Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Жасалма дипломдуулардын жүзү ачылды


Бишкек шаардык прокуратурасы айрым МАИ кызматкерлери жасалма диплом жана аскер күбөлүгү менен иштеп келгенин жарыялады.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, жасалма документтерге байланышкан башка жагдайлар да иликтенүүдө.

12 жылдан бери...

Бишкек шаардык прокуратурасы шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгын текшерүү учурунда анда жасалма документтер менен иштеген үч МАИ кызматкеринин бети ачылды. Бул боюнча жасалма документтерди жасоо, сатуу жана колдонуу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Рысбек Айылчиев:

- Эки МАИ кызматкеринде жасалма диплом, бирөөсүндө жасалма аскер күбөлүгү чыкты. Мына ошонун негизинде бирөө ага лейтенант деген офицердик наам алган. Ошол жасалма документтерди пайдаланып, 2000-жылы жумушка орношуп, ушул кезге чейин аларды эч ким билген эмес. Эми азыр коюлган колдор боюнча экспертизалар жүргүзүлүп, аталган жасалма документтер кимдер тарабынан жасалганын аныктоо иштери жүрөт.

Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык кылмыш иши козголгон МАИ кызматкерлеринин аты-жөнү жарыяланган жок. Дипломдордун бири Арабаев, экинчиси Раззаков атындагы университеттердин атынан жасалган. Аскер күбөлүгү болсо шаардын Ленин райондук комиссариатына таандык деп жазылган.

И.Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов жасалма дипломдун даярдалышына окуу жайдын тиешеси жок деп эсептейт:

- Жасалма дипломду бул, же тигил окуу жайдын атынан жасаса – бул деген чын эле ошол окуу жайынан жасалды дегенди билдирбейт. Экспертизалык текшерүү жасалган. Алардын биздин окуу жайга эч кандай тиешеси жок. Ошолорду окуган адам диплом кандай толтурула турганын билбеген адамдар жасагандыгын байкайт. Коюлган колдор дал келбейт, мөөрү окшошпойт.

Кыңыр иштердин карааны

Жасалма дипломдун биринин ээси Арабаев атындагы университеттин “укук таануу” адистиги боюнча бүткөн деп жаздырып алган. Бирок диплом берилген 1999-жылы аталган окуу жайда аталган адистик болгон эмес. Мындан улам тергөө шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы адистерди кызматка алууда алардын дипломдорун кылдат текшерген эмес деген жыйынтыкка келүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Матенова кадрлар кызматы буга жооп бере тургандыгын белгиледи:

- Бул боюнча бизде ички иликтөө да болот. Анан прокуратура аныктап чыкса, анда биздин кадрлар кызматынын ошол кездеги жетекчилиги жооп берүүгө туура келет.
Ошол жасалма документтерди пайдаланып, 2000-жылы жумушка орношуп, ушул кезге чейин аларды эч ким билген эмес.

Учурда тергөөчүлөр аттары аталган окуу жайларда кошумча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анткен менен шаарда жасалма документ жасоого адистешкен басмакананы издеп табышса болмок дегендер аз эмес.

Арабаев университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов мындай иштерге кимдер кызыкдар экендигинин четин чыгарды:

- Кыргызстанда дипломдор, паспорттор жана башка орчундуу документтер кайдан басылып чыгаарын бардыгы эле билишет. Андай басмакана Бишкекте бир-экөө эле. Жасалма дипломдорго суу белгиси, коргоочу белгилерди коюп жатканын көргөн адамдар алар каяктан даярдалышы мүмкүн экендигин бат эле байкайт. Окуу жайларын текшергенден көрө мына ошол басмаканаларды текшериш керек. Диплом дегенди колго жасай албайт да.

2011-жылы жайында ички иштер органдары жасалма паспортторду чыгарган басмакана табылгандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага катышы бар эки адам кармалганы айтылып, бирок кийин белгисиз себептер менен аталган кылмыш иши сотко жетпей кыскарып кеткен болчу.
XS
SM
MD
LG