Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Коррупциядан ким соо?


Жогорку Кеңеш Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алуудан баш тартты. Бул окуя президенттин коррупцияга каршы күрөшүү саясатына кандай таасир этет?

Талкууга мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана “Прогресс” уюмунун лидери Адил Турдукулов катышты.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөш жарыялаган. Анын алкагында "министр болобу, депутат болобу жоопко тартылыш керек" деген. Башкы прокуратура президенттин көзөмөлүндөгү кызмат катары айрым аракеттерди баштады. Алардын бири - депутат Исхак Пирматовго каршы козголгон кылмыш иши. Бирок президентке караштуу Социал-демократиялык фракциясынын көпчүлүгү ага каршы добуш берди. Президенттин бир колу коррупцияга каршы күрөшсө, экинчи колу токтотуп калгандай. Муну кандай түшүнсөк болот?

Кубатбек Байболов: Биз "коррупцияга каршы күрөш жарыяланды" деп, баарын тең баса калып, "бөрк ал десе, баш алгандай" болбошубуз керек. Президент кандай деп айтса, ал айныксыз аткарылыш керек деген саясат менен 19-20 жылдан бери келатып, бул саясаттын туура эместигине көзүбүз жетти. Азыр башкача саясат жүргүзөлү деген далалат менен иш алып барып жатпайбызбы.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Адил Турдукулов: Азыркы өкмөттө, парламентте отургандар, өзгөчө президент бийликке коррупцияга каршы күрөшөбүз деген ураан менен келген. Андыктан ыңкылаптан кийин эле аларда мүмкүнчүлүк бар эле. Бардык күч түзүмдөрү алардын колунда болгон.

Ошол убакта алар жалаң гана мыйзамга таянбай, башка нерселерге таянып, иш жасап жиберишкен. Бирок ал иштер элдин кызыкчылыгына эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына багытталганы белгилүү. Ошол эле банктардагы уячалар боюнча иштер. Ал аягына чыга элек. Коррупцияга каршы күрөш урааны туура. Бирок бул жерде тандалма саясат болуп кетип, саясий оппоненттерге басым жасалып кетпейби деген коркунуч бар.

Азиза Абдирасулова: Андай 200 млн. доллардан көп кеткен. Эң биринчи коррупционер - мамлекет болуп жатат. Мамлекеттин өзүнүн алган акчасы канча, сарптаганы канча? Эч ким билбейт. Эч ким эч кимге отчет бербейт. Баарынын арты булганыч. Бир да тазасы жок. Ошон үчүн бири-бирин жоопко тарта албай отурушат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG