага барам деген кишилерди деле реформаны каалабаган адамдар артка тартып жатат. Анткени тазалануу деген өтө оор, көп адамдардын тамагына сайылган кылкан болот, сол акчалар солонбой калат. Тазаланууга барганга көп адамдар даяр эмес, ошол эле сот адилеттигин талап кылган карапайым адамдар дагы. Тазаланууну ар бир адам өзүнөн баштоосу керек.

Кыргызстанда соттор коррупциялашкан, аткаруу бийлигине көз каранды деген айыптар көптөн бери эле коюлуп келет. Сот реформасы Апрель ыңкылабынын башкы талаптарынын бири болгон. Ыңкылаптан кийинки бийлик сот реформасын жасоого ынтызар экендигин билдирип жатканы менен ал дале арабөк абалда турат.

Эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана жергиликтүү байкоочулар сот реформасын натыйжалуу жүргүзмөйүнчө өлкөнүн экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес деп эсептешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG