Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Түлеев иши: бара бербей, пара бер


Сүрөттө: Түлеевди тергөө абагына жеткиришүүдө, 25-июнь, 2012-жыл
Сүрөттө: Түлеевди тергөө абагына жеткиришүүдө, 25-июнь, 2012-жыл

Улуттук коопсуздук комитетинин эмканасында дарыланып жаткан камактагы депутат Нариман Түлеевден 50 миң доллар талап кылды деген шек менен тергөө абагынын ички медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматтан алынды.

Камактагы депутат Нариман Түлеевге жолугуп чыккан акыйкатчы Турсунбек Акун анын саламаттыгы кыйла начар экенин жарыялады.

Акыйкатчынын мурдараак тараткан маалыматы боюнча, УКМК эмканасында дарылануусун улантуу үчүн абактын медициналык кызмат жетекчиси Нияз Алдашев Түлеевден 50 000 доллар талап кылгандан кийин депутат кургак ачкачылык жарыялаган болчу.

Түлеев акча берүүдөн баш тартканы үчүн аны кайрадан тергөө абагына которуп салышкан деди Турсунбек Акун:

- "50 миң доллар берсең биз сени дарылайбыз" деп акча талап кылышканын бүгүн мага Түлеев өзү айтты. Бирок ал бир да тыйын бербептир. Анан аны тергөө абагына которуп салышыптыр, дарылануусун улантпай. Түлеевдин абалы азыр жакшы эмес, кургак ачкачылыкта отурган экен, мен суу ичкенге араң көндүрдүм.

УКМКнын басма сөз кызматы Түлеевден акча талап кылган деп кине коюлуп жаткан Нияз Алдашевдин үстүнөн азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Эгер Алдашевдин акча талап кылганы ашкереленсе, анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылат дейт УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Кубан Арзыкулов:

- 50 миң доллар сурады деген маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн азыр кызматтык иликтөө жүрүүдө. Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн Алдашев кызматынан убактылуу четтетилди. Иликтөө бүткөндөн кийин чечим чыгат, акча сураганы чын болсо, кылмыш иши козголот.

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов абактагы адамдан дарылоого деп акча талап кылуу чекисттер органы үчүн уят деп эсептейт. Бийликтер УКМКны сөз жок реформалоо зарыл дейт Иманкулов:

- 50 миң эмес, 5 доллар да сураганга акысы жок болчу. Мен ошол кесиптештерим үчүн уялып турам. Мындай болбош керек эле. Азыр күч органдарын реформалайбыз деген сөздөр жүрүп жатпайбы, ошонун ичинде коопсуздук кызматын да сөзсүз реформалаш керек.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов бул сыяктуу окуялар бийликтин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнүн натыйжасына көпчүлүктүн ишенимин кетирет деген пикирде.

- Буга мен таң калган деле жокмун, анткени УКМК да башкалардай эле коррупцияга белчесинен баткан. Азыр коррупция менен күрөш баштала эле деп айтсак болот. Коррупционерлер менен коррупционерлер күрөшүп жатышат.

Бул окуя коом ичинде, айрыкча интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан кез. Айрым авторлор "паракордон паракор пара талап кылыптыр" деп жазып, УКМКны мазактоого өтүштү.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата Журт” партиясынын депутаты Нариман Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Ага 2008-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG