Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:36

Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү тууралуу “Азаттык” менен көз карандысыз эксперт, юстиция генералы Кубат Кожаналиев ой бөлүштү.

“Азаттык”: Акыркы конституциялык реформадан кийин Кыргызстанда бийликтин куралуу табияты өзгөргөнүн, азыркы бийлик жаңы саясий шартта куралганын эске алганда, коррупцияга каршы учурда тышкы байкоочулар үчүн улам күчөп бара жаткандай көрүнгөн күрөштүн да табияты мурдагылардан айырмаланат деп айтууга болобу?

Кожоналиев: Табияты башка деп айтыш кыйын. Анткени ыкмалары мурдагыдай эле калып жатат. Мурдагы эле ыкмалар, мурдагы эле адамдар. Бирок ким бийликте, ким оппозицияда, ким башка жакта, ошолор эле өзгөрүп жатат.

“Азаттык”: Азыр козголгон кылмыш иштер оппозицияга деле каршы эмес го, тескерисинче башкаруучу коалицияга кирген партиянын айрым депутаттары бутага алынды. Мурда жеке басар бийлик өкүм сүргөн кезде коррупцияга каршы кандай иш болбосун оппозицияга каршы, оппоненттерге каршы деп мүнөздөлүп, коом да ошондой кабыл алуучу да. Азыр да мурдагыдай эле кабыл алууга негиз барбы?

Кожоналиев: Мындай да, саясий күрөштө бүгүнкү досуң эртеңки касың, кечээги касың, бүгүнкү досуң болуп калышы ыктымал. Азыр кимге каршы кандай аракеттер болуп жатканын карап көрүү керек. Ким кимдин адамы эле, ким кай жактан келген эле.
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG