Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге байланыштуу чуу жараткан жагдайларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады.

Комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров анда бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Сарпашев жана анын жакындары дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп сыпаттап жатат. “Градиент” фирмасы тендерлерди байма-бай утушун, Кумтөр менен байланышын иликтөө үчүн өткөн жылы ноябрь айынын этегенде Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Ал ортодо парламент 9-апрелде саясий кызматтагы адамдардын тиешеси бар компаниялар мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

“Градиент” тендерге маарыдыбы?

Депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, “Градиент” ишканасы соңку үч жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп тендер уткан. Аталган комиссиянын төрагасы, Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун “Азаттыкка” билдиришинче, ал мыйзам бузуулар менен коштолгон:

- “Градиент” соңку үч жылда 110 тендер уткан. Бул андан мурунку жылдарга караганда 2 эсе көп. Сарпашев вице-премьер-министр болуп иштеген алгачкы беш айда дагы деле “Градиент” ишканасынын негиздөөчүсү болуп эле отурган. Ошол 5,5 айдын ичинде 162 миллион сомдук тендер уткан. Анын ичинде 86 миллион сомдук түрк насыясы да бар. Бул мыйзамсыз деп эсептейм. Анткени кызматкер келгенден кийин эле ишкананын негиздөөчүсү болуудан кетиши керек болчу. Экинчиси, Кумтөр менен келишим түзүп, 14 миллион сомго 2200 килограмм иштетилген май алышкан. Бул келишим да Сарпашев вице-премьер-министр болуп турганда түзүлүп жатат.

Максат Сабиров иликтөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашевдин декларациясында көрсөтүлбөгөн мүлктөр да бар экени аныкталганын кошумчалады:

- Сарпашевдин жубайына жазылган Токтогулдагы гектарлаган жерлер декларацияда көрүнбөй калган экен. Андан сырткары "Ысык-Көл инвестбанктын" 44 акциясы бар экен, унаалары бар экен. Ошолор да кошулган эмес. Мамлекеттик кызматта тургандан кийин мунун баарын мыйам бузуу деп эсептейм. Ошондой эле “Подиум” дүкөндөрү боюнча да жагдайлар аныкталды. Бул дүкөндөрдүн түзүүчүсү дегенден 2014-жылдын март айында гана чыккан. Ошондой эле "аффилированный фирмалар" боюнча таблица түзүп койдук. Алардын баарын парламенттин жалпы жыйынына алып чыгып, көрсөтүп беребиз.


Бул дооматтар боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, депутаттык комиссиянын түзүлүшүн, мурунку жана азыркы иштеринин тескелишин саясий атаандаштарынын "каралоо жараяны" деп атады:

- Мен башкаларга окшоп, өзүм чоңойгондон кийин туугандарымды да чоңойткон жокмун. Менин туугандарым 20 жылдан бери бир орундан жылышкан жок. Мени каралоо аракеттери жүрүп жатат. Бул – саясий күрөш. 14 жылдык саясий ишмердигимде шайланма кызматтарды гана ээлеп келе жатам. Бирөөгө жакшы көрүнүп, же көңүлүн алып кызматка барган эмесмин. Жалаң саясий күрөш менен келе жатам. Саясий күрөштө менин атаандаштарым болду. 14 жылда кеминде 14 саясий оппонент топтодум. Мени каралоонун негизги максаты эмнеде? Биринчиден, тигил же бул партия шайлоого даярдана баштады. Мага эле эмес, дагы башка партиялардын лидерлерине соккку уруу башталды.


Эми сөз болуп жаткан “Градиент” ишканасынын өзүнө келели. Аталган ишкана 1997-жылы түзүлгөн. Жетекчиси, өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы Эмир Сарпашев. Ишкана негизенен мотор майлары менен камсыздоо, жол жана ирригациялык системаларды куруу иштери менен алектенет.

Бир туугандын “азабы”

Эмир Сарпашев мурунку бийликтин тушунда “Градиентти” мамлекеттик мекемелерде өткөрүлгөн тендерлерге аларды атайлап жолотпой келгенин, азыр жол ачылганын айтууда. Бирок бир тууганы өкмөт жетекчилигине келгенден бери тендерлерди байма-бай ута баштады деген сөздөр негизсиз деп эсептейт:

- Буга чейинки система бизди мамлекеттик мекеме-ишканалардагы тендерлерге киргизчү эмес. Баарын өздөрү ээлеп алышчу. Биз болсо айла жок, мамлекеттик эмес, тазаарак иштеген АБР, АРИС өңдүү эле аралык банктардын заказы менен иштегендер менен кызматташчубуз. Мурун мисалы бир жылда тендерге он жолу катышсак, ошондо бир же, эки жолу эле утчубуз. Биз жүгүрткөн каражаттын пайыздык көрсөткүчүн алсак, мисалы мэрияны алсак, соңку бир жылдын ичинде алар өткөргөн тендерлердин 0,6 пайызын гана алыптырбыз. Бир жылда биз 60 тендерге катышыптырбыз, ошонун 13үн гана утуптурбуз. Бул нормалдуу эле статистика. Эгер жүгүрткөн каражатыбызды карай турган болсок, 2013-жылы тескерисинче, түшүп кетиптир. Тайырбек өкмөткө 2012-жылы сентябрда келди. Ага чейин иштерим жакшы болчу. Ал келгенден бери менде азап башталды. Ал отургандан бери эч жакка катыша албайм, кире да албайм. Биз деген укуктук мамлекетте жашап жатабыз да. Бир тууган болсок эмне болуптур? Анын өзүнүн үй-бүлөсү, өзүнүн бала-чакасы бар. Меники болсо өзүнчө. Ал мага бир тыйын бербейт, мен ага бир тыйын бербейм. Мына, Кудайдын алдында айтайын, “Градиент” фирмасын мен түзгөм. Ооба, мен башында ал фирманы иниме жаздырып койгом.

Эмир Сарпашев Кумтөр боюнча байланышы бар деген дооматтарга мындайча жооп берди:

- Мен алардын май алып келүү боюнча тендерине эч качан катышкан эмесмин. Себеби Кыргызстандын субъектиси ага катышканга укугу жок. Мен Кыргызстандын резидентимин. Ал жакка резидент эместер гана катышат. Бул болсо мага асылган депутаттардын билимсиздиги болуп жатат. Мен алардан тескерисинче колдонгон майын сатып алам. Анткени Кыргызстанда колдонгон майды иштеткен завод менде эле бар. Кумтөрдүн бир дагы кишисин тааныбайм. Алар ушундай жабык, жалаң гана кат менен эле сүйлөшөбүз. Мен алардын сынагына буга чейин үч жолу катышып утулуп калгам. Жанагы заводду салгандан кийин гана уттум. Ошол колдонулган майды мен эле жалгыз эмес, ошол мага асылган депутаттардын кишилери да алат.


“Градиент” соңку үч жылда 20га жакын мамлекеттик мекеме, министрликтердин тендерлерин утуп алган. Андай мамлекеттик ишканалардын бири - “Кыргыз темир жолу”. Ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаев тендерлер мыйзамдуу жол менен өткөнүнө ынандырууда:

- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бар. Ал жакта тендерге үч фирмадан кем эмес катышышы керек деген жобо бар. Ошондуктан “Градиент” фирмасы жалгыз катышкан эмес. Биз негизиген баа саясатына карадык. Анан эң төмөнкү бааны берген адам утуп алат да. Эми бул жерде эгерде “Градиенттен” ылдый бааны көрсөткөн башка компания болсо, анан алар утулуп калса сөзсүз чырдап чыкмак да.


Буга чейин айрым маалымат каражаттары "Градиент" фирмасы боюнча козголгон кылмыш иштин изи чыкпай жатканын маалымдашкан болчу. Ички иштер министрлиги былтыр жыл этегинде бул иш боюнча түшүндүрмө берген. Ага ылайык, “Градиент” фирмасы Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушуна жол куруу боюнча тендерди уткан. Бирок жасалган иштин баасы ашкере көтөрүлгөнүнө карабай, шаардык мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы жасалган ишти кабыл алган. Натыйжада өлкө казынасына 1 миллион сомдон ашуун зыян келген деп табылган. Андан сырткары бул фирма тендерди жол куруу техникалары жок утканы айтылган.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов козголгон кылмыш иштин негизинде аталган министрлик материал гана топтоп бергенин айтат:

- Кылмыш ишти Башкы прокуратура өзү эле козгогон. ИИМге берилген да эмес. ИИМдин коррупция боюнча иш козгоого укугу да жок. Биз тийиштүү документтерди гана өткөрүп бергенбиз. ИИМдин милдети ошондой кылмыштарды аныктап, тергөө үчүн керек болгон документтерди Башкы прокуратурага өткөрүп берүү. Калганы Башкы прокуратуранын иши.


