Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Кыргызстанда коррупцияга каршы бөгөт койуучу мыйзамдык база анын гүлдөп-өсүшүнө багытталып жазылып калган. Бул боюнча жемкордукка каршы туруунун чараларына багытталган төгөрөк үстөл жыйналышында айтылды.

Жазасыз калуунун жаракаты

Отурумда Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли коркунучтуу чекке жеткендиги айтылып, ага каршы чаралардын натыйжасыз болуп жаткандыгы белгиленди. Жемкордуктун желеси борбордук бийликтен баштап, бала бакчага чейин жетип, анын мүнөзү жана түрлөрү талкууланды.

“Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев буга өлкөдөгү жазасыз калуу өнөкөтү себеп болуп жаткандыгын айтты:

- Ким бийликте турса өзүнүн пайдасына коррупцияны колдонот. Бийликке жеткиче коррупция күчөп кеткендигин айтып, кан какшап, элге жакшы көрүнгүсү келет. Бийликке жеткенден кийин анан кайра эле баягы кейпин кийип, коррупция менен шугулдана башташат. Мунун өөрчүп кеткендигинин себеби бирөө эле - жазасыз калуу мүмкүнчүлүгүнүн көптүгү. Ырас, мамлекеттик кызматкер коррупцияга аралаштыбы - ал жазаланышы керек болчу. Мына ошондо гана эл бийликке ишенет.

Буга чейинки элдик толкундоолордун чыгышына бийликтеги ашынган коррупциянын себеп катары көрсөтүлүп келет. Бирок отурум катышуучулары жаңыдан келген бийлик мурдагылардан айырмаланбай калып жаткандыгы айтылды.

Анткен менен мурдагы каржы министри Темир Сариев өзүнүн тармагы боюнча учурунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракеттерди көргөндүгүн мисал келтирди:

- Бажы тармагында Кытайдан кирген ар бир жүк ташыган унаа мурдагы бийликтин чөнтөгүнө ар бир келишинде 1500 доллардан төлөчү экен. Ар бир килограмм жүккө 15 центтен мамлекеттин казынасына алып келишкен. Биз ушуну токтотуп, мамлекетке гана төлөй турган кылдык. Мына ошондуктан өлкөдө жанагыдай окуялар болгондугуна карабастан бажы төлөмдөрү төмөндөгөн жок.

Мыйзамдардын карама-каршылыгы

Иликтөөнүн жүрүшүндө жыйырмадан ашуун ар түрдүү тармактардагы кадыресе калыптанып калган коррупциялык схемалар тизмектелген. Алардын ичинен жемкордук кеңири таркалган багыттар катары бажы, салык, энергетика, тартип коргоо органдары, жерге жайгаштыруу, жер казынасы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактары аталган. Бирок жемкордук боюнча козголгон кылмыш иштеринин жана жазалангандардын катышы бир кыйла төмөн экендиги айтылды.

“Апрель” кыймылынын жетекчиси Бакыт Бакетаев муну мыйзамдардын калпыстыгы менен байланыштырды:

- Ар бир мыйзамдын ар бир беренесинде коррупциялык схемаларга жол ачкан шарттар киргизилип калган. Мисалы, Жаза кодексинин 303- беренесинде коррупциялык иш аракетке мүнөздөмө аны далилдөөгө мүмкүн болбой тургандай кылып көрсөтүлүп калган. Аталган берене боюнча кылмыш ишин козгоп, далилдеп, аны сотко өткөрүүгө деги эле мүмкүн эмес. Ошондуктан жаза, бажы, салык кодекстерин жана башка тиешелүү мыйзамдарды коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын алкагында экспертизадан өткөрүү керек.

Жыйналыштын аягында жемкордукка каршы күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча улуттук комиссия түзүү демилгеси көтөрүлдү. Аталган комиссия ар бир тармак боюнча жемкордукка каршы күрөшүүнүн чараларын көзөмөлдөп турмакчы. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда жемкордукка каршы күрөшүү боюнча мекемелер түзүлгөн сайын анын өсүшү байкалып жаткандыгы белгиленди.
XS
SM
MD
LG