Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Жаңы түзүлчү орган коррупцияны тыябы?


Кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы өзүнчө дагы бир орган түзүү жагын караштырып жатат.

Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул орган паракорчулуктун кесепети менен эмес, аны алдын алуу боюнча иш алып бармакчы. Ал арада мындай демилгени сындагандар да бар.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталарын айткан.

Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун билдиришинче, коррупция боюнча дагы бир орган түзүү демилгеси 2013-2017-жылдарга белгиленген Өнүктүрүү стратегиясынын алкагында сунушталып жатат. Анда паракорчулукту тыюу боюнча программа бар:

- Коррупцияга каршы күрөш программасында эмне кылыш керек деген көп нерселердин ичинде мүмкүн келечекте, каражат болгондо, кийинчерээк коррупцияга каршы өзүнчө орган уюштуралы деген бир пункт бар. Бирок бул бүгүн эмес, эртең да эмес, эки-үч жылдан кийин деген программа.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева өкмөттүн өзүнчө орган түзүү демилгесин колдогондордун бири. Анын баамында, коррупциянын себептери изилденмейинче, кесепетин жоюудан пайда чыкпайт:

- Асанов, Үсөнов, же Петровду иштен алганда, же ишке койгондо маселе чечилбей жатпайбы. Коррупциялык схемалар калып жатат. Президенттин деңгээлинде деле “Ширшовдун схемасы” иштеп жатат деп айтылууда. Бул он жылга чейин деле иштей берет. Эгер ошол схемалардын бетин ачып, себептерин аныктап, мыйзамдарда жылчыкчалар барбы, же дагы башка себептери барбы коррупцияга каршы экспертиза жүргүзмөйүнчө анын баары иштей берет. Бажы кызматындагы бир эле мисал – Эркечтамда эле хронометраж жүргүзсөк, толтура маселе чыкмак.

Мамбеталиева күч органдарына караштуу кызматтар жетишээрлик деңгээлде ачык эмес экенин, мунун айынан паракорчулуктун алдын алуу натыйжалуу болбосун кошумчалады:

- Эгерде Коррупцияга каршы күрөш кызматы УКМКнын алдында түзүлбөй, мисалы, президенттин же дагы бир органдын алдында түзүлгөндө анда мүмкүн болчу. УКМК, биринчиден, тартип коргоочу орган, экинчиден, жабык мекеме. Коррупциянын алдын алуу дегенде жарандык коом, эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта болушу керек, башка аналитикалык борборлор менен чогуу иштеши зарыл.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев коррупция менен күрөшүү үчүн дагы бир орган түзүү демилгесин сынга алууда. Анын пикиринде, өкмөттүн коррупцияны тыюу иштери солгундап кетти:

- Мамлекеттин өзүндөгү, системасындагы жаракалар абдан чоң болгондуктан ошол жаракаларды бүтөп, азайтуу аракети соңку 1-1,5 жылдан бери көрүнбөй жатат. Реформа керек, текшерүүнүн санын азайтыш керек, мамлекеттик бийлик менен жеке компаниялардын бири-бири менен байланышын азайтышыбыз керек деген сөздөр айтылып, анча-мынча иштер болуп келген. Бирок азыркы өкмөттүн тушунда мындай иштер өтө эле төмөндөп кетти. Белгилүү коррупциялык окуялар, козголгон кылмыш иштер анчалык байкалган жок. Тескерисинче, ошондой негиз менен кармалган саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер соттон же акталып, же болбосо жетишсиз жаза алганы көрүнүп турат.

Антсе да өлкө жетекчилери коррупцияга каршы күрөш уланарын ишендирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” маегинде паракорчулукту тыюунун экинчи этабы башталарын айткан. Бирок кырдаалды оңой эмес деп баалаган:

- Кыргызстанда абал өтө оор экен. Ушунчалык оор илдет болуп кетиптир. Ууруларды камасак, анын ордуна жаңылары чыга берет экен. Ошондуктан азыр негизги максат - мамлекеттик мекемелерде уурдаганга шарт болбошу керек. Иштегени, акча которгону - бардыгы ачык болушу керек. Бирок биз да мына кыргызчылыкка алдырып жатабыз. Коррупция менен күрөшүү керек деп ар бир кыргыз айтат, бирок тууганынын, жакынынын мойнуна иш түшкөндө дароо баары кыйкырып чыгат. Андай болбошу керек да.

Кыргызстанда азыр коррупцияга каршы үч орган - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги жана Экономикалык кылмыштар менен күрөш кызматы иш алып барат. Аталган мамлекеттик кызмат 2012-жылы жазында мурунку Каржы полициясынын ордуна түзүлгөн.
XS
SM
MD
LG