Башкы прокуратура болсо ырасмий кат менен кайрылууну талап кылып, бул кылмыш иштин тергелиши боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

“Градиенттин” жетекчиси Эмир Сарпашев болсо бул кылмыш ишке анын ишканасынын тиешеси жок деп эсептейт:

- Бизди ИИМ текшерген жок. Бизди негизи эч ким текшерген жок. Бизде иштеген субъектти текшеришти. Биз алардын подрядчигибиз да. Ошолорго кылмыш иш козгоп атат. Анан азыр ИИМдин документтерин уурдап кетиптир деген жана дагы башка сөздөр чыгып жатат. Ал кылмыш иште биз жокпуз. Эми ошону бизге жабыштырып жатышат.


Тендер: коррупция жылчыктары жабылдыбы?

Кыргызстанда тендер өткөрүүнүн жол-жобосун Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы аныктап берет. Аталган башкармалыктын адиси Султан Шакировдун маалымдашынча, азыр ар бир мамлекеттик мекеме-министрлик тендерди өзү жарыялап, өзү өткөрөт. Эки жылдан бери атайын портал түзүлүп, тендер өткөрүү ачык-айкын өтүп калыптыр:

- Мамлекеттик сатып алуулар порталына болжол менен 2 миңдей сатып алуучу компания тендер өткөрөр алдында жарыясын жайгаштырат. Кызмат көрсөтүүбү, товарбы, жумушпу айтор кандай тендер болбосун, ал тууралуу маалыматтын баары ачык-айкын порталга жайгаштырылат. Мындан төрт жыл мурун мамлекеттик сатып алуу агенттиги иштеп турганда мындай система болгон эмес. Анда гезитке чыкчу. Азыр болсо бардык маалымат порталга чыгып, баары ачык өтүп жатат.

Тендерди өткөрүүдө электрондук системаны киргизүү мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун тушунда башталган. Экс-министр өзү баштаган иштер азыр ара жолдо калганын сынга алып жатат. Ал азыркы бийлик тендер өткөрүүдө коррупциялык ыкмалардан арылууну каалабайт деген ойдо:

- Мамлекеттик сатып алуу деген бюджеттеги эң чоң бөлүктөрдүн бири. Коррупция көп катталган бөлүк. Бюджеттин эсебинен 6 миллиард 300 миллион сомго чейин бир нерселер сатылып алынат. Ал эми өкмөттүк мекеме-ишканалардын баары 30 миллиард сомго чейин өздөрүнө керектүү нерселерди сатып алат. Ошонун планы башынан тарта эле Интернетте жарыяланып турушу керек эле. Анын мүнөздөмөсү, кандай баада, эмнеге муктаж экенин эл көрүп турушу керек эле. Ушундай механизм ишке ашышы керек эле, тилекке каршы бул жүзөгө ашпай жатат.


Кандай болсо да Тайырбек Сарпашев жана анын жакындарына таандык ишканалар боюнча иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу жакында Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлганы жатат.

Саясий коррупция

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев Тайырбек Сарпашевдин айланасындагы окуяларды өлкөдөгү саясий коррупциянын бир көрүнүшү катары айыптап жатат:

- Тилекке каршы ушул тушта биздин көп саясатчыларыбыз, айрыкча жооптуу мамлекеттик кызматта тургандар таза эмес болуп жатат. Мамлекеттик кызматка таза адамдар келмейинче биз айтып жаткан саясий коррупция менен күрөшө албайбыз. Өзүнө, туугандарына тиешелүү компанияларын жылдырып атса бул саясий коррупция деп эле аталат. Азыр көптөр “компаниясы буга чейин деле иштеп келбеди беле, буга чейин деле тендерлерге катышып келбеди беле, министр болсо эле компанияны жаап салышы керекпи”, деши мүмкүн. Жаппай эле койсун. Бирок мамлекеттик тендерге катышпашы керек. Жалпак тил менен айтканда мамлекеттик бюджетке, салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнө кол салбашы керек. Анткени саясий макамынан пайдаланды, өзүнүн компаниясын түрттү, жардам берди дегендей дооматка калышы мүмкүн. Ошондуктан ар кандай дооматтан таза болушу керек. Азыр биз муну бир адамдын тегерегинде гана айтып жатабыз. Биз болсо жалпы система жөнүндө ой жүгүртүп, жалпы система жөнүндө айтышыбыз керек.


Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардагы, тендер уюштуруп өткөрүүдөгү коррупциялык схемалардан улам өлкө казынасы миллиондогон сом чыгым тартат. Мамлекеттик жооптуу кызматта иштегендердин жакындары жана туугандары миллиондогон сомдук тендерлерди утуп алышы боюнча да талкуу көп.

Ал ортодо - 9-апрелде Жогорку Кеңеш саясий кызматтагы адамдарга жана алардын жакындарына тиешелүү компаниялардын мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Бул долбоорду сунуштаган депутат Дастан Бекешовдун маеги

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG