Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Турсунбеков: Пирматов сотко өзү барса болмок


Жогорку Кеңеш “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга каршылык билдирди. Башкы прокуратура депутатты тергөө ишине тартууну суранып, 1 ай мурда парламентке кайрылган. Башкаруучу коалициянын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” курган маеги.

"Азаттык": Жогорку Кеңеш Исхак Пирматовду коргоп калды. Депутаттык комиссиянын башында КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкина турду. Деги эле коллегаларыңыздын бул кадамын кандай баалайсыз?

Турсунбеков: Галина Скрипкина депутаттык комиссия түзүлүп жатканда өзү мүчө болуп кирейин деп бизден суранды эле, "юристмин, пайдам тийет", деп. Биз макул болгонбуз, ал киши юрист катары ак иштеди деген үмүтүм бар. Бул маселе абдан чоң деңгээлде көтөрүлүп калды, эгерде биздин фракциянын мүчөсүндө ушундай кырдаал жаралса, анда биз анын кол тийбестигин алып, дароо сотко жибермекпиз. Бирок Пирматов биздин өнөктөш болгон “Республика” фракциясынан депутат, ошон үчүн алардын талаптарына кээде макул болуп атабыз.

"Азаттык": Канткен менен Пирматов башкаруучу коалицияга кирген фракциянын мүчөсү. Сиз анын жеке өзүнө сотко бар деп айтып көрдүңүзбү?

Турсунбеков: Менин бир катар кесиптештерим “баарыбызды кыйнабай, сотко өзүңүз эле барсаңыз” деп Пирматовго айтышты. Ал сотко барган жок. Эгерде ошондой кадамга барса, көпчүлүк коалициянын ынтымагы үчүн да жакшы болмок, чынын айтканда ушул иште баарыбыз кыйналдык.

"Азаттык": Депутат Пирматов сотко эмне үчүн барбай койду деп ойлойсуз?

Турсунбеков: Ал үчүн мен жооп бере албайм. Бирок ал деле жакшы түшүнсө керек, депутаттык мөөнөт да бүтөт, адам кол тийбестик менен жашай тургандай өмүр бою депутат боло албайт да. Сотко барса өзү үчүн эле жакшы болмок.

"Азаттык": "Эми коррупцияга каршы катуу күрөшөбүз, мага парламент, өкмөт да кол кабыш кылышы керек", деген президент Атамбаевдин буга реакциясы кандай болушу мүмкүн?

Турсунбеков: Мен ал кишинин реакциясына көзү ачыктык кылбайын, бирок анын коррупцияга каршы абдан катуу күрөшүп жатканын жакшы билебиз. Тилеке каршы күрөш жеңил болбойт экен. Бирок мындан ары да биз колдоо көрсөтөбүз. Эл да колдоосу керек.

"Азаттык": Эмне себептен парламент Башкы прокуратуранын аргументтерин уккан жок?

Турсунбеков: Башкы прокуратуранын аргументтерин укпаганыбыз да туура эмес болуп калды. Алардын колунда көп документтер турат. Эми алар "Бизди депутаттар укпай, өздөрүнүн ишин өздөрү бүтүрүп алышты", деп айтат. Эл арасында ушундай пикир жаралабы деп чочулап турам.

"Азаттык": Бүгүн Пирматовду 89 депутат колдоп, 18 депутат каршы добуш берди. Демек кыргыз парламентинде коррупция менен күрөшүүнү каалагандардын саны өтө эле аз деп түшүнсөк болобу?

Турсунбеков: 89 депутаттын ичинде деле коррупция менен күрөшкүсү келгендер болсо керек, балким Пирматовдун күнөөсүз экенине ишенип жатышат. Кээ бирөөлөрү сиз айткандай, коррупциянын сазына батып калса керек. Бул жерде сөз - Пирматовдун коррупционер же таза экенинде эмес, Жогорку Кеңештин жүзү жөнүндө болуп жатат. Күнөөсүз адам өзүнө ишенсе, сотко барып далилдеп алмак.

"Азаттык": Германия президенти таанышынан бир аз арзан пайыз менен акча алганы үчүн жакында кызматынан кетти. Ал кызматтан кеткиче коомчулук катуу басым жасап туруп алды. Бизде ушундай саясий система дагы канча убакытта түзүлөт деп ойлойсуз?

Турсунбеков: Силерге окшогон маалымат каражаттары, эл ошону талап кылып турса, андай саясий система ылдам жана бат түзүлөт деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